Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 22-майындагы
«Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17- мартындагы кир. № 6-4129/23 каты) тарабынан демилгеленген «Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы №243 “Кыргыз Республикасындагы билим берүү мекемелериндеги жогорку кесиптик билим берүүнүн потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндөгү” Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле, укуктук коллизияны жок кылуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдери менен шайкештикке алып келүү болуп саналат.
2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:
-ылайык келет.
Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилип, аталган статуска ылайык аларга кээ бир укуктар, алардын ичинде төмөнкүлөр берилген:
-бюджеттик эмес каражаттарды колдонуу үчүн казыналык системадан тышкары, мамлекеттин үлүшү менен коммерциялык банктарда банктык эсепти ачуу;
-билим берүү, консультативдик, илимий-изилдөөчүлүк, басма иши, өндүрүштүк-коммерциялык жана башка мыйзамда тыюу салынбаган ишмердүүлүктөн каражат түрүндөгү кирешени алуу жана аны жогорку окуу жайдын ишмердүүлүгүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багыттоо;
-төлөм аркылуу жүргүзүлгөн билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө ж.б. өз алдынча тарифтерди түзүү жана бекитүү;
-лицензия албастан, жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары боюнча билим берүү ишмердүүлүгүн ишке ашыруу;
-өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууга.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
-Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын кодекси;
-“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
-“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн 2023-жылдын 23-мартындагы кир. №6-4280/23 корутундусу (көчүрмөсү тиркелет);
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн 2023-жылдын 30-мартындагы кир. № 6-4570/23 корутундусу (көчүрмөсү тиркелет);
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн 2023-жылдын 28-мартындагы кир. № 6-4494/23 корутундусу (көчүрмөсү тиркелет).
6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу (2023-жылдын 17-апрелиндеги кир. № 6-5417/23).
-Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу (2023-жылдын 18-апрелиндеги кир. № 6-5741/23).
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундуларындагы белгиленген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) «Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;
2) «Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Иманалиев Каныбек Капашовичке жүктөлсүн;
3) Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына төмөнкүлөр чакырылсын:
-Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
-Абазбек уулу Расул - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
-Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
-Тургунбеков Канатбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
-Абдувапов Алтынбек Каныбекович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;
-Карыпбеков Улан Кадырсултанович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
-Абдрахманов Толобек Абылович - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;
-Чыныбаев Мирлан Койчубекович - И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
-Кудайбергенова Индира Орозбаевна - И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору;
-Нургазиев Рысбек Зарылдыкович - К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору;
-Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич - Ош мамлекеттик университетинин ректору.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева
Мыйзам долбоорунун материалдары.