Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 31-октябрындагы чечими

09-11-2017
10:10

 

 

«2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын

экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө»

 

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

                           2017-жылдын  31-октябрындагы

                                                  

                                                      ЧЕЧИМИ

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 262 жана “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы токтомдорунун аткарылышы боюнча маалыматты карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бүткүл республика боюнча төмөнкүлөрдү даярдоо зарыл:

- таш көмүр 2,3 млн. тонна (бюджеттик мекемелер -240,9 миң тонна,  калк -1,074 млн.тонна, Бишкек шаарынын ТЭЦи -1,0 млн. тонна).

- жагылуучу мазут 43,56 миң тонна  (Бишкек шаарынын ТЭЦи -5,0 миң тонна, Ош шаарынын ТЭЦи -14,4 миң тонна, «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин объекттери  -23,5 миң тонна, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы - 0,57 миң тонна).

- жаратылыш газы -286,2 млн.куб.м, 2017-жылдын 9 айынын ичинде республикага 183 млн. куб. м жаратылыш газы келип түштү.

2017-жылдын 19-октябрына карата абал боюнча, бюджеттик мекемелер 116,7 миң тонна (82,5% учурдагы пландан), калк 622,9 миң тонна (118,6% учурдагы пландан) таш көмүр даярдады.

Комитет айрым бюджеттик мекемелер таш көмүр берүүнүн графигинен артта калып жатканын белгилейт, ошону менен бирге 2017-жылдын 19-октябрына карата абал боюнча, төмөнкүлөр берилди: Ички иштер министрлиги 1,263 миң тонна (31,8% жылдык пландан); Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министрлигине караштуу баштапкы жана орто кесиптик билим берүү Агенттиги 1,623 миң тонна (56,5% жылдык пландан); Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 0,843 миң тонна (35,4% жылдык пландан); Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы 0,839 миң тонна (23,4% жылдык пландан); Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматы 3,271 миң тонна (65% жылдык пландан). Калк боюнча артта калуу Ысык-Көл областында байкалат –21,3 миң тонна (25,4% жылдык пландан).

2017-жылдын 19-октябрына республика боюнча таш көмүрдү сатуунун 583 пункту иштеп жатат алардын наркы Түндүк регион боюнча – 2,5-5,5 миң сомду, Түштүк регион боюнча 1,5-6,0 миң сомду түзөт.

       Бишкек ТЭЦине 2017-жылдын 27-октябрына карата абал боюнча 261,2 миң тонна таш көмүр (30%) берилди, анын ичинде импорттук -115,01 миң тонна, кыргыз көмүрү -146,5 миң тонна (кара-кече -125,8 миң тонна, таш-көмүр -20,3 миң тонна.). Таш көмүрдүн калдыгы 256,3 миң тоннаны, жагылуучу мазут  4,8 миң тоннаны түзөт.

Комитет жалпы кубаттуулугу 300 мВт болгон Бишкек ТЭЦинин эки энергоблогу пайдаланууга берилгенине карабастан, ата-мекендик таш көмүрдү пайдалануунун көлөмү мурдагы деңгээлде калууда, өткөн жылытуу мезгилине салыштырмалуу көбөйтүү болгону 100,0 миң тоннаны (кыргыз көмүрү -550,0 миң тонна, казак көмүрү -450,0 миң тонна) түзөт деп өзгөчө белгилейт. Эске сала кетебиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (13.01.2011-ж. №98-V) менен 2011-2012-жылдардагы жылытуу мезгилинде ата-мекендик таш көмүрдү берүүнүн көлөмүн 400,0 миң тоннага чейин жеткирүү, ал эми 2013-жылга карата толук көлөмдө берүү милдети коюлган.

Ош ТЭЦине 10,8 миң тонна жагылуучу мазут (75%) берилди жана 2017-жылдын 27-октябрына карата абал боюнча калдык 14,8 миң тоннаны түздү.

«Кыргызжылуулукэнерго» МИ 2017-жылдын 16-октябрына карата абал боюнча 21,2 миң тонна көмүр (60,5% учурдагы пландан), 14,9 миң тонна жагылуучу мазут (139,2% учурдагы пландан) берилди. 72,5 млн. сомго 132 отказаны, 23,1 млн. сом суммасына 160,4 км жылуулук тармактары оңдолду.

2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 142,4 млн. сомду, кредитордук карыз 81,6 млн. сомду түздү.

«Бишкекжылуулукэнерго» КПга 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 5,76 миң тонна көмүр (144%учурдагы пландан) берилди, 22,58 млн.сомго оңдоо иштери жүргүзүлдү (61 от казаны). 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 27,131 млн. сомду түздү.

«Бишкекжылуулуктармак» ААКда 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча 94,054 млн. сомдук оңдоо иштери аткарылды.

Үй ичиндеги жылытуу тутумдарын жана ысык суу менен жабдууну техникалык тейлөөгө чыгымдар 65,799 млн. сомду (66,5%) түздү.

2017-жылдын 9 айынын ичинде «Бишкекжылуулуктармак» ААКнын тармагына 1,318 млн. Гкал жылуулук энергиясы келип түштү, ал жерде жоготуулар 354,2 миӊ. Гкал (26,9%) түздү. 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 177,26 млн. сомду түздү.

Комитет энергия менен жабдуучу уюмдардын керектөөчүлөр менен иштөөсү боюнча учурдагы көйгөйлөр жөнүндө белгилейт (ӨЭЖМКнын алдындагы «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин 24.10.2017-ж. №6-20526/17 кайрылуусу).

«Кыргызкөмүр» МИ 2017-жылдын январь-сентябрында катуу отунду казып алуунун көлөмү 998,3 миң тоннаны (Түндүк -395,0 миң тонна, Түштүк -603,3 миң тонна) түздү. Көмүр казып алуу боюнча өнөр жай продукциясынын көлөмү 1217,7 млн.сомду түздү.

Бүтүндөй алганда, республика боюнча өткөн жылга салыштырганда көмүр казып алуу 44,5 миң тоннага көбөйдү.

«Электр станциялары» ААК 2017-жылдын январь-сентябрында 10,725 млрд. кВтсаат (ГЭС-10,034 млрд. кВтсаат, ТЭЦ-690,6 млн. кВтсаат) электр энергиясын жана 1,433 млн. Гкал жылуулук энергиясын иштеп чыкты. 2017-жылдын 16-октябрына карата Өзбекстан Республикасына 1,136 млрд. кВтсаат электр энергиясы экспорттолду.

«Чакан ГЭС» ААК 2017-жылдын 9 айынын ичинде 147,3 млн. кВт саат электр энергиясын иштеп чыкты.

2017-жылдын 12-октябрына карата абал боюнча Токтогул суу сактагычында гидроресурстардын көлөмү 19,452 млрд.куб.метрди (2016-жылы -17,442 млрд.куб.метр) түздү.

«Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун алкагында үчүнчү гидроагрегатта трансформатор жана 500 кВ кабелдик линия алмаштырылды, экинчи гидроагрегатта жабдууларды алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат, ал жерде пайдаланууга берүү 2017-жылдын 15-ноябрына пландаштырылган.

Бишкек ТЭЦинде 2017-жылдын 30-августунда жалпы кубаттуулугу 300МВт болгон эки энергоблокту ишке киргизүү жүзөгө ашырылды, ал республиканын түндүгүндө күз-кыш мезгилинде керектөөнүн максимум электр кубаттуулук резервине ээ болууга мүмкүндүк берет.

«Кыргызстан УЭС» ААКнын тармагына 2017-жылдын январь-сентябрында 10,426 млрд.кВтсаат (97,2%) электр энергиясы келип түштү.

2017-жылдын 8 айынын ичинде электр энергиясын техникалык жоготуу 539,756 млн. кВтсаатты (5,67%) түздү жана жоготуулардын абсолюттук чоңдугу 89,826 млн. кВтсаатка көбөйдү, электр жабдууларын жана электр берүү линияларын (ВЛ110-500кВ) 220 өчүрүү катталды жана 194,93 миң кВтсаат электр энергиясы жеткирилген жок.

2017-жылдын 1-сентябрына карата суммалык кубаттуулугу 25 МВА эки трансформатор (ПС 110кВ «Ново-Южная», «Мамбетов») пайдаланууга берилди жана 114,9 км электр берүү линиясын (ВЛ 110кВ) баштан-аяк оңдоо аяктады.

2017-жылдын январь-сентябрында бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (мындан ары – БЭК) тармагына 8,079 млрд. кВтсаат (2016-ж. -7,175 млрд. кВтсаат) электр энергиясы келип түштү. Товардык продукция 9,536 млрд. сомду (2016-ж. -8,249 млрд.сом) түздү. БЭК тармактарында электр энергиясын жоготуу 990,1 млн. кВтсаатты 12,3% түздү план боюнча 11,9%.

Комитет 2017-жылдын 9 айынын ичинде төмөнкүдөй БЭКтер; «Чыгышэлектро» 1,0% план боюнча 12,9%, «Түндүкэлектро» 0,4% план боюнча 118%, “Жалалабатэлектро”0,2% план боюнча 11,1% ААКлар жоготууларга жол бергенин белгилейт.

2017-жылдын 1-октябрына карата БЭКтердин дебитордук карызы 1,326 млрд. сомду түздү жана 2017-жылдын башынан тартып 461,7 млн. сомго (25,8%) азайды, анын ичинде калк боюнча 354,0 млн. сомго (39,4%) азайды жана 544,2 млн. сомду түздү.

Комитет бюджеттик уюмдардагы дайыма төлөбөй коюулар жөнүндө белгилейт, аларда 2017-жылдын 1-октябрына карата абал боюнча дебитордук карыз 309,1 млн. сомду,  анын ичинде республикалык бюджет      -114,3 млн. сом, жергиликтүү бюджет -72,5 млн. сом, «Кыргызжылуулукэнерго» МИ -30,7 млн. сом жана Ош шаарынын «Жылуулукжабдуу» МП - 90,9млн. түздү.

 Бюджеттик уюмдар боюнча «Ошэлектро» ААКда 129,7 млн.сом жана «Түндүкэлектро» ААКда 75,1 млн.сом жогорку дебитордук карызга жол берилген(01.10.2017-ж).

2017-жылдын 8 айынын ичинде БЭК тармактарында 3961 өчүрүү болуп өттү жана 2016-жылга салыштырганда 750 өчүрүүгө (15,9%) азайган.

«Түндүкэлектро» ААК кошпогондо, 2017-жылдын апрель-августунда керектөөчүлөрдүн бардык категориялары электр энергиясын керектөөнүн лимиттеринен ашып кетти.

«2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын даярдыгы жөнүндө» 2017-жылдын 10-майындагы № 262 жана “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-октябрындагы токтомдорунун аткарылышынын  жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү берген маалыматты эске алып, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. 2017/2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын отун-энергетика комплексинин ишканаларынын, экономика тармактарынын жана калкынын даярдонун жүрүшү жөнүндө маалымат эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

-министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары отун даярдоонун графигин аткарышын, электр энергиясын жана кубаттуулуктарды керектөөнүн белгиленген лимиттеринин сакташын, керектеген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн карызды өз учурунда тындырышын камсыз кылсын;

-ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгымдардын ар айдагы финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө үчүн «2017-жылга республикалык бюджет жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансылык каражаттарды өз учурунда бөлүүнү камсыз кылсын;

-энергия менен жабдуучу ишканалар туумду чегеришине жол бербөө максатында коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр беренеси боюнча бюджеттик мекемелерге финансылык каражаттарды толук көлөмдө бөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энерегетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети:

-2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинде энергетика тутумунун туруктуу ишин жана керектөөчүлөрдү электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз жабдууну камсыз кылсын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №262 токтомуна ылайык Ысык-Көл регионунун калкы үчүн таш көмүрдү өз учурунда берүү боюнча чараларды кечиктирбестен көрсүн;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы №319 токтомуна ылайык «Кыргызжылуулукэнерго» МИнин электр казандарын отундун альтернативдүү түрүнө (таш көмүр, жаратылыш газы) которуу боюнча ишти туруктуу жүргүзсүн.

4. «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК:

-Борбордук Азиянын бириккен энергетикалык тутумунун курамында республиканын энергия тутумунун туруктуу удаалаш иштешин камсыз кылсын;

-электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдү авариялык өчүрүүгө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрсүн;

-керектеген электр жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик уюмдар жана калк толук көлөмдө акы төлөшүн камсыз кылсын;

- энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана электр, жылуулук энергиясынын жоготууларын кыскартуу боюнча максатка багытталган ишти туруктуу негизде жүргүзсүн;

-ата-мекендик көмүр кендеринен Бишкектин ТЭЦине таш көмүрдү берүүнүн көлөмүн көбөйтсүн жана Казакстан Республикасынан берүүнүн көлөмүн ченемдердин чегине чейин кыскартсын;

5. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Исаков С.Дж. баяндамачы болуп аныкталсын.

6. Комитеттин ушул чечиминин аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

                     Комитеттин төрагасы                                                                                   К. Рыспаев