Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин
2023-жылдын 22-майындагы
«Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-апрелиндеги кир. № 6-5069/23 каты) тарабынан демилгеленген «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
1. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн анын илимий жана илимий-техникалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу жана өнүктүрүү, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өнүгүшү жана иштеши үчүн зарыл шарттарды түзүү, илимий натыйжаларды өндүрүшкө киргизүү, ошондой эле илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү максатында даярдалган.
2. Билдирилген концепцияга мыйзам долбоордун мазмунунун ылайык келиши:
-ылайык келет.
Мыйзам долбоору менен илим жана илимий-техникалык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты так жөнгө салуу, илимий иштин субъекттеринин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин белгилөө, кызматкерлердин социалдык жактан коргоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана бекитүү, илимди жана илимий-техникалык ишти каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо сунушталат.
3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндө жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
4. Ишкердикти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:
-талап кылынбайт.
5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Укуктук камсыз кылуу жана ченемдик укуктук актыларды тутумдаштыруу бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 13-апрелиндеги кир. № 6-5281/23) көчүрмөсү тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 4-апрелиндеги кир. № 6-5879/23) көчүрмөсү тиркелет;
-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 4-майындагы кир. № 6-6452/23) көчүрмөсү тиркелет.
6. Эгерде андайлар болгон учурда, көзкарандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:
-жок.
7. Алар өткөрүлгөн учурда коомдук талкуунун натыйжасы боюнча сунуштар:
-жок.
8. Мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары.
-жок.
9. Комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири:
-жок.
10. Комитеттин сунушу:
Мыйзам долбоорун экинчи окууга даярдоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундуларындагы белгиленген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:
1) «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуусу сунушталсын;
2) «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында кароодо баяндама жасоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри К. К. Иманалиевге жүктөлсүн;
3) Ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына чакырылсын:
-Абазбек уулу Расул - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
-Дуйшеева Жибек Курманбековна - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
-Абдрахматов Канатбек Ермекович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;
-Тыналиева Бакыт Карыбековна – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы;
-Керимбаева Рахат Топчубаевна - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору.
Комитеттин төрагасы В. К. Раимбачаева