Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы көчмө жыйналышынын “Алтынкен” ЖЧКнун абалы жана өнүгүү келечектери жөнүндө» чечими

30-09-2016
16:04

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-                           энергетикалык комплекси  жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2016-жылдын 27-сентябрындагы көчмө жыйналышынын

 “Алтынкен”  ЖЧКнун абалы  жана  өнүгүү  келечектери  жөнүндө»

                                          ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун- энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы А.Алимбековдун  жана “Алтынкен” ЖЧКнун директорунун биринчи орун басары У.Изабаевдин “Алтынкен” ЖЧКнун абалы жана өнүгүү келечектери жөнүндө маалыматын  угуп, төмөнкүлөрдү билдирет.

Талдыбулак  Сол жээк  кени 1963-жылы ачылган. Кенди иштетүүгө лицензияга “Алтынкен” ЖЧК - кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы ээ. 1977-жылдан тартып 1990-жылга чейин издөөлөр, издөө-баалоо иштери жана алдын-ала чалгындоо жүргүзүлгөн. Мында ЖЧКнун үлүшүнүн  60%ы «Цзи Цзинь» кен казып алуу корпорациясына жана 40%ы  “Кыргызалтын” ААКна таандык.

2012-жылдан тартып кенди иш жүзүндө өздөштүрүү башталган - кенди өткөөлдө ыкчам  жүргүзүлгөн, алтынды бөлүп алуу фабрикасы  (АБФ) курулган, сынап  иштетүү 2015-жылдын 29-июлунда болуп өткөн.

Бүгүнкү күндө “Алтынкен” ЖЧКда 976 кызматчылар, анын ичинен   939 Кыргыз Республикасынын жарандары (96%) жана 37 (4%) кытай мамлекетинин жарандары эмгектенүүдө.

Иштин процессинде ишкана ай сайын мамлекетке салык, бажы жыйымдары жана Соцфондго чегерүү түрүндө 600 миң АКШ долларын төлөөгө тийиш. Эмгек акыны төлөөгө 500 миң АКШ доллары чамалуу каражат жумшалат. Материалдар жана электр энергиясы үчүн - 1,76 млн АКШ доллары төлөнөт. Башка чыгымдар 700 миң АКШ долларын                түзөт. Кредиттерди тейлөө пайыздар - 1,33 млн АКШ доллары, жыйынтыгында айына - 4,9 - 5,0 млн АКШ доллары чамалуу каражат талап кылынат.

Бирок бүгүнкү күндө ишке киргизүү жана жөнгө салуу иштеринин мезгилинде 18,6 млн. АКШ доллары өлчөмүндө подрядчылардын, жабдууларды, материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн алдында карызы, ошондой эле салыктар жана социалдык пакеттер бар.

Долбоордун  ТЭОсуна ылайык рудада алтындын курамы 5,88 г/т, жез - 0,24%, сульфит - 7,68%, күмүш - 8,52г/т түзөт. Флотациялык ылгоо процессинде алтындын курамы 25-30г/т, жездин курамы - 1,1%-1,3%, концентратты, ал эми щелочь менен бөлүп алуу циклинде концентраттан алтынды алуу 96%, ал эми алтынды удаалаш алуу - 92,16%ды түзөт.

Долбоордук технологияны колдонгон учурда, АБФнын иштеген мезгилинин ичинде алтынды удаалаш алуу тесттик режимде 66,8%ды түзгөн. Щелочь менен бөлүп алуу циклинде алтынды бөлүп алууну төмөндөткөн терс фактор болуп алтын менен бирге өтүүчү жездин жогорку курамынын таасири саналат.

 

Флотоконцентратта камтылган кыйла сандагы жез, щелочь менен бөлүп алуу циклинде алтындын «атаандашы» катары өзүнө цианиддердин таасирин тартып алат. Мында чыгым 5 эсеге (руданын 1,7 кг/тоннадан           8,55 кг/тоннасына чейин) көбөйөт. Цианиддердин жогорку чыгымы зыянсыздандыруу үчүн колдонулуучу хлордун чыгымын көбөйтүү зарылчылыгына алып келет (30 эсе же 6,2 млн АКШ доллары суммасына, бул цианиддердин наркынан жогору), мунун айынан курчап турган чөйрөгө зыяндуу таасир олуттуу көбөйөт.  Мындан тышкары, флотоконцентраттан алтынды алуунун төмөндөшүнө анда майдадисперсдик алтындын салыштырмалуу жогорку үлүшү (15%га чейин) таасир этет, аны ашкере майдалоо аркылуу алуу экономикалык жактан өзүн актабайт.

 

Жез жагындагы маселени чечүү үчүн коллективдик флотоконцентратты бөлүп алуу, ал эми флотоконцентраттын экинчи бөлүгүн “Алтынкен” ЖЧКнын АБФтин химиялык-метталургиялык циклине жумшоо сунуш кылынган. Алтын-жез флотоконцентратты бөлүп алуу республикада аны рентабелдүү жана экологиялык талаптарды сактоо менен иштете турган өндүрүштүк ишканалардын жоктугунун айынан чет өлкөгө кайра иштетүүгө ташып чыгуу зарылчылыгына алып келди.

2016-жылдын 17-июнунда Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнө  караштуу Геология  жана   минералдык  ресурстар  боюнча  Мамлекеттик  агенттиги чийки  затты экономикалык жактан максатка ылайыктуу  болот деп, 1170,1тонна  алтын-жез  флотоконцентратын  кытай мамлекетине сатууга мүнкүн деген жыйынтык чыгарган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу “Алтынкен” ЖЧКнун жетекчилиги 2016-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине 1170,113 тонна өлчөмүндөгү алтындын курамы бар концентратты чет өлкөгө экспорттоо макулдашуу менен кайрылган жана 2016-жылдын 30-июнунда алтындын курамы камтылган концентратты КЭРге сатууга №2.10.KG16240000 57 лицензияны алган.

Бүгүнкү күндө ишкана алтын-жез флотоконцентрат түрүндө продукцияны иштеп чыгууда. Анын өндүрүшүнүн көлөмү, эгерде флотоконцентрат сатууда үзгүлтүк болбосо, бардык учурдагы долбоордук милдеттерди аткаруу менен, жүгүртүү каражаттарын калыбына келтирүү менен, учурдагы топтолгон карыздарды эске албаганда айына 1500 тонна көлөмүндө өзүн-өзү финансылоого чыгууга мүмкүндүк берет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй                                                                          чечим кабыл алды:

 

  1.  “Кыргызалтын” ААКнын башкармалыгынын төрагасы А.Алимбековдун жана “Алтынкен” ЖЧКнун абалы жана өнүгүү келечектери жөнүндө  директордун биринчи орун басары У.Изабаевдин                   маалыматы эске алынсын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

- ишкана долбоордук кубаттуулукка чыкканга чейин ишке киргизүү-жөндөө иштеринин мезгилинде кредитти тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинкиге калтыруу боюнча долбоордун экинчи катышуучусу «Кыргызалтын» АА

-сынамыктарды инспекциялоо жана изилдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөргө монополияны жоюп, «Баалуу металлдарды жана кошо алынуучу металлдарды камтыган рудаларды, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгуу жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү тартиби» жөнгө салуу документин «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин, ошондой эле ушундай кызмат көрсөтүүлөргө  ISO 17025 эл аралык стандартына ылайык аккредитациясы бар ата-мекендик лабораториялар катышуусунун мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;

- 2017-жылга бюджетте Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана  жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин Борбордук лабораториясын техникалык кайра жабдууга 17 000,0 миң сом суммасында  каражаттарды  карасын.

 

  1. “Кыргызалтын” ААК, “Алтынкен” ЖЧК:

- Россиянын, Казакстандын жана башка мамлекеттердин долбоордук институттарын жана адистерин тартуу менен, алтынды бөлүп алууну Доре эритмесин алууну көбөйтүү боюнча технологиялык чечимдерди издөө боюнча  ишти  жүргүзсүн;

- ишкана үчүн максималдуу экономикалык пайда алуу менен                толлинг схемасы боюнча чет өлкөлөрдө алтын-жез концентратын кайра иштетүүнүн мүмкүн болгон бардык варианттарын иштеп чыксын;

- эл аралык аудитордук компанияларды тартуу менен ТЭОдо бекитилген комбинатты курууга чыгымдардын аудитин жүргүзүү маселелерин тездетсин.

4. Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу  Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция «Алтынкен» ЖЧКнун кен калдыктарын сактоочу жайларындагы экологиялык коопсуздуктун абалына туруктуу көзөмөл  кылсын.

5. “Кыргызалтын” ААК, “Алтынкен” ЖЧК бул чечимди аткаруунун жүрүшү жөнүндө  Комитетке  2017-жылдын  5-июнуна карата маалымдасын.

6.Ушул  чечимдин  аткарылышына көзөмөл  кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                        К.Рыспаев