Долбоор
биринчи окууда кабыл алынган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана
жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы
К О Р У Т У Н Д У С У
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 токтому менен жактырылган жана биринчи окуудан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган (2017-жылдын 7-июнундагы № 1652-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому) “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйналышында биринчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 56-беренелеринде каралгандай мыйзам демилгечилеринин укук субъекттеринен мыйзамдын долбоору боюнча жазуу жүзүндө сунуштар келип түшкөн эмес.
Ошону менен бирге 2017-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж. Рыспаевдан “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин алтынчы абзацын төмөндөгүдөй редакцияда баяндоо сунуш (№ 6-18686) кылынган:
“энергетикалык паспорт – мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин энергетикалык чарбасынын ченемдик жана фактылай абалын чагылдыруучу техникалык документ;”.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 токтому менен жактырылган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин алтынчы абзацы каралбагандыгын белгилөө зарыл.
Мыйзам долбоору менен “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жетинчи абзац менен толуктоо сунуш кылынат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж. Рыспаевдин сунуштарына байланыштуу өзүнүн корутундусунда (27.09.2017-ж., № 6-19133) төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Түзөтүүнүн демилгечиси энергетикалык паспорт мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде гана түзүлүүсүн сунуш кылат.
Бирок “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси болуп санала тургандыгын эске алуу зарыл.
Энергетикалык ресурстарды өндүргөн жана пайдаланган менчиктин бардык түрүндө иш жүргүзгөн уюм энергияны үнөмдөө жаатындагы иш жүргүзгөн субъект болуп саналат.
Ошондой эле укуктук экспертиза бөлүмү “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин экинчи абзацына, 8-беренесинин 1-бөлүгүнө, ошондой эле 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөндөгүлөрдү белгилейт:
- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына энергияны үнөмдөө жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү кирет;
- отунду жана энергиянын сарамжалдуу пайдаланууга мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү энергияны үнөмдөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.
Ушуга байланыштуу жогоруда баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж. Рыспаевдин сунушу кабыл алынууга жатпайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутунду кабыл алды:
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында ушул маселе боюнча чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин төрагасы К. Дж. Рыспаевке тапшырылсын.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев