“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына
байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине”,
“Кыргыз Республикасынын Жер кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” жана
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2018-жылдын 18-сентябрындагы көчмө жыйналышынын корутундусу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Рыспаев, А. Турсунбаев, А. Жутанов, Э. Байбакпаев, М. Исаков, У. Кыдыралиев, Ж. Калмаматов, А. Кулбараков, А. Маматов, Н. Нишанов, И. Пирматов, А. Султанов, Ж. Турускулов, И. Чудинов жана И. Сарсейитов демилгелеген (№ 6-13137/17, 9-июнь 2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда биринчи окууда кабыл алынган № 2526-VI “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоодо Комитет мыйзам долбооруна карата келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү карады.
Келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштар жана түзөтүүлөр “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын экинчи окууга карата долбоорундагы салыштырма таблицада баяндалган.
Жогоруда баяндалгандан улам, Комитет Мыйзам долбооруна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет:
I. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
775-2-берене “774-1-берене” деп эсептелсин;
II. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1) 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“31) жер казынасын колдонуу үчүн берилүүчү жерлер –ушул Мыйзамда каралган жер казынасын колдонуу укугуна лицензиянын, концессиялык келишимдин, продукцияларды бөлүштүрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө макулдашуунун жана инфратүзүм объектилерин (жолдорду, жеңил конструкциядагы вахталык кыштакчаны жана кампаларды, электр өткөргүч чубалгыларын (ЭӨЧ), жана жер казынасын пайдалануу гана максаттарында пайдаланылуучу башка инфратүзүм объектилерин) куруу жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу, анын бурчтук чекиттери бар координатынын түз бурч тутумундагы графикалык документацияларда аныкталган пайдалуу кендерди казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануучуга бериле турган жер участоктору;”;
III. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. IV бөлүкчөдөгү “жер казынасы” деген термин төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“жер казынасы – кыртыш катмарынан төмөн жайгашкан, ал эми андай жок болсо – жер үстүнөн төмөн жана суу көлмөлөрүнүн жана суу агындыларынын түбүнөн геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн жеткиликтүү тереңдиктерге чейин созулган, пайдалуу кендердин чачылма көрүнүштөрүн кошуп алгандагы жер кыртышынын бир бөлүгү;”;
IV. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 348-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пункту алып салынсын;
2) 349-берененин 2-бөлүгүнүн 15-пункту алып салынсын.
V. 5-берененин 2-бөлүгүндөгү “сегиз айлык мөөнөттө” деген сөздөр “алты айлык мөөнөттө” деген сөздөргө алмаштырылсын.
Жогоруда баяндалгандын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет төмөнкүдөй к о р у т у н д у г а келди:
1. Комитет жактырган түзөтүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Рыспаев, А. Турсунбаев, А. Жутанов, Э. Байбакпаев, М. Исаков, У. Кыдыралиев, Ж. Калмаматов, А. Кулбараков, А. Маматов, Н. Нишанов, И. Пирматов, А. Султанов, Ж. Турускулов, И. Чудинов жана И. Сарсейитов демилгелеген (№ 6-13137/17, 9-июнь 2017-ж.), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 27-июнунда биринчи окууда кабыл алынган № 2526-VI “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине”, “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине” жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын экинчи окуудагы кароосуна киргизилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында чыгып сүйлөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж. Рыспаевге тапшырылсын.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев