Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун маалым катына ылайык “Кыргызмунайгаз” ААКнын ишине финансылык-чарбалык талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө» Комитеттин 2015-жылдын 29-декабрындагы жана 2016-жылдын 5-апрелиндеги чечимдерин аткаруунун жүрүшү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2016-жылдын 20-сентябрындагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «2015-жылдын 7-декабрындагы № 6-26515/15 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун маалым катына ылайык “Кыргызмунайгаз” ААКнын ишине финансылык-чарбалык талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө» Комитеттин 2015-жылдын 29-декабрындагы жана 2016-жылдын 5-апрелиндеги чечимдерин аткаруунун жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматын карап чыгып, төмөндөгүнү белгилейт.
Комитеттин 2015-жылдын 29-декабрындагы жана 2016-жылдын 5-апрелиндеги чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына, Кыргыз Республикасынын МУККнын Антикоррупциялык кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырмалар берилген.
2016-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик “Кыргызмунайгаз” ААКны текшерүүнүн актысын Комитетке жөнөткөн. Бул текшерүүгө ылайык 2012-жылдан тартып 2015-жылдын I жарым жылдыгына дейре үчүнчү юридикалык жактар тарабынан бардыгы болуп 58,091 миң тонна (акчалай туюнтулушу 1,072 млрд сом) көлөмдө мунай өндүрүлгөн, бул мунайды сатуудан түшкөн киреше мамлекеттин пайдасына алынууга жатат. Мамлекетке келтирген зыяндын фактысына карабастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана тиешелүү укук коргоо органдары эч кандай чараларды көрбөгөнүн белгилөө зарыл. Андан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына – жер казынасын коргоонун ченемдерине жана талаптарына долбоордук чечимдердин ылайык келүү бөлүгүндө кен чыккан жерлерге иштелип чыккан 6 долбоор боюнча эксперттик корутунду жүргүзүлгөн. Бардык аталган долбоорлорго терс эксперттик корутунду берилди жана “Кыргызмунайгаз” ААКга бузууларды оңдоого 3 ай берилди.
2016-жылдын 26-январында Жалал-Абад облусу боюнча МЭКККБнын (УГСБЭП) тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын КжКнын 221-статьясынын («Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы») 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасоо фактысы боюнча 282-16-0008 кылмыш иши козголгон.
Тергөө тарабынан 2006-жылдан 2015-жылга дейре мезгилдеги «Кыргызмунайгаз» ААКнын жооптуу адамдары чийки мунайды өндүрүүнү көбөйтүү максатында колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен «Кыргызмунайгаз» ААКнын лицензиялуу аянтынан мунайды жана жаратылыш газын өндүрүү боюнча эски эксплуатациялык скважиналарды оңдоого жана жаңы скважиналардан бургулоону жүзөгө ашырууга «Нефтяная компания «Тен И» ЖАК, «Тен Лун» ЖАК, «И Ян Индарстриал Компани» ЖЧК, «Сань Шань Юань» ЖЧК, «Кыргызжер Нефтегаз» ЖЧК жана «Среднеазиатский Петролеум» ЖЧК юридикалык жактар (кытай капиталынын компаниялары) менен контракттарды түзгөн. Мында «Кыргызмунайгаз» ААК менен жогоруда аталган юридикалык жактардын ортосунда өндүрүлгөн чийки мунайдын бөлүнүшүн караган ар түрдүү пропорциялардагы өндүрүлгөн продукциялардын – чийки мунайдын, газдын жана газ конденсатынын бөлүгү Коомдордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөмдөрү катарында контракттарда көрсөтүлгөн.
«Кыргызмунайгаз» ААКнын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракетинин натыйжасында өзүнүн тескөө жана башкаруу ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу менен мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирди.
Азыркы убакка чейин бир дагы жооптуу адам тиешелүү жаза ала электигин белгилөө зарыл, тергөө узарууда.
2016-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын № 6-1203/16 каты келип түшкөн. Бул катта көчмө текшерүүнүн натыйжасы боюнча 2015-жылдын 25-декабрында акты түзүлгөнү, анда салык милдеттемелердин бюджеттин пайдасына 2 569 168 сом суммасында кошумча чегерилгени, анын ичинде пайдага салык боюнча негизги салыктын суммасы 612 154 сомду түзөөрү, салыкты өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум 163 049 сомду түзөөрү, акциздик салык боюнча салыктын суммасы 1 587 222 сомду түзөөрү, салыкты өз убагында төлөбөгөнү үчүн туум 206 743 сомду түзөөрү билдирилет.
2016-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан кат келип түштү, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун “Кыргызмунайгаз” ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун чакыруусуна баш тартылганы көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу “Кыргызмунайгаз” ААКнын акционерлеринин кезексиз чогулушун чакыруу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын дарегине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду кайрылуу жолдогон (85,16% акциянын кармоочусу – ээси ММБФ болуп саналат). Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун иши логикалык жактан аягына чейин жеткирилген эместигин белгилөө зарыл.
Мында «Кыргызмунайгаз» ААК «Кыргызмунайгаз» ААКнын финансылык-чарбалык ишине талдоо жүргүзүүнүн натыйжасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 2015-жылдын 7-декабрындагы № 6-26515/15 маалымкатын жокко чыгаруу үчүн сот органына доо менен кайрылууда. Анын аягында сот “Кыргызмунайгаз” ААКнын доосун канааттандырган жок жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ММБФнын чечимин күчүндө калтырды.
2016-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын МУККнын Антикоррупциялык кызматынын № 6-3086/16 каты келип түштү. Бул маалыматка ылайык 2016-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын КжКнын 221, 166, 350-статьяларында каралган кылмыштардын белгилери боюнча № 150-16-12 кылмыш иши козголгон болчу. Андан ары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бул ишти жана “Кыргызмунайгаз” ААКнын ишиндеги укук бузуулар боюнча бардык материалдарды андан ары комплекстүү текшерүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКга өткөрүп берген.
2016-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКнын каты келип түштү. Жалал-Абад областы боюнча ЭККМКБнын тергөө бөлүмүнүн өндүрүшүндө “Кыргызмунайгаз” ААКга карата козголгон 3 кылмыш иши бар, ошондой эле кароодо кошумча тергелүүчү 3 материал бар.
Мыйзамсыз контракт түзгөн “Кыргызмунайгаз” ААКнын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында үчүнчү жактар тарабынан өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү 1 072 113 607 сомду түзгөн, мында өндүрүлгөн мунайдын үлүшүнөн алынган үчүнчү жактын кирешеси 529 970 090 сомду түзгөн. Кийин 2016-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу МЭКККнын каты келип түштү, анда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар такталган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2015-жылдын 29-декабрындагы жана 2016-жылдын 5-апрелиндеги чечимдеринде көрсөтүлгөн тапшырмалар шашылыш түрдө аткарылышы камсыз кылынсын;
- «Кыргызмунайгаз» ААКны монополисттердин реестрине киргизүүнүн негиздүүлүк маселелери каралсын жана тизмеден чыгаруу жөнүндө сунуш киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан «Кыргызмунайгаз» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасын шайлоонун мыйзамдуулугу каралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматы «Кыргызмунайгаз» ААКнын жооптуу адамдарына карата Жалал-Абад облусу боюнча МЭКККБ тарабынан козголгон кылмыш иштерин тергөө тездетилсин.
4. Ушул чечимдин аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К.Рыспаев