Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен “CASA-1000” Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (“CASA-1000”) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 12-ноябрындагы корутундусу

13-11-2019
10:22

 

“2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен “CASA-1000” Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (“CASA-1000”) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын

 Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 2019-жылдын 12-ноябрындагы

КОРУТУНДУСУ

 

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-октябрындагы № 567 токтому менен жактырылган “2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен “CASA-1000” Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (“CASA-1000”) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Ушул Макулдашууларды ишке ашыруунун максаты болуп кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу үчүн социалдык жана экономикалык инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык маанилүү маселелерди чечүү жана региондорду өнүктүрүү үчүн “CASA-1000” электр чубалгыларын бойлото жайгашкан максаттуу айылдарда калктын бардык катмарларын кошуу болуп саналат.

Көрсөтүлгөн Каржылоо жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 6 жыл -  жеңилдетүү мезгилин кошкондо 38 жылга 0,75% пайыздык чен менен 5,0 млн АКШ доллары сумасына кредитти жана 5,0 млн. АКШ доллары суммасына грантты берүү жолу менен колдоо көрсөтүлөт.  Кредитти төлөө шарты жарым жылда бир жолу, ар бир жылдын 15-майында жана 15-ноябрында ишке ашырылат. Ошондой эле Грант жөнүндө макулдашуунун алкагында жана Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана  Көп тараптуу донордук  максаттуу фондунун Тескөөчүсү катары аракеттенген  Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы “CASA-1000” 1,0 млн АКШ доллары суммасына грант берүү жолу менен Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, Долбоорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына  потенциалды чыңдоо жана Долбоорду ишке ашырууга (негизги долбоордук документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү, потенциалды чыңдоо жана маалымдуулукту болууну жогорулатуу үчүн кадрларды даярдоо) багытталган техникалык жардам көрсөтүлөт.   

Жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында финансылык каражаттар региондордо социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө багытталат.  Калкты  электр энергиясы менен жабдылышын жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу системаларын жакшыртуу, социалдык объекттерди жакшыртуу, айыл чарбасын колдоо, экономикалык объекттерди курууну колдоо, ошондой эле жаштарды тартуу жана миграциясын азайтууларга ж.б..

“2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору)  жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен “CASA-1000” Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (“CASA-1000”) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашуу (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келет жана мыйзам менен бекитилген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге каршы келбейт. 

 “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык макулдашуулардын долбоорлору кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери (Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети – 2019-жылдын 24-июнундагы чечим, Бюджет жана финансы боюнча комитети – 2019-жылдын 25-июнундагы чечим, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитети - 2019-жылдын 25-июнундагы чечим)  менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-июлундагы №274-б буйругу менен жактырылган. 

Макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир терс, финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык,  коррупциялык жана башка  кесепеттерге алып келбейт.  

Бул мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын, ошондой эле ишкердикке таасир этпегендиктен коомдук талкуулоо жүргүзүү керектелбейт. 

Мыйзамдын  долбоору Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын, ошондой эле  Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен бул долбоорду ишке ашырууга финансылык каражаттарды бөлүүгө алып келбейт.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн эксперттик корутундулардын натыйжасы:  

- Жогорку Кеӊештин Аппаратынын Укуктук экспертиза бөлүмүнүн корутундусу (06.11.19-ж кир.№ 6-23477/19);

-  Жогорку Кеӊештин Аппаратынын Экспертизанын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн корутундусу (11.11.19-ж. кир. № 6-23535/19).

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. “2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) жана 2019-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен “CASA-1000” Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун бөлүштүрүүчүсү катары чыккан Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбордук жана Түштүк Азияда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорунун (“CASA-1000”) Көп тараптуу донордук максаттуу фондунун гранты жөнүндө макулдашууну (“CASA-1000” жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

                 Комитеттин

            төрагасынын орун басары                                                                          А.Жутанов