Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2023-жылдын 22-майындагы «2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Комитеттин КОРУТУНДУСУ (1-окуу)

23-05-2023
15:35

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин

2023-жылдын 22-майындагы

«2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык (2023-жылдын 24-апрелиндеги кир. №6-5890/23) «2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүнү белгилейт.

Мыйзам долбоорунун концепциясы: Мыйзам долбоордун максаты жана милдети Бишкек шаарында 2016-жылдын 11-мартында кол коюлган «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикалык Өнүктүрүү боюнча Кувейт Фондунун ортосундагы кредиттик макулдашуунун денонсациясы.

Макулдашууга кол коюлгандан баштап, Аткаруучу агенттиги долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүү, компетенттүү жетекчини тандоо (3 сынак жараксыз деп табылган), кадрлар менен камсыз кылуу (кадрларды тандоо боюнча эки конкурс), эки тараптын ортосунда туруктуу байланышынын жоктугу, Кувейт тарабы менен ар бир ишке ашыруу этабын макулдашуу сыяктуу бир катар уюштуруу жана байланыш мүнөзүндөгү кыйынчылыктарга туш болуп, бул ишке ашыруу убактысын бир кыйла узартууга алып келди.

Андан сырткары, доллардын баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу, товарлардын жана курулуш өнөр-жай жана медициналык жабдуу тармагында кызматтардын баасы көтөрүлүп, долбоордун сметасын рекалкуляциялоо зарылчылыгы пайда болуп  долбоордун баасынын айырмасын жабуу үчүн каражат табуу зарылдыгына алып келди. Долбоордун баасынын айырмасын жабуу үчүн бюджетте каражат жоктугун, долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү өтүп кеткенин эске алып, түзүлгөн жагдайда долбоорду мындан ары ишке ашырууну мүмкүндүгү жоктугуна Кувейт тарабынын макулдугу менен, ушул Макулдашууну денонсациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга шайкеш келиши:

-шайкеш келет.

3. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-“Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдер жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

4. Мыйзам долбооруна ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган регулятивдик таасир этүү талдоосунун жыйынтыгы боюнча сунуштар:

-жок.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыктары боюнча сунуштар:

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 3-майындагы кир. № 6-6370/23) тиркелет.

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (2023-жылдын 3-майындагы кир. № 6-6347/23) тиркелет.

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

-жок

7. Жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар, алар жүргүзүлгөн учурда:

-коомдук талкуу өткөрүлгөн жок.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

-жок.

9. Комитет мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

-жок.        

10. Комитеттин сунушу:

Комитеттин Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети төмөнкүдөй корутундуга келет:

1. «2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын жана Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешине биринчи окууда кабыл алуу сунушталсын.

2. Комитеттин ушул корутундусунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

Комитеттин төрагасы                                                                                                                                                             В. К. Раимбачаева

Мыйзам долбоорунун материалдары.