“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы №2191-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси
жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2018-жылдын 27-февралындагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы №2191-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени карап чыгып, төмөнкүдөй ч е ч и м г е келет:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20, 62 жана 63-беренелерине ылайык “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-январындагы №2191-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1- пунктунда:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Дыйканбаев К.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү”.
2. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын кароосуна киргизилсин.
3. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетине жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев