Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергкомпанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2017-жылдын 14-ноябрындагы чечими

20-11-2017
11:08

 

 

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергкомпанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI токтомунун аткаруу мөөнөтүн узартуу  тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин

2017-жылдын 14-ноябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК-нын (мындан ары “УЭХК” ААК) энергокомпанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын  5-апрелиндеги № 1478-VI токтомун аткаруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 16.10.2017-жылы № 13-446/15 маалымат берди.

Өкмөт азыркы учурда “УЭХК” ААК тарабынан Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен бирге 2017-2019-жылдарга электр энергиясын эсепке алуу каражаттарын модернизациялоо программасын каржылоо маселесин жаңыдан иштеп чыга баштагандыгын маалымдайт.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы “Түндүк электр” ААК тарабынан кытайлык ZTE корпорациясынан жалпы суммасы  6 млн. АКШ долларына ЭКЭАТ байланыш системасынын жабдууларын монтаждоону жана ишке киргизүүнү кечиктирүү фактысы боюнча “Түндүк электр” ААКнын кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан кылмыш иши козгогондугу жөнүндө 10.10.2017-жылы № 11/1-139-17 маалымат берген. Азыркы учурда бул иш боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

Жогоруда баяндалгандарга караганда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомундагы милдеттерди аткаруу үчүн кыйла узагыраак мөөнөт талап кылынат.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде документтер иштөө боюнча Нускаманын 6.5. пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети төмөндөгүдөй чечимге келди:

 

1. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК-нын энергокомпанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI токтомун аткаруу мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.

 

2. Ушул токтомдун аткаруу мөөнөтүн 2018-жылдын 31-декабрына чейин узартуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А. С. Өмүрбековадан өтүнүлсүн.

 

 

                          Комитеттин төрагасы                                                                     К. Рыспаев