“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 20-сентябрындагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жөнүндө” Жобону карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
2016-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши №551-VI токтому менен “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети жөнүндө Жобо (типтүү үлгү)” бекитти.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 1-бөлүгүнүн 17-пунктуна ылайык Комитет өз ишин уюштуруу маселелерин өз алдынча чечет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Комитет “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жөнүндө” Жобону карап чыгып, төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
- “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жөнүндө” Жобо жактырылсын жана бекитилсин.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев