Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу долбоорун (“Чыгыш электр” ААКсынын калыбына келтирүү долбоору) жана “Чыгыш электр” ААКсынын Калыбына келтирүү долбоору үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюмдаштыруучуларынын Атайын фондунун каражаттарынан берилип жаткан инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, “Чыгыш электр” ачык акционердик коому жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2017-жылдын 14-ноябрындагы чечими

20-11-2017
10:09

 

 

 

Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу долбоорун (“Чыгыш электр” ААКсынын калыбына келтирүү долбоору) жана  “Чыгыш электр” ААКсынын Калыбына келтирүү долбоору үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюмдаштыруучуларынын Атайын фондунун каражаттарынан берилип жаткан инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, “Чыгыш электр” ачык акционердик коому жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоорун жактыруу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин

2017-жылдын 14-ноябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу долбоорун (“Чыгыш электр” ААКсынын калыбына келтирүү долбоору) жана  “Чыгыш электр” ААКсынын Калыбына келтирүү долбоору үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюмдаштыруучуларынын Атайын фондунун каражаттарынан берилип жаткан инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, “Чыгыш электр” ачык акционердик коому жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоорун карап чыгып төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Сунушталып жаткан 6 млн евролук инвестициялык программа Түп жана Жети-Өгүз РЭТ өз ичине камтыган 32 миң даана индукциялык эсептегичти заманбап ЭКЭАМӨС эсептегичтерине алмаштырууга,  0,4 кВ аба линияларын жалпы узундугу 258 км түзгөн өзүн көтөрүп жүрүүчү изоляцияланган электр зымына алмаштырууга,  35/10 кВ эки көмөкчү чордонун реконструкциялоого, ошондой эле эскилиги жеткен жабдууну жарым-жартылай алмаштырууга жумшалат.

ЕРӨБ 6 млн евро каражатын төмөнкү шарттар менен берүүдө:

•  Кредит – 4 млн евро;

•  Грант – 2 млн евро;

•  Техникалык көмөк көрсөтүү фонду – конультанттарды тартууга 1 млн евро;

•  Кредитти берүү мөөнөтү – 15 жыл;

•  Жеңилдетилген мезгил – 3 жыл;

•  Пайыздык коюм – EURIBOR+1%;

•  Кредит берүүгө бир жолу түзүлүүчү комиссия - 1%;

•  Каражаттарды резервге калтырууга комиссия – 0,5%.

Бул каражаттар белгиленген тартипте “Чыгыш электр” ААКсына кайра кредитке берилерине байланыштуу, аталган макулдашууларды ишке ашыруу мамлекеттин бюджетинен кошумча каражат талап кылбайт.

Ошону менен бирге Комитет Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна төмөнкүдөй олуттуу сын-пикирлер бар экенин белгилейт.

Алсак, Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлорунун тексттеринде «Банк үчүн алгылыктуу», «Банктын кароосу боюнча», «Банктын талаптарын канааттандыруучу» деген туюндурмалар бар.

Бирок банк үчүн Макулдашуунун тигил же бул шарттарынын алгылыктуулугунун критерийлерин аныктоонун жоктугунан улам буга окшогон туюндурмалар Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына жооп бербөөчү шарттарды түзүшү мүмкүндүгүн белгилөө зарыл.

Ушуга байланыштуу жогорудагы туюндурмаларды камтыган долбоордун жоболорун алып салуу зарыл.

Кредиттик макулдашуунун долбоору боюнча сын-пикирлер:

- долбоордун 3.01-бөлүмүнүн «i» пункту боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тутуму өкмөттүк жана муниципалдык департаменттерди жана ведомстволорду камтыбагандыгын белгилейбиз.

- долбоордун 5.01-бөлүмүнүн «g» пунктунда Долбоордук компаниянын Уставы ким тарабынан күбөлөндүрѳлөөрүн, ал эми «i» пунктунда кайсыл мезгилден тартып иштин алты айлык мөөнөтү эсептелээрин тактоо керек.

Гранттык макулдашуунун долбоору боюнча сын-пикирлер:

7.02-бөлүмүнүн «d» пункту боюнча мамлекеттик органдардын кызматтык пайдалануусу үчүн документтер, ошондой эле купуя мүнөздөгү маалыматтарды камтыган документтер жана башка жашыруун маалыматтар жайылтууга жатпагандыгын көңүлгө алуу керек.

Долбоордун 7.03-бөлүмү боюнча Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги юридикалык корутунду берээрин, анын формасы жана мазмуну министрлик тарабынан аныкталарын белгилейбиз.

Ошондой эле ушул бөлүм боюнча корутундуда Юстиция министрлиги мыйзам долбоорунда белгиленген талаптарды далилдөөгө ыйгарым укуксуз экенин белгилейбиз. Мында Юстиция министрлиги ага ылайык макулдашууга кол коюлган тиешелүү ченемдик укуктук актыларга шилтеме гана келтире алат.

Ушуга байланыштуу 7.03-бөлүмүнүн редакциясын баяндалгандарды эске алуу менен кайра карап чыгуу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналгандыктан, расмий тил катары орус тили колдонулгандыктан жана долбоор расмий тилде сунуш кылынгандыгын эске алып, долбоордун 8.04-бөлүмүндө Макулдашуунун корутундусун, анын ичинде мамлекеттик же расмий тилде, ошондой эле макулдашуулардын текстеринин юридикалык стили жана Макулдашууну чечмелөөдө келип чыккан талаш-тартыштардын учурунда басым жасалган тил жѳнүндѳ жобону кайра кароо максатка ылайыктуу.

Мындан тышкары, ченемдик укуктук актыларда которулган документтерди чет тилде бекитүү жана күбөлөндүрүү каралган эмес.

Ушуга байланыштуу 8.04-бөлүмдө котормолорду англис тилинде күбөлөндүрүү жана бекитүү алып салынсын.

Долбоордун 8.05-бөлүмү Кыргыз Республикасы Банкты, анын кызмат адамдарын, кызматкерлерин, агенттерин жана кызматчыларын жоопкерчиликтен бошотууга жана жоопкерчиликтин кандай болбосун түрлөрүнө, жоготуулардын ордун толтурууга милдеттендирүүгө тартпоого милдеттенгендигин карайт.

Бирок бул жоболор алар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана өздөрүнүн милдеттенмелерин бузган учурда, жогоруда көрсөтүлгөн субъекттерди жоопкерчиликке тартууда Кыргыз Республикасынын укугун чектейт.

Ошондой эле макулдашуулардын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сын-пикирлери бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү министрликтердин жогоруда көрсөтүлгөн сын-пикирлерине ылайык жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөндөгүдөй чечимге келди:

 

1. Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу долбоору (“Чыгыш электр” ААКсынын калыбына келтирүү долбоору) жана  “Чыгыш электр” ААКсынын Калыбына келтирүү долбоору үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюмдаштыруучуларынын Атайын фондунун каражаттарынан берилип жаткан инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, “Чыгыш электр” ачык акционердик коому жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу долбоору жалпысынан жактырылсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сын-пикирлерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

 

3. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетине жиберилсин.

 

 

                      Комитеттин төрагасы                                                             К. Рыспаев