Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 22-майындагы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

23-05-2023
14:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 22-майындагы

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж. К. Акаев, А. К. Мадумаров, Э. Р. Сатыбалдиев, Г. А. Кожокулова, Д. Д. Бекешев, С. А. Атамбаев, Ч. А. Айдарбеков тарабынан демилгеленген “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясын (кириш № 6-1621/23, 2023-жылдын 3-февралы) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

1. Мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарындагы, атап айтканда, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексиндеги карама-каршылыктарды четтетүү максатында иштелип чыккан.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкештиги:

-Мыйзам долбоорунун мазмуну билдирилген концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси;

-“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-“Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок (талап кылынбайт).

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 15-февралындагы кир. № 6-2379/23) тиркелет.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 15-февралындагы кир. № 6-2344/23) тиркелет.

Корутундуларда чагылдырылган сын-пикирлер Мыйзам долбоорунун текстин экинчи окууга даярдоодо эске алынат.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаровдон жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун алга жылдыруунун жана кабыл алуунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө корутунду түрүндө кат (2023-жылдын 20-апрелиндеги чыг. № 16-3168) келип түшкөн.

-«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык «Кыргыз Демир Эл аралык Банкы» Жабык акционердик коомунун укуктук жана уюштуруу иштери боюнча башкы менеджери Г. Кучеряваядан Мыйзам долбоорунун 3-пунктунун үчүнчү абзацынын талаптары интернетте веб-сайттарга жана/же веб-сайттын баракчаларына ээлик кылган юридикалык жактарга жайылтылбагандыгы жөнүндө тактоо киргизүү боюнча каты келип түшкөн.

7. Коомдук талкуулар жүргүзүлгөн учурда алардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык, Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган.

8. Фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин корутундусу тиркелет (кир. № 6-6981/23, 2023-жылдын 17-майы).

9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири, эгерде бар болсо:

-жок.

10. Комитеттин сунушу:

-Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана аны биринчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын.

2. Ушул Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ж.К. Акаевге жана Г. А. Кожокуловага тапшырылсын.

3. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына чакырылсын:

-Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

-Иманов Талантбек Орускулович - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министри;

-Ниязбеков Улан Омоканович - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

-Текебаев Тилек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри;

-Мамасадыков Рустам Алайбекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

-Орозов Бактияр Сайпидинович - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

-Кутнаева Нурия Асылбековна - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                       В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.