Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана жаңыдан түзүлгөн “Мүлк” мамлекеттик ишканасынын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 13-июнундагы чечими

19-06-2017
12:52

 

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик

мүлктү башкаруу боюнча фонддун жана жаңыдан түзүлгөн “Мүлк”

мамлекеттик ишканасынын иши жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын

пайдалануу боюнча комитетинин

2017-жылдын 13-июнундагы

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2016-жылдагы жана үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары – ММБФ) ишинин негизги багыты чарбалык коомдоштуктардын уставдык капиталындагы акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу болуп саналат. Азыркы учурда ММБФ 166 мамлекеттик ишкана менен ишти жүзөгө ашырып, 58 акционердик коомдорго катышат, алардын 11и стратегиялык болуп саналат.

2017-жылдын 1-январына карата ММБФнын маалыматына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 3 968,9 млн. сомду, анын ичинде акциялардын мамлекеттик пакетинин үлүшүнүн дивиденддеринен 2 284,7 млн. сомду, мамлекеттик ишканалардын кирешелери 484,9 млн. сомду, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү 56,0 млн. сомду, радиожыштыктарды ижарага берүү 1 061,4 млн. сомду, башка каражаттар – 81,9 млн. сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-августундагы № 352 тескемесин аткаруунун алкактарында 2016-жылдын 30-сентябрында 9 энергокомпания (“Түндүкэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Жалал-Абадэлектро”, “Ошэлектро”, “Электрстанциялары”, “Кыргызстандын улуттук электр тармактары”, “Чакан ГЭС”, “Кыргыз энергетикалык эсептешүү борбору”, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКлары) кайрадан түзүлгөн “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын менчигине өткөрүлүп берилген.

2017-жылдын 1-кварталында мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 331,2 млн. сомду (план боюнча 342,0 млн. сом), анын ичинде акциялардын мампакетинин дивиденддеринен түшкөн каражаттар 280,5 млн. сомду, мамлекеттик ишканалардын кирешелери 34,3 млн. сомду, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү 16,4 млн. сомду түзгөн.

2017-жылдын 31-майына карата мамлекеттик мүлктү башкаруудан түшкөн каражаттар 974,6 млн. сомду (план боюнча 960,7 млн. сом), анын ичинде акциялардын мампакетинин дивиденддери 884,1 млн. сомду, мамлекеттик ишканалардын кирешелери 62,3 млн. сомду, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү 28,2 млн. сомду түзгөн.

2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктары боюнча ММБФ 59 акционердик коомдордун акционери болуп саналат, алардын ичинен:

-38 акционердик коом өз ишин белгилеген тартипте жүзөгө ашырууда;

-5 акционердик коом жоюлуу процессинде турат;

-6 акционердик коом банкроттук процессинде турат;

-10 акционердик коом өз ишин токтотуп койгон.

2017-жылдын март айында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордо, атап айтканда финансы-кредиттик мекемелерде акционерлердин жылдык чогулуштары өткөрүлгөн. Анткени финансы-кредиттик мекемелерде акционерлердин жылдык чогулуштары 2017-жылдын 1-апрелине чейин өткөрүлүшү керек.

2016-жылы коомдордун финансы-чарбалык иштеринин жана алардын ишине мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарында бардык 5 финансы кредиттик мекемелер 2016-жылды киреше менен аяктаган.

Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар калган акционердик коомдор боюнча 2017-жылдын биринчи кварталынын ичинде алардын финансы-чарбалык иштеринин мониторинги жүргүзүлүп, башкаруу органдарынын отчёттору каралган. Алар боюнча 2017-жылдын апрелинде акционерлердин жылдык чогулушу өткөрүлгөн.

2017-жылдын биринчи кварталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун алдын ала отчёттору угулган. Алардын жыйынтыктары боюнча Фонд тарабынан көрсөтүлгөн ишканалардын андан аркы иштери боюнча төмөнкүдөй бир катар сунуштар даярдалган:

-19 АКны мамлекеттик менчикте сактап калуунун зарылдыгы;

-16 АКны менчиктештирүнүн зарылдыгы;

-3 АКны Улуттук энергохолдинге өткөрүп берүүнүн зарылдыгы.

Фонд тарабынан Өнүктүрүүнүн эл аралык ассоциациясы донорлордун Программалык көп тараптуу максаттуу фондунун каражаттарынан Европада жана Борбордук Азияда мамлекеттик финансыны башкаруу үчүн каржыланган “Мамлекеттик мүлктү башкарууну жакшыртуу” боюнча Бүткүл дүйнөлүк банктын гранттык долбоору бүткөрүлгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 375 токтому, Өкмөттүн 2014-жылдын 4-мартындагы № 62 тескемеси).

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-октябрындагы № 578 тескемеси менен Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ВАК) түзүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы “Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо, кайра баалоо жана эсепке алуу жөнүндө” № 553-VI токтомун ишке ашыруу боюнча Аракеттер планын иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылган.

Ошону менен эле катар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомунун 1-пункту менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2016-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоону, идентификациялоону жана кайра баалоону жүргүзүү тапшырылгандыгын белгилей кетүү керек. Бирок аталган иш азыркыга чейин бүткөрүлө элек жана ал анын акыр-аягына чейин качан бүткөрүлөөрү белгисиз.

Депутаттар жеке башкаруунун аткаруучу органынын кызмат ордуна же акционердик коомдордун коллегиалдуу аткаруучу органынын мүчөлүгүнө шайлоодо бир катар кемчиликтердин кетирилип жаткандыгына көңүл бурган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-декабрындагы “Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин, текшерүү комиссияларынын жана катчыларынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлер кадрынын резервин түзүүнүн жана пайдалануунун жаңы принциптери жөнүндө “№ 716 токтомуна ылайык жеке башкаруучу аткаруучу органдын кызмат ордуна же коллегиалдуу аткаруучу органдын мүчөлүгүнө шайлоо үчүн талапкерлер эгерде алардын иши коомдордун кадрлар резервдерине киргизилген адамдардын ичинен, же болбосо коомдордун ички документтеринде каралган тартипте ачык эл аралык сынактын жыйынтыктары боюнча директорлор кеңешин түзбөй туруп жүзөгө ашырылса директорлор кеңешинин мүчөлөрү же акционердик коомдор тарабынан киргизилет. Мында Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмегине киргизилген коомдордун жеке башкаруучу аткаруучу органынын кызмат ордуна же коллегиалдуу аткаруучу органдын жетекчилигине шайлоо үчүн талапкерлер тармактык мамлекеттик орган жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен мыйзамдарда белгиленген тартипте макулдашылат. Мында, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди сактабоо, ошондой эле коомдордун директорлор кеңешинин, текшерүү комиссияларынын жана катчыларынын мүчөлөрүн түзүүдө кадрлар резервинин жоктугун белгилей кетүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун иши жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Б. Казаковдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын материалдык жана материалдык эмес активдерин инвентаризациялоо, идентификациялоо жана кайра баалоо боюнча иштерди 2017-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө аяктасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине маалымат берсин.

3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

 

 

                    Комитеттин төрагасы                                                                           К. Рыспаев