«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2018-жылдын 25-сентябрындагы
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М. Мадеминов тарабынан демилгелеген (№ 6-15028/18, 13.07.2018-ж.) «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ушул долбоорунун максаты улуттук статистика тутумунун натыйжалуу иштешин, жогорку сапаттагы расмий статистиканы өндүрүүнү камсыз кылуу, расмий статистикага коомчулуктун ишеничин чыңдоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ушул долбоорнун милдети статистика жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын расмий статистика жагындагы БУУнун фундаменталдуу принциптерине толук ылайык келтирүү аркылуу аны өркүндөтүү болуп саналат.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору расмий статистика жагынан БУУнун негиздүү принциптерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарынын талаптарын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыкты.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык расмий статистика өзүнө Кыргыз Республикасындагы экономикалык, демографиялык, социалдык жана экологиялык массалык кубулуштарды сүрөттөгөн статистикалык маалыматтарды камтыйт жана статистикалык программаларда расмий статистика деп аталат.
Мыйзам долбоорунун 5-беренеси расмий статистиканын принциптерин (кесиптик көз карандысыздыкты, калыстыкты жана объективдүүлүктү, тактыкты жана ишенимдүүлүктү, макулдашкандыкты жана салыштырылышын, айкындыкты жана ачыктыкты, статистикалык купуялыкты жана статистикалык максаттарда гана пайдаланууну, актуалдуулукту) аныктайт.
Колдонуудагы «Мамлекеттик стаитстика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын тутумун Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, анын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү түзөт деп белгилейт.
Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдөн, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статситика комитетинин жана башка расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдөн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика тутумун түзүүнү сунуш кылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статситика комитети расмий статистиканы жетектөөчү өндүрүүчү болуп саналат, ал улуттук статистика тутумунда расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүү жана таратуу боюнча ишти координациялоону камсыз кылат. Улуттук статситика комитети кесиптик жактан көз карандысыз болуп саналат, анын ишине кийлигишүүгө жол берилбейт, мындан тышкары, расмий статистиканы башка өндүрүүчүлөр да кесиптик жактан көз карандысыз болууга тийиш. Мыйзам долбоорунун 9-беренесине ылайык расмий статистиканы башка өндүрүүчүлөр ар жылагы статистикалык программада көрсөтүлгөн расмий статистиканы иштеп чыгуу, өндүрүү жана таратуу үчүн жоопкерчилик тартат. Расмий статистиканы башка өндүрүчүүлөрдүн тизмегин Улуттук статистика комитетинин төрагасы иштеп чыгат, сунуштамларды берүү үчүн Статитстика боюнча кеңешке жөнөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизилет.
Мыйзам долбоорунун 20-беренесине ылайык статистика мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу процессине жарандык коомду тартуу үчүн Статитстика боюнча кеңеш түзүлөт.
Мыйзам долбоорунун 11-беренесине ылайык Статитстика боюнча кеңешке милдеттер жүктөлөт (расмий статистиканы стратегиялык өнүктрүү боюнча сунуштарды киргизүү, коомдун биринчи кезектеги маалыматтык муктаждыктарын статистикалык программаларга киргизүү, статистикалык программалардын аткарылышына баа берүү, стратегиялык өнүктүрүү боюнча иштин аткарылышнын мониторингин жүргүзүү, расмий статистиканын принциптери сакталышынын маселелери боюнча баа жана консультация берүү, статситикалык кеңештин ишинин регламенти кабыл алуу).
Мыйзам долбоорунун 13-беренеси мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана финансылоонун башка булактарынын эсебинен аткарылуучу статистикалык программаларга тиешелүү маселелерди жөнгө салат.
Улуттук статисика тутумунун иштеши статистикалык программалардын негизинде бааланат. Статистикалык программалар орточо мөөнөттүү жана ар жылдагы деп бөлүнөт, улуттук статистика тутумундагы ишти натыйжалуу стратегиялык жана операциялык башкаруу жана координациялоо үчүн өзөктүү өбөлгөлөр катары түзүлөт. Программалар респонденттерден маалыматтарды чогултууну аныктайт жана административдик маалыматтарды берүү процессине расмий статус берет.
Мыйзам долбоорунун 16-беренеси расмий статистика максатында маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктарды карайт. Берене расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдү колдо болгон административдик маалыматтарды пайдаланууга милдеттендирет, расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдү маалыматтарды чогултууну максималдуу натыйжалуу жүзөгө ашырууга жана маалыматтарды чогултуу зарылчылыгынын актуалдуулугун, маалыматтардын ар кандай булактарынын сапатын жана респонденттердин наркына жана жүгүнө пландаштышуунун таасирин эске алууга милдеттендирет.
Мыйзам долбоорунун 17-беренеси статистикалык текшерүүлөр боюнча респонденттердин укуктарын жана милдеттерин сүрөттөйт.
Мыйзам долбоорунун 18-беренеси административдик маалыматтарга жетүү боюнча маселелерди жөнгө салат жана административдик маалыматтарды алууга расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдүн укуктук абалын бекемдейт.
Мыйзам долбоорунда статистикалык купуялык принцибне өзгөчө көңүл бурулат.
«Расмий статистика жөнүндө» ушул мыйзам долбоору төмөнкүдөй негизги багыттарды камтыйт: административдик маалыматтардан айырмаланып расмий статистиканы аныктоо, расмий статистиканы өндүрүүчүлөрдү аныктоо жана бөлүп көрсөтүү, расмий статистиканы өндүрүүчү уюмдардын жана уюштуруу бирдиктеринин кесиптик көз карандысыздыгынын принциби, Кыргыз Республикасында расмий статистиканы негизги өндүрүүчү жана расмий статистика тутумунун координатору катары улуттук статистика комитетинин ролу, маалыматтарды чогултуу жана административдик маалыматтардын жана башка маалыматтардын булактарына жеткиликтүүлүк боюнча ыйгарым укуктар, купуя статистикалык маалыматтар менен иштөө принциптери жана жол-жоболору, пайдалануучулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен сапатты башкаруу, пайдалануучулардын бардык тиешелүү топторунун арасында расмий статистиканы таратуу принциби.
Кыргыз Республикасынын ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Коомдук талкуунун жыйынтыктары боюнча кандайдыр-бир сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.
Сунуш кылынган мыйзам долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесине ылайык статистикалык программалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет жана мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасында тыюу салынбаган финансылоонун башка булактарынын эсебинен аткарылат.
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун ишке ашыруу боюнча чыгымдарды финансылоо республикалык бюджеттен кошумча бюджеттик каражаттарды талап кылбайт жана ишке тартылган министрликтерге жана ведомстволорго тиешелүү жылдарга «Республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын алкагында, ошондой эле эл аралык уюмдардын тартылган каражаттарынын эсебинен финансыланат.
Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнгө салуучу таасирди талдоону талап кылбайт, анткени ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:
1. «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын.
2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев