Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Чүй областынын Жайыл районунун Айылдык Кеңештеринин жана Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин кайрылуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы чечими

22-09-2016
12:04

«Чүй областынын Жайыл районунун Айылдык Кеңештеринин жана Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин кайрылуусу жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2016-жылдын 20-сентябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Чүй областынын Жайыл районунун Айылдык Кеңештеринин жана Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин кайрылуусун (06.06.16дагы №12-14904/16) карап чыгып, төмөндөгүнү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин дарегине электрэнергия үчүн карыздары боюнча маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Чүй областынын Жайыл районунун Айылдык Кеңештеринин жана Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин кайрылуусу келип түшкөн. Бүгүнкү күнгө Жайыл районунун бюджеттик уюмдарынын (мектептердин, бала бакчалардын, ФАПтардын жана дагы башкалардын) электрэнергияны керектегени үчүн карыздары 10 млн. 463 миң сомду түзөт.

Бүгүнкү күнгө чейин республикалык бюджеттен эч кандай каражат бөлүнбөгөнүн белгилөө зарыл. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен карыздарды жабууга мүмкүнчүлүк болбой келет, анткени ал каражаттардын 65-70%ы муниципалдык кызматтардын кызматкерлеринин эмгек акыны төлөөгө жана Социалдык фондго чегерүүгө багытталат.

Ушуга байланыштуу Комитет тарабынан бул кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кат жөнөтүлгөн. Ага терс жооп алынды.

Мурдагы жылдарда мындай кырдаал республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды бөлүү жолу менен чечилип келген. Атап айтканда республикалык бюджеттен:

- 2013-жылы 11 млн. 421 миң сом;

- 2014-жылы 5 млн. 650 миң сом;

- 2015-жылы 6 млн. 684 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.

Мындай көрүнүш башка райондордо дагы болуп жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу депутаттар маселени талкулоодо Кыргыз Республикасынын бардык райондорун камтып кетүү тууралуу сунуштарын беришти.

Комитет Чүй областынын Жайыл районунун Айылдык Кеңештеринин жана Кара-Балта шаарынын шаардык кеңешинин кайрылуусун талкуулап, төмөнкүдөй

чечимди

кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын бардык райондорунда бюджеттик мекемелер керектеген электр энергиясы үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карыздарын жабуу үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды табуу жана «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна киргизүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул чечимдин аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                                          К.Рыспаев