Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин
2018-жылдын 30-январындагы
Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жөнүндө
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министри А. А. Шадиевдин, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын (мындан ары – Улуттук энергохолдинг) ашкармасынын төрагасы А. Р. Калиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өткөн жылдын күз айларында энергетиктердин алдыдагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө ишенимдүү рапорт беришкендигин тастыктайт.
Бирок үстүбүздөгү жылдын 26-январында Бишкек шаарынын ЖЭБинде олуттуу авария болду.
Улуттук энергохолдингдин маалыматынан көрүнүп тургандай станцияда иштеп турган жабдуулардын курамы, авариянын алдында, төмөнкүдөй болгон:
- буу казан агрегаттары 9 (анын ичинде бирөө жаңы), 5 турбогенератор (анын ичинде бирөө жаңы) иштеген;
- 6 буу казан агрегаты (анын ичинде бирөө жаңы), 4 турбогенератор (анын ичинде бирөө жаңы) резервде болгон.
Негизги жүк эски жабдууларга туура келген.
Авариянын кесепетинен саат 17.50. тогуз буу казандын алтоо өчүрүлгөн. Жүк 340 МВтдан 154 МВтга чейин төмөндөтүлгөн.
Өлкөнүн борбору жылытуусуз калды. Шаардыктардын үйлөрүнүн батареялары тезинен тоңо баштады. Бишкек шаарынын бөлүгү электр жарыгы жок калды.
Мындай ири авариялар мурда да болгон. Мисалга, Токтогул ГЭСиндеги авариялар. Бирок кызмат адамдарынын күнөөлүүлөрү анда жоопкерчиликке тартылышкан эмес.
Күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан көзөмөлдүк жана контролдук чаралар жетишсиз кабыл алынганын белгилеп кетүү керек.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети төмөнкүдөй чечти:
1. 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө олуттуу кемчиликтердин кетирилгендиги белгиленсин.
2. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсына (А. Р. Калиев), “Электр станциялары” ААКсына (У. А. Кыдырбаев) Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин четтетүү боюнча тез арада чараларды көрүү милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Бишкек шаарынын ЖЭБинде күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө аварияга алып келген олуттуу кемчиликтерге жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо тапшырылсын.
4. Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авариянын фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы кылмыш ишин козгогондугун, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бул чукул окуяны текшерүү жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу маалымат эске алынсын.
Жогоруда көрсөтүлгөн органдар көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул чечимди контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетине жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев