Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 10-декабрындагы “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу чечими

27-12-2019
12:05

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2019-жылдын 10-декабрындагы

 

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу

 

ЧЕЧИМИ

 

 “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын (мындан ары  “УЭХК” ААКсы) энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (мындан ары ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети үч жолу - 2017-жылдын 14-ноябрында, 2018-жылдын 29-майында  жана 2019-жылдын  29-январында караган.

Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомун аткаруу боюнча чаралар жетиштүү деңгээлде кабыл алынбай келүүдө.

Ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (мындан ары-Өкмөт) республикада электрондук эсептегичтерди жыйноо боюнча өндүрүштү уюштуруу менен энерготутумга ЭКЭАТы киргизүү боюнча Программаны иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталган.

Өкмөт электр энергиясын эсепке алуу каражаттарын модернизациялоо Программасы “УЭХК” ААКсы тарабынан 2017-2019-жылдарга гана бекитилгенин маалымдоодо.

Комитет бул Программаны узак мөөнөткө, б.а. ЭКЭАТы толук киргизип бүткөнгө чейин Өкмөт өзү бекитүү керек эле деп эсептейт.

 “УЭХК” ААКсынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы маалыматына ылайык ЭКЭАТ эсеп приборлору 2013-жылдан 2018-жылга чейин ЭКЭАТ эсеп чекиттеринин жалпы санынан болгону 15% орнотулган, ал эми 2019-жылы таптакыр орнотулган эмес. Анын ичинде “Түндүкэлектро” ААКсында 34% орнотулган, “Ошэлектро” ААКсында 1,8%, “Жалалабатэлектро” ААКсында 2%, “Чыгышэлектро” ААКсында 2%.

Республикада электрондук эсептегичтерди чогултуу боюнча өндүрүштү уюштуруу үчүн «Ореми» ААК банкрот коомунун активдерин бул коомдун Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине болгон кредитордук карызын жабуу эсебинен алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы, маселе оң жагына чечилген учурда “УЭХК” ААКсы ушул заводдун базасында, инвестицияларды тартуу менен, эсептегич приборлорун чогултуу боюнча өндүрүштү уюштурууну пландап жатканы тууралуу Өкмөт  маалымдоодо. Бирок “УЭХК” ААКнын Комитетке берген маалыматында бул тууралуу кабар жок. “Эгерде бул маселе оң жагына чечилбей калса эсептегичтерди чогултуу боюнча өндүрүш уюшулбай калабы же республикада башка активдер жокбу?” – деген табигый суроо пайда болот.

Өкмөт ошондой эле финансылык каражаттарынын чектелгенине байланыштуу энергокомпаниялар эсептегичтерди сатып алуу үчүн конкурстарды аз санга жарыялашканын, ошондуктан ЭКЭАТ приборлорун республикада жыйноо боюнча өндүрүштү уюштуруу рентабелдүү эмес болооруна көңүлдү бурууда.

Бул маселе тууралуу “УЭХК” ААКсы республиканын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы менен конкурс өткөрүү жол-жоболорун колдонбостон сатып алууну жүзөгө ашыруу боюнча ченемдер жок деп маалымдоодо. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке мүчөлүгүн эске алуу керек, ага ылайык жергиликтүү берүүчүлөрдөн сатып алууну жүзөгө ашырганда жана аларга кандайдыр бир артыкчылыктарды берген учурда, ал артыкчылыктар ЕАЭБдин мүчө-мамлекет-теринин берүүчүлөрүнө дагы жайылтылат. Андыктан Кыргыз Республика-сынын аймагында ЭКЭАТ эсепке алуу приборлорун сатып алууга жана чыгарууга мүмкүн болгон учурда бул жагдайларды да эске алуу зарыл.   

Аны менен бирге “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ички берүүчүлөр тарабынан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды сатып алганда сатып алуучу уюм берилүүчү товарларга продукциянын коопсуздугун жана сапатын ырастаган зарыл сертификаттар болгон учурда, конкурстук табыштамаларды баалоодо сунушталган баага 20 пайызга чейин жеңилдик-терди берүүгө милдеттүү. Ошондой эле мыйзамдын ушул беренесинин 3-бөлү-гүнө ылайык “Эгерде сатып алуулардын предмети Кыргыз Республикасынын ички подрядчылары жана чет өлкөлүк подрядчылар аткаруусу мүмкүн болгон жумуштар болсо, ички подрядчы жергиликтүү эмгек ресурстарын кеминде 70 пайыз жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды кеминде 30 пайыз пайдаланган шартта, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга 20 пайызга чейинки өлчөмдө жеңилдиктерди берүүгө милдеттүү”. Өкмөт республикада электрондук эсептегичтерди чогултуу боюнча өндүрүштү уюштуруу маселесин чечүүдө кандайдыр бир өлчөмдө мүмкүнчүлүк бере турган сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын бул ченемдерин көңүлгө албай келүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунда олуттуу көңүл “Түндүкэлектро” ААКсы, эки  келишим боюнча жалпы суммасы 6 млн. АКШ долларын түзгөн, кытай Корпорациясы “ZTE”ден сатып алган ЭКЭАТ байланыш системасынын жабдуусуна бөлүнгөн.

Келишимдер 2010-жылдын 31-декабрында түзүлгөн. “Түндүкэлектро” ААК 2011-жылдын аягында келишимдин жалпы наркынан 20% өлчөмүндөгү суммасы 1 млн. 128 миӊ АКШ долларын түзгөн алдын ала төлөм жүргүзгөн, андан кийин «ZTE» Корпорациясы жабдууну жеткирип берүүнү баштап, 2014-жылдын майында толук бүтүргөн. Келген жабдуулардын бир бөлүгү “Түндүкэлектро” ААКнын серверине орнотулган, ал эми калган бөлүгү “Электр станциялары” ААКнын кампасында жатып калган. “Түндүкэлектро” ААКсы 2012-жылдан 2017-жылга чейин жабдууну сактоо үчүн ай сайын  67 000 миӊ сомдон ашык төлөп келген. 2017-жылы бул маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде каралгандан кийин жабдуулар “Түндүкэлектро” ААКнын кампасына ташып келинген, ал жерде бүгүнкү күнгө чейин жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жогоруда аталган токтому менен Башкы прокуратурага күнөөлүү адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу чараларды көрүү тапшырылган. Башкы прокуратура жогоруда аталган токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (мындан ары – КРӨгө караштуу ЭККМК) тиешелүүлүгүнө жараша жөнөткөн. КРӨгө караштуу ЭККМКнын Тергөө Башкармалыгы (мындан ары ТБ) 2017-жылдын 15-мартында бул факт боюнча кылмыш ишин козгойт. Бирок КРӨнө караштуу  ЭККМКнын ТБ тарабынан бул кылмыш иши  бир канча жолу токтотулуп, анан кайра козголгон жана жыйынтыгында 2018-жылдын  29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктунун негизинде “эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен” деген туюндурма менен тергөө иштери токтотулган.

“Түндүкэлектро” ААК бул маселе боюнча 2017-жылдын апрелинде алар менен «ZTE» Корпорациясынын ортосунда соттук териштирүүлөр башталып, ал ошол эле жылдын ноябрында талаш-тартыштар тынчтык жолу менен жөнгө салынгандыгына байланыштуу токтотулганын маалымдоодо. Кошумча макулдашуу түзүлгөн.

Жогоруда аталган кошумча макулдашуу боюнча “ZTE” Корпорациясы   жаӊы жабдууну кошумча жеткирип берүүнү төрт этап менен жүзөгө ашырууга, ал эми “Түндүкэлектро” ААКсы, төлөө графигине ылайык, төрт этап менен 4 млн. 387 миӊ АКШ долл. суммасындагы кайра түзүмдөштүрүлгөн карызды төлөп берүүгө тийиш болгон. “ZTE” Корпорациясы тарабынан жаңы жабдуулардын болгону бир эле партиясы жеткирип берилген. “Түндүкэлектро” ААКсы тарабынан 2017-2019-жж. мезгил ичинде 1 млн. 115,7 миӊ АКШ долларын түзгөн 77 млн. 787 миӊ сом төлөнүп берилген.

 

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунда каралган милдеттерди аткаруу үчүн чаралар көрүлгөн эмес деп айтууга болот.

ЭКЭАТ жай темп менен киргизилүүдө. Жогоруда айтылгандай өтүп кеткен 7 жыл ичинде ЭКЭАТ эсепке алуу приборлору эсепке алынган түйүндөрдүн жалпы санынан болгону 15%ы гана, б.а. орто эсеп менен жылына болжол менен 2% орнотулган. Мындай темп менен аны бүткөрүү үчүн 40 жылдан ашуун убакыт талап кылынат.

Калган суммасы 4 млн. 387 миӊ АКШ долл. түзгөн кереги жок кытай жабдууларын сатып алганы үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган жок.  

 

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети төмөндөгүдөй чечти:

 

1. "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын энерго-компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташ-тырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши эске алынсын.

 

         2. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК-нын энергети-калык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө” 2017-жылдын 5-апрелиндеги № 1478-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу мөөнөтү 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартылсын.

 

 

        Комитеттин төрагасы                                                             К. Рыспаев