“2016-жылдын сентябрынан тартып 2017-жылдын июлуна чейинки мезгилдин ичинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана
жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётунун долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2017-жылдын 5-сентябрындагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2016-жылдын сентябрынан тартып 2017-жылдын июлуна чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётун карап, төмөндөгүдөй чечимге келди:
1. 2016-жылдын сентябрынан тартып 2017-жылдын июлуна чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчёту жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясында аталган отчёт менен чыгып сүйлөө - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж. Рыспаевге тапшырылсын.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев