Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 8-октябрындагы корутундусу

30-10-2019
15:11

 

 

“Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана

иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2019-жылдын 8-октябрындагы

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Сулайманов, А.Шыкмаматов, К.Керезбеков, М.Абдылдаев, Б.Турусбеков, Д.Бекешев жана Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген (№ 6-13129/19, 2019-жылдын 7-июну) “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) экинчи окууда карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

Аталган Мыйзам долбоорунун концепциясы биринчи окууда жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3208-VI токтому).

Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 314 токтому менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусуна толуктоо катары, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2019-жылдын 4-октябрындагы № 06-5/12291 каты менен Мыйзам долбоорунун 4-беренесин жокко чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Н. Шыкмаматов менен макулдашылган сунуш киргизилген. Мыйзам долбоорун талкууда Мыйзам долбоорунун 4-беренесин жокко чыгаруу боюнча сунуш Комитет тарабынан жактырылды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов Мыйзам долбооруна сунуш киргизген (2019-жылдын 7-октябрындагы № 6-20735и/19), анда Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “чийки заттарды” деген сөздөрдү алып салуу сунушталган. Бул сунуш Комитет тарабынан четке кагылды.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Сулайманов, А.Шыкмаматов, К.Керезбеков, М.Абдылдаев, Б.Турусбеков, Д.Бекешев жана Жунус уулу Алтынбек тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын жана келип түшкөн сунушту эске алуу менен экинчи окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунушталсын (Мыйзам долбоордун иштелип чыккан редакциясы жана салыштырма таблица тиркелет).

2. Бул маселе боюнча баяндамачы болуп Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж.Рыспаев, кошумча баяндамачы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Н.Шыкмаматов аныкталсын.

 

 

                     Комитеттин төрагасы                                                                    К.Рыспаев