Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 3-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 359–VI протоколдук тапшырмасына карата чечими

27-12-2019
11:50

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2019-жылдын 3-декабрындагы

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын                           

4-сентябрындагы № 359–VI протоколдук тапшырмасына карата

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын  4-сентябрындагы жыйынында депутат А. У. Жапаров чакан гидроэлекро-станцияларды куруу маселесин көтөргөн (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы П № 359-VI Протоколдук тапшырмасы). Депутат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программаны иштеп чыгуусу, ошондой эле жакынкы арада чакан гидроэлекростанциялардан (мындан ары ГЭС)  жана күн нурун пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча кечиктирилгис чараларды иштеп чыгуусу, республикада жашыл экономиканын эки багытын өнүгүшүнө шарт түзүүсү керектигин айткан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин  2019-жылдын 26-ноябрындагы отурумунда ушул протоколдук тапшырманы караган учурда депутат А. У. Жапаров төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобун түзүү сунушун киргизди:

- чакан ГЭСтерди курууга тиешелүү “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (“Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси, “Кыргыз Республикасынын Суу Кодекси”, “Кыргыз Республикасынын Токой Кодекси” Кыргыз Республикасынын Кодекстерине, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Суу жөнүндөгү”, “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам-дарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 9-июнундагы             № 340 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагындагы корголуучу зоналар жана геодезиялык пункттарды коргоо жөнүндө Жобосуна);

- чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча 5 жылдык Программаны.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде Комитет төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

 

  1. “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүү-лөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча 5 жылдык Программаны иштеп чыгуу боюнча төмөнкү курамда Жумушчу тобу түзүлсүн:

 

  1. А. У.  Жапаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун төрагасы;
  2. К. Дж. Рыспаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  3. С. А. Келдибаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  4. У. Т. Кыдыралиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  5. Б. С. Турусбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  6. Э. С. Тагаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  7. Т. У. Жоробеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  8. Н. Т. Каримов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, жумушчу тобунун мүчөсү;
  9. Э. К. Осмонбетов - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, төрага, жумушчу тобунун мүчөсү;
  10. Т. И. Нурбашев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, директор, жумушчу тобунун мүчөсү;
  11. К. Ж. Таштаналиев - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамалекеттик агенттиги, директор, жумушчу тобунун мүчөсү;
  12. М. М. Айдарова - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, директордун орун басары, жумушчу тобунун мүчөсү;
  13. Кебекбаев С. Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети, бөлүмдүн эксперти, жумушчу тобунун мүчөсү;
  14. А. К. Назаров - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК, башкарлыгынын төрагасы, жумушчу тобунун мүчөсү;
  15. Б. М. Маратбеков - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана энергияны үнөмдөө секторунун башчысы, жумушчу тобунун мүчөсү;
  16. Г. А. Коконбаева - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана энергияны үнөмдөө секторунун башкы адисинин м. а., жумушчу тобунун мүчөсү;
  17. Н. Б. Мурзаева - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамалекеттик агенттиги, юрист, жумушчу тобунун мүчөсү;
  18. Б. У. Мавлянов - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамалекеттик агенттиги, жетектөөчү адис, жумушчу тобунун мүчөсү;
  19. К. Н. Беков - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК, стратегиялык пландоо башкарлыгынын начальниги, жумушчу тобунун мүчөсү;
  20. У. К. Карыбаев - «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК, юрист, жумушчу тобунун мүчөсү;
  21. Э. Г. Казакова - Кыргыз Республикасынын Энергиянын кайра жаралуучу булактары Ассоциациясы, төрага, жумушчу тобунун мүчөсү;
  22. Н. Р. Ирсалиев - Кыргыз Республикасынын Энергиянын кайра жаралуучу булактары Ассоциациясы, ассоциациянын мүчөсү, жумушчу тобунун мүчөсү;
  23. В. П. Шапар - Электр техникалык продукцияларын өндүрүүчүлөрү-нүн Ассоциациясы, төрага, жумушчу тобунун мүчөсү.

 

  1. Жумушчу тобу “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун жана чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча 5 жылдык Программанын иштелип чыккан жыйынтыгын Комитетке 2020-жылдын 30-мартына карата берсин.

 

 

          Комитеттин төрагасы                                                                   К. Рыспаев