“Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк филиалдарына жетекчилик кылуу боюнча иш-аракети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 7-мартындагы чечимин аткаруунун жүрүшү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинин
2017-жылдын 14-ноябрындагы
ЧЕЧИМИ
“Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк филиалдарына жетекчилик кылуу боюнча иш-аракети жөнүндө” Комитеттин 2017-жылдын 7-мартындагы чечимин аткаруунун жүрүшү жөнүндө “Кыргызалтын” ААКнын башкармасынын төрагасы А.М.Алимбековдун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитети төмөндөгүлөрдү тастыктайт.
2017-жылдын 9 айында “Кыргызалтын” ААКсынын ишканаларында 205,8 килограмм алтын эритмендисин жана катоддук уютундусун өдүрүлгөн.
2017-жылдын январь-сентябрь айларында товардык продукцияны чыгаруунун көлөмү “Макмалалтын” комбинатынын филиалы боюнча планга карата 95,6%, 2016-жылга салыштырганда өндүрүштүн көлөмү 122,7 % түздү.
Мында:
- алтынга баанын 1,7% (план боюнча 2732,81 сомдун ордуна факт боюнча 2779,77 сом/грамм) өсүшүнүн эсебинен товардык продукциянын көлөмү 7377,7 миң сомго көбөйдү;
- металлды чыгаруунун көлөмүнүн 4,4% (План 164,407 кг., факт 157,1056 кг.) төмөндөшүнүн эсебинен 19953,3 миң сом суммасына товардык продукция чыгаруу камсыз кылынган жок.
2017-жылдын 9 айында өндүрүштүк эмес чыгашаларды жана салыктык чегерүүлөрдү эске алуу менен, “Макмалалтын” комбинатынын өндүрүшүндөгү чыгаша 123,92 млн. сомду түздү.
“Терексай кени” филиалы – 9 айда 1,47 млн. сом чыгаша менен чыкты.
“Солтон-Сары кени” филиалы - 2017-жылдын 9 айында 10,93 млн. сом киреше менен чыкты.
“Аффинаждоо заводу” филиалы - 2017-жылдын 9 айында 154,75 млн. сом киреше менен чыкты.
Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү “Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө” 2001-жылдын 25-майындагы № 249 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2016-жылдын 19-февралында № 79 токтомун кабыл алган, анда жерди эсепке алуу документтерине жана Кылдоо кен чыккан жери боюнча жерлерди трансформациялоо үчүн 75 гектар афнтты Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлерин пайдалануу укугуна укукту күбөлөндүрүүчү документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ушул токтому ушул убакка чейин аткарылбаган бойдон калууда.
Доре эритмесин алуу менен алтын камтыган концентраттарды кайра иштетүү боюнча алтын казып алуучу фабриканы куруу үчүн “Макмалалтын” комбинатынын, “Джи Эл Макмал Девелопинг” ЖЧКсынын аймагында “Макмалалтын” комбинатынын уулуу заттарды көмүүчү негизги жайында болгон уулуу заттарды кайра иштетүү үчүн 2015-жылы КЭРден инвесторлорду тартуу менен “Кыргызалтын” ААКсы менен кызматташуу боюнча тиешелүү Келишим түздү.
2017-жылдын сентябрында “Макмалалтын” комбинатынын аймагында алтын казып алуучу фабриканын курулушу башталды, курулуштун аякташы 2018-жылдын биринчи кварталына белгиленген.
Бүгүнкү күндө “Макмалалтын” кен чыккан жеринде пайдалуу кендердин запасы түгөндү жана комбинат жабылуу коркунучу алдында турат. Тиешелүүлүгүнө жараша ишкананын минералдык-сыреолук базасын толуктоо проблемасы да курч турат. Эгерде комбинатты кризистик кырдаалдан чыгаруу боюнча чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, анда райондо социалдык чыңалуу татаалдашы мүмкүн.
Дагы бир “Кыргызалтын” ААКсынын өндүрүштүк филиалы болуп “Терексай кени” саналат.
“Терексай кени” филиалын мындан ары өнүктүрүү максатында 2015-жылдын 30-сентябрында “Кыргызалтын” ААКсы менен “Эти Бакыр” турциялык компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Мемарандумга кол коюлган, ал “Дженгиз Холдинг” турциялыкири холдингдин туунду компаниясы болуп саналат. Мемарандумга ылайык “Кыргызалтын” ААКсынын уставдык капиталындагы - 25% жана “Эти Бакыр” АКсынын уставдык капиталындагы - 75% катышуу үлүшү менен жоопкерчилиги чектелген коом формасында “Эти Бакыр Терексай” БИ түзүлгөн.
Ушул убакка чейин Компания 46,0 млн. АКШ доллары суммасында инвестиция кошту.
Комитет 2016-жылдын 27-сентябрында көчмө жыйналышында “Алтынкен” ЖЧКсын өнүктүрүүнүн абалы жана келечеги жөнүндө” маселени карап, ишкананын токтоп турбастан иштөөсүн айтып чыккандыгын белгилөө керек (“Алтынкен” ЖЧКсында үлүштүн 60 пайызы “ЦзиЦзин”тоо-кен казып алуукорпорациясына жана 40 пайызы “Кыргызалтын” ААКсына таандык).
Ал эми технология менен байланышкан проблемаларды чечүүгө “Алтынкен” ЖЧКсына, “Кыргызалтын” ААКсына 2017-жылдын 5-июнуна чейин убакыт берилген:
- концентратты өлкөнүн чегинен тышкары алып чыкпастан, концентратты комбинатта кайра иштетүү маселесин чечүүгө;
- эл аралык аудитордук компанияларды тартуу менен ТЭНде бекитилген комбинаттын курулушуна сарптоолордун аудитин жүргүзсүн (баштапкы техникалык-экономикалык негиздеме боюнча анын наркы 183 млн. АКШ доллары суммасында аныкталган, ал эми ишкананы курулушуна 246,3 млн. АКШ доллары инвестицияланган.
Жогоруда баяндалгандын негизинде: Комитет төмөнкүдөй ч е ч и м кабыл алды:
1. “Кыргызалтын” ААКнын өндүрүштүк филиалдарына жетекчилик кылуу боюнча иш-аракети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казнасын пайдалануу боюнча комитетинин 2017-жылдын 7-мартындагы чечимин аткаруу боюнча “Кыргызалтын” ААКнын иши канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- “2001-жылдын 25-майындагы № 249 “Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мамлекеттик табигый жаратылыш паркын жана Нарын областынын Нарын районунда Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын уюштуруу жөнүндө” 2016-жылдын 19-февралындагы № 79 токтомунун аткарылышына жетишсин.
- “Кылдоо” жана “Миң теке” кен чыккан жерлерди трансформациялоо маселесин чечсин;
- негизги өндүрүш филиалдарындагы корлордун азайышына байланыштуу “Кыргызалтын” ААКна минералдык чийки – зат базаларынын толтурулушуна көмөктөшсүн;
- областарлардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана ички иштер башкармалыктары пайдалануучу кендерди мыйзамсыз казып алып жатышкан “кара кен казуучулар” менен күрөшүүнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү милдеттендирилсин.
3. “Кыргызалтын” ААКсы, “Алтынкен” ЖЧКсы:
- “Макмал” кенине өз каражаттарын салууга каалоосун билдире турган инвесторлорду табуу жана тартуу, аларга бардык зарыл шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- алтын казып алууну жана Доре эритмесин алууну көбөйтүү боюнча технологиялык чечимдерди издөө боюнча иштерди улантсын;
- эл аралык аудитордук компанияларды тартуу менен ТЭНде бекитилген комбинаттын курулушуна сарптоолордун аудитин жүргүзүү маселесин тездетсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, “Кыргызалтын” ААКсы жана “Алтынкен” ЖЧКсы бул чечимдин аткарылышы жөнүндө 2018-жылдын 12 - июнуна карата Комитетке маалымат берсин.
5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев