Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2018-жылдын 24-апрелиндеги корутундусу

02-08-2018
10:06

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси

жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2018-жылдын  24-апрелиндеги

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын   31-январында №71 менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети биринчи окууда карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Ушул долбоордун максаты Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви категориясын алыпсалуу жолу менен, жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жерлерди жөнгө салуудагы так эместиктерди жоюу болуп саналат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында Пайдалуу кен чыккан жерлердин мамлекеттик резерви категориясына кирген жер участоктор жок. Сунушталып жаткан өзгөртүү жер казынасын пайдалануучулардын ишине да, мамлекетке да эч кандай таасир этпейт.

Мыйзамдын долбоору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын 22-беренесинин талаптарына ылайык, коомдук талкуу үчүн  2017-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган.

Мыйзамдын булл долбооруна юридикалык бөлүмдүн (2018-жылдын 19-февралындагы №6-3297/18), экспертизалардын адистештирилген түрлөрүнүн бөлүмүнүн  (2018-жылдын 14-мартындагы №6-4887/18), укуктук экспертиза бөлүмүнүн (2018-жылдын 6-мартындагы №6-4490) корутундулары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн корутундусу   (2018-жылдын  20-февралындагы №6-3378/18)  бар.

Мыйзамдын булл долбоорун кабыл алуу социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди алып келбейт, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылык сарптоолорду талап кылбайт.

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык келет, юридикалык техниканын талаптарына ылайык даярдалган.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Комитет төмөнкүдөй к о р у т у н д у г а келет:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 31-январында №71 менен киргизилген «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы негиз катары кабыл алынсын.

 

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине (А.К.Назаров) жиберилсин.

 

 

                                                            Комитеттин  төрагасы                                            К.Рыспаев