Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2018-жылдын 8-майындагы корутундусу

02-08-2018
13:01

 

«Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2018-жылдын 8-майындагы

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 93 токтому менен демилгеленген «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү тастыктайт.

Ушул «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдолбоор имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатында мамилелерди регламенттөөчү «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы кенемтелерди четтетүү максатында иштелип чыкты.

Мыйзам долбоордун милдеттери буу казандардын энергетикалык натыйжалуулугун, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо, имараттардын энергетикалык натыйжалугу жаатында мамлекетик реесстрдин тартиби жана аны киргизүү боюнча «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү болуп саналат. Имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана буу казандардын энергетикалык натыйжалуулугун, имараттарды жылытуу жана ысык суу менен жабдуу системаларын мезгил-мезгили менен контролдоо боюнча адистер үчүн квалификациялык сертификациялоо тартибин регламенттейт.

Бул мыйзамдолбоорду кабыл алуу терс социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди жана өзү менен кошо республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды да алып келбейт. Мыйзам долбоорго регулятивдик таасир этүү талдоосу жүргүзүлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуну кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-февралындагы № 93 токтому менен демилгеленген «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын.

2. Комитеттин ушул корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

                                               Комитеттин төрагасы                                                                 К. Рыспаев