Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Макулдашуу-каттын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 3-декабрындагы чечими

27-12-2019
11:46

 

 

2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында

Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Макулдашуу-каттын долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 2019-жылдын 3-декабрындагы  

ЧЕЧИМИ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары - Комитет), Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Макулдашуу-каттын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Долбоордун максаты 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) Макулдашуу-катын алмашуу менен (мындан ары - Макулдашуу) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.

«CASA-1000» (Борбордук Азия – Түштүк Азия 1000 МВт) долбоору, соода боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген тийиштүү келишимдерди жана механизмдерди иштеп чыгуу менен электр энергияны экспорттоону ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы жана Тажикистан Республикасы менен Ооганстан Ислам Республикасы жана Пакистан Ислам Республикасынын энергетикалык тутумдарын бириктирген өзгөрүлмө жана туруктуу агын жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгысынын, ошондой эле туруктуу агын 500 кВ конвертордук көмөк чордондорунун курулушун түшүндүрөт. 

«CASA-1000» бирдиктүү долбоордун объекттеринин бири катары, Датка көмөк чордонундагы чөнөгү менен узундугу 450 км түзгөн, 500 кВ жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгысынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулушу каралып, жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюлган. 2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган (Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү) Макулдашуу белгиленген тартипте бардык ички мамлекеттик жол-жоболордон өтүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен 2016-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасы жана Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган. Тараптарга билдирилгенден кийин бул Макулдашуу 2017-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.

Ошол эле учурда, Макулдашуунун күчүнө киришинин кийинкиге калтырылышы, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-апрелиндеги №178-р буйругу менен жактырылган, конфигурациясын үч терминалдуусун эки терминалдууга өзгөртүү жолу менен CASA-1000 долбоорун кайра түзүмдөштүрүүгө (Ооганстан көмөк чордонун кошпой, Тажикстан жана Пакистандагы конвертордук көмөк чордондор) байланыштуу болгон. Долбоордун акыркы түзүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы №436-р буйругу менен бекитилип, 2017-жылдын 1-октябрында CASA-1000 Өкмөттөр аралык кеңешинин резолюциясы менен бышыкталган.

Долбоорду бир жарым жылдык кайра түзүмдөштүрүүсү, CASA-1000 долбоорунун негизги объекттерин курууга подрядчыларды тандоо боюнча тендерлерди өткөрүү мөөнөтүн кечиктирип, долбоор дээрлик 2018-жылдын төртүнчү кварталында аяктаган. Макулдашууга ылайык “Кыргызстан УЭТ” ачык акционердик коому, ишке ашыруучу агенттик катары CASA-1000 долбоору боюнча каржылык макулдашуулардын алкагында узундугу 325 км түзгөн 500 кВ аба чубалгынын курулушу боюнча “Миташ” компаниясы менен келишимге кол коюуга Дүйнөлүк банк жана Европа инвестициялык банк тарабынан жактыруу алган. Мындан мурун, Ислам өнүктүрүү банкы каржылаган узундугу 125 км болгон 500 кВ аба чубалгыны курууга “Кыргызстан УЭТ” ачык акционердик коому менен “Миташ” компаниясынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Европалык инвестициялык банктын (мындан ары – ЕИБ) маалыматына ылайык, бул мезгилде финансылык келишимдердин типтүү жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилген, бул өзгөртүүлөр, кабарлоо жана Евриборду (Европалык банктар аралык жарыяланган пайыздык чен) колдонууну сүрөттөгөн тиркемеге тийиш. Ошондуктан, 2019-жылдын 5-августунда ЕИБ электрондук кат менен Каржы макулдашуунун 12.01 жана 12.02-беренелерине, жана B тиркемесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду чагылдырган Каттын долбоорун жиберген. Атап айтканда, 12.01-беренесине айрым бөлүмдөр кошулду (12.01 А-га a, b (i, ii, iii,iv), c (i,ii), d, e (i,ii,iii), f пунктары; 12.01 B жана 12.01 C), бул өзгөртүүлөр кенениреек маалымат берүү максатында кошулган, алардын айрымдары (a,b,d,e) Каржы макулдашуунун 12.02-беренесинин жоболорун кайталайт. 12.02-беренеге жаңы аталыш берилип жана 12.01 жана 12.02-беренелеринин текстери кошулуп өзгөртүлдү жана түшүндүрмө мүнөздө жазылды. B тиркемесинде эми Еврибор эсептөөдө терс сан боло алат  жана өзгөртүүнүн негизинде ондон бир тегеректөөдөн минден бир тегеректөөгө өтөт (бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тиркелген матрицада көрсөтүлгөн). Еврибор, негизинен өзгөрүлмөлүү пайыздык ченди эсептөөдө колдонулат, ал кыска мөөнөттөгү кредиттөөдө колдонулат, анткени Еврибор каржы рыногундагы толкундоолорго түздөн-түз көз карандылыкта. Ал эми белгиленген чен, узак мөөнөттүү кредиттөө үчүн колдонулат жана Еврибордун өзгөрүүлөрүнөн көз каранды эмес, ошондуктан, насыя узак мөөнөткө алынып жатканга байланыштуу кыргыз тарап белгиленген чен менен талап кылат.

Белгиленген өзгөртүүлөр жана толуктоолор укук ченемдерин камтыбайт жана CASA-1000 долбоору үчүн Европа инвестициялык банкы тарабынан берилген (70 млн.евро) насыянын суммасына таасирин тийгизбейт. Ушуну менен бирге, насыяны төлөө мөөнөтү, жеңилдетилген мезгил,белгиленген пайыздык чен ар бир траншты алган учурда аныкталат (транштар 7 жолудан көп болуусу мүмкүн эмес жана ар биринде 10 млн.евродон кем эмес). Ошондуктан, “Кыргызстан УЭТ” ААК ар бир транштан мурда Карыз милдеттенмесине тиешелүү толуктоо түзүлөт, ошонун ичинде биринчи транш таризделет жана 2019-жылдын 15-октябрында алынат. Мындан тышкары, CASA-1000 долбоорун ишке киргизүү 2022-жылга мерчемделгенин жана 1,25 – 1,75 млрд. кВтсаат көлөмдөгү (тарифи бир кВтсаатка 5,15 АКШ цент түзгөн) “Электр станциялар” ААКнын орточо жылдык кирешеси 65 - 90 млн. долларды түзүп, бул энергетикадагы жалпы тартыштыкты жабууга багытталганын, ал эми “Кыргызстан УЭТ” ААКна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен берилген ЕИБ насыясы 29 жылдан ашпаган мөөнөткө берилгенине карабастан, 4,26 АКШ цент бир кВтсаат өлчөмдөгү сарптоо тарифи “Кыргызстан УЭТ” ААКнын аба чубалгыны курууга сарпталган чыгымдарынын баарын 15 жылдын ичинде актоого мүмкүнчүлүк берерин белгилей кетүү зарыл.

Ушул Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбоорун кабыл алуу үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКна кийинки (экинчи) траншты алуу «CASA-1000» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өзгөрүлмө агын жогорку чыңалуудагы электр берүү чубалгысынын курулушун өз убагында баштоо үчүн зарыл.

Комитет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин корутундуларын эске алуу керектигин белгилейт.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жогоруда баяндалгандардын негизинде, төмөнкү чечимге келет:

 

1.  2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы кол коюлган Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Макулдашуу-каттын долбоору жактырылсын.

 

2.  Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жөнөтүлсүн.

 

                         Комитеттин төрагасы                                                             К. Рыспаев