Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Бишкек шаарында 2017-жылдын 7 декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2018-жылдын 8-майындагы корутундусу

02-08-2018
13:06

 

 

«Бишкек шаарында 2017-жылдын 7 декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин

2018-жылдын 8-майындагы

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 162 токтому менен жактырылган «Бишкек шаарында 2017-жылдын 7 декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун  карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт:

2017-жылдын 7 декабрында Кыргыз Республикасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда “Чыгыш электр” ААКсын калыбына келтирүү үчүн кредиттик жана грантык макулдашууларга кол коюлган.

Макулдашуунун негизинде ЕРӨБ 6 млн евро каражатын төмөнкү шарттарда берет:

•  Кредит – 4 млн евро;

•  Грант – 2 млн евро;

•  Кредитти берүү мөөнөтү – 15 жыл;

•  Жеңилдетилген мезгил – 3 жыл;

•  Пайыздык коюм – EURIBOR + 1%;

•  Кредит берүүгө бир жолу түзүлүүчү комиссия – 1%;

•  Каражаттарды резервге калтырууга комиссия – 0,5%.

Мындан тышкары долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасына долбоорду ишке ашырууга жана корпоративдик өнүктүрүү программасын киргизүүгө колдоо көрсөтүү түрүндө 1 млн еврого жакын техникалык жардам көрсөтүлөт.

Сунушталып жаткан 6 млн евролук инвестициялык программа 32 миң даана индукциялык эсептегичти заманбап ЭКЭАМӨС (электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган маалыматтык-өлчөгүч системасы) эсептегичтерине алмаштырууга,  0,4 кВ аба линияларын жалпы узундугу 258 км болгон өзүн көтөрүп жүрүүчү изоляцияланган электр зымына алмаштырууга, 35/10 кВ эки көмөкчү чордонун реконструкциялоого, ошондой эле эскилиги жеткен жабдууну жарым-жартылай алмаштырууга жумшалат.

Бул каражаттар белгиленген тартипте “Чыгыш электр” ААКсына кайра кредитке берилгенине байланыштуу, аталган макулдашууларды ишке ашыруу мамлекеттин бюджетинен кошумча каражат талап кылбайт. Ошондой эле акча каражатын кайтарып берүү ЭКЭАМӨС системаларын киргизип, электр энергиясынын жоготууларын кыскартуунун эсебинен жүзөгө ашыруу болжолдонууда. Макулдашууда каралган иш-чаралар “Чыгыш электр” ААКсы тарабынан ишке ашырылат.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети төмөнкүдөй корутунду кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 162 токтому менен жактырылган «Бишкек шаарында 2017-жылдын  7 декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну («Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору) жана Кыргыз Республикасынын, «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын уюштуруучуларынын атайын фондунун каражаттарынын эсебинен «Чыгыш электр» ачык акционердик коомун реабилитациялоо долбоору үчүн берилүүчү инвестициялык грант боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

 

2. Комитеттин бул корутундусу эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча Комитетине жиберилсин.

 

 

                   Комитеттин төрагасы                                                                 К. Рыспаев