Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Биринчи окууда кабыл алынган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы корутундусу

03-11-2018
14:21

 

Биринчи окууда кабыл алынган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер

казынасын пайдалануу боюнча Комитетинин 2018-жылдын 11-сентябрындагы

 

К О Р У Т У Н Д У С У

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 токтому менен жактырылган жана биринчи окуудан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган (2017-жылдын 7-июнундагы № 1652-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому)  “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйналышында биринчи окууда талкуулоонун жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52, 56-беренелеринде каралгандай мыйзам демилгечилеринин укук субъекттеринен мыйзамдын  долбоору боюнча жазуу жүзүндө сунуштар келип түшкөн эмес.

Ошону менен бирге 2017-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Ж. Рыспаевден “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин алтынчы абзацын төмөндөгүдөй редакцияда баяндоо сунуш (кириш № 6-18686) кылынган:

“энергетикалык паспорт – мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин энергетикалык чарбасынын ченемдик жана фактылай абалын чагылдыруучу техникалык документ;”.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 токтому менен жактырылган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин алтынчы абзацы каралбагандыгын белгилөө керек.

Мыйзам долбоору менен “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жетинчи абзац менен жана 9-беренесин 3 - 5 бөлүктөр менен толуктоо сунуш кылынууда.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү өзүнүн корутундусунда (27.09.2017-ж., № 6-19133) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Ж. Рыспаевдин сунушу боюнча төмөндөгүлөрдү белгилейт.

Түзөтүүнүн демилгечиси энергетикалык паспорт мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде гана түзүлүүсүн сунуш кылууда.

Бирок “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө жана 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, отунду жана энергияны алуу, кайра иштетүү, өзгөртүү, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу жагындагы бардык уюмдарды камтыган энергетикалык чарба мамлекеттик контролдун жана көзөмөлдүн объектиси болуп санала тургандыгын эске алуу керек.

Энергияны үнөмдөө жаатында аракеттенген субъекттер болуп менчиктин жана аракеттин бардык түрлөрүндөгү, энергетикалык ресурстарды чыгаруучу жана керектөөчү уюмдар болуп саналат.

Андан соң укуктук экспертиза бөлүмү “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин экинчи абзацына, 8-беренесинин 1-бөлүгүнө, ошондой эле 9-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык төмөндөгүлөрдү белгилейт:

- энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына энергияны үнөмдөө жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү кирет;

- отундун жана энергиянын сарамжалдуу пайдаланышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү энергияны үнөмдөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы ишке ашырат.

Жогоруда баяндалганга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К. Ж. Рыспаевдин сунушун кабыл алууга мүмкүн эмес.

Комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Ж. Рыспаев, А. М. Султанов, Э. Дж. Байбакпаев жана У. Т. Кыдыралиев мыйзам  долбоорунун Маалымкат-негиздемесинде дагы жооп болбогон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү дагы жооп бере албаган төмөнкүдөй суроолорду беришти: 

- бүгүнкү күндө энергетикалык паспорт керекби?

- ушул мыйзам долбоору менен ишкерлерге кыйынчылык туудуруп албайбызбы?

- ушуга Өкмөт канча каражат жумшайт?

- энергетикалык иликтөөнүн (энергоаудиттин) ишке ашыруу механизмдери барбы:

  •  алар кандай болуп жүргүзүлөт;
  •  аларды ким жүргүзөт;
  •  алар кандай негизде жүргүзүлөт – төлөө жолу мененби же бекерби;
  •  бул ашыкча көйгөйлөрдү, тоскоолдуктарды, коррупциялык схемаларды жаратпайбы;
  •  бул эмнени берет, натыйжалуулугу кандай болот;
  •  электр энергиясынын пайдаланышынын рационалдуулугун, натыйжалуулугун кайсы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунун Маалымкат-негиздемесин жогоруда баяндалган суроолорго так жана конкреттүү жооптор менен толукташы керек.

Белгилей кетчү нерсе, Комитеттин отурумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын (мындан ары - Мамэкотехинспекция) өкүлү алардын Жобосунда тийиштүү ченемдер каралбаганына байланыштуу энергияны үнөмдөө жаатындагы иштер менен алектенбегендерин билдирди.

Чынында энергияны үнөмдөө жаатындагы маселелер Мамэкотехинспекциянын Жобосунда жок. Анын Жобосун бекиткенде энергияны үнөмдөө жаатындагы маселелер калып калган. Азыркы убакта бул милдеттер эч кимге жүктөлгөн эмес.

Мамэкотехинспекциядан мурдагы энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын функциялык милдеттерине төмөнкүлөр кирген:

  • Энергиялык Хартия Секретариатында, энергоэффективдүүлүк жана энергияны үнөмдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
  • ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарбакер субъекттердин энергияны үнөмдөө жана жаңы техниканы колдонууга киргизүү боюнча сунуштарына техникалык экспертиза жүргүзүү;
  • эл аралык деңгээлде энергетикалык көзөмөл боюнча тиешелүү органдар менен кызматташуу жана энергоэффективдүүлүк, энергияны үнөмдөө, энергия менен жабдуунун жана энергиялык коопсуздуктун ишенимдүүлүгүнүн маселелери боюнча эл аралык уюмдардын иштерине катышуу;
  • энерготармагын өнүктүрүү жана энергияны үнөмдөө боюнча программаларды иштеп чыгуу.

Мамэкотехинспекция уюшулганга чейин Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан ишкердик субъектилерине энергетикалык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө бекитилген Жоболор аракетте эле.

Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер менен алектенбейт.

Түзүлгөн кырдаалда бул мыйзам кабыл алынган күндө деле иштебейт, себеби бул маселелер менен алектене турган орган жок.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселеде тартипти орнотуп энергияны үнөмдөө жаатында Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды бекитүүсү керек.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутунду кабыл алды:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 257 токтому менен жактырылган “Энергияны үнөмдөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун  Маалымкат-негиздемеси кайра иштеп чыгылсын.

 

 

                              Комитеттин төрагасы                                                К. Рыспаев