Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” ААКсынын иши жөнүндө” 2019-жылдын 10-декабрындагы чечими

27-12-2019
12:09

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 

“Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору”

ААКсынын иши жөнүндө”

 

2019-жылдын 10-декабрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” ААКнын (мындан ары – “КЭЭБ” ААКсы) ишке киргизүү боюнча кабыл алынган чаралар жана учурдагы кырдаал жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Өкмөттүн 2013-жылдын 24-июлундагы № 299-б тескемеси менен энергетика секторунда ачык-айкындыкты күчөтүү жана реформа жүргүзүү максатында энергетика секторун реформалоо боюнча иш-аракеттердин Планы бекитилген, ал өзүнө көз карандысыз эсептөө борборун түзүүнү камтыган. 2014-жылы 1997-жылдын 28-январындагы № 8 “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамына эсептөө борборунун функцияларын өз алдынча уюм катарында аныктоо бөлүгүнө толуктоолор киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 561 “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтому менен “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” ачык акционердик коому түзүлгөн.

Комитет өзүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы жана 2019-жылдын 2-апрелиндеги жыйындарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “КЭЭБ” ААКны практикалык ишке киргизүү боюнча көрүлө турган чараларды караган.

Комитеттин 2019-жылдын 2-апрелиндеги чечими менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталган:

- Кыргыз Республикасынын электр энергиясы рыногундагы башка катышуучулар менен эсепке алуу жана эсептешүү боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө жобону” белгиленген тартипте2019-жылдын 15-майына чейинки мөөнөттө бекитүү;

- 2019-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө

- 2019-жылдын 15-ноябрына чейинки мөөнөттө

Комитеттин чечиминин 2-пунктунун алгачкы эки абзацынын аткарылышы боюнча, № 6-18754/19 менен Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри келип түшкөн.

Берилген маалыматка ылайык, “КЭЭБ” ААКнын Кыргыз Республикасынын электр энергиясы рыногундагы башка катышуучулар менен эсепке алуу жана эсептешүү боюнча өз ара аракеттенүү жөнүндө жобо “УЭХК” ААКнын башкармалыгынын 2019-жылдын 15-апрелиндеги чечими менен бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктарына ылайык “КЭЭБ” ААК Кыргыз Республикасынын табигый монополияларынын субъекттеринин Мамлекеттик реестрине киргизилген, 2019-жылдын июн айында пайдалуу кое берилген электр энергиясынын 1 кВтс  үчүн кызмат көрсөтүүгө тариф 0,052 тыйын өлчөмүндө бекитилген.

“КЭЭБ” ААК менен “Электр станциялары” ААК, “Кыргызстандын УЭТ”, “Түндүкэлектр” ААК, “Ошэлектр” ААК, “Чыгышэлектр” ААК, «Жалалабадэлектр» ААК жана «Чакан ГЭС» ААКнын ортосунда 2019-жылдын 31-декабрына чейин кызмат көрсөтүүлөргө келишимдер түзүлгөн.

Бирок, Комитет эсептөө борбору электр энергия рыногунун керектөөчүлөр-кайра сатуучулар, дүң сатып алуучулар-сатуучулар жана электр энергиясынын ири өнөр жай керектөөчүлөрү сыяктуу катышуучулары менен келишимдерди түзүү боюнча жеткиликтүү чаралардыкөрбөй жатат деп эсептейт.

Рыногунда көрсөтүлгөн катышуучулар системдик оператор менен бөлүү чегинде турат жана “КУЭТ” ААКнын электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумдары (мындан ары - ЭКЭАТ) менен камтылган. Көрсөтүлгөн учурда, “КЭЭБ” ААК электр энергиясынын көрсөткүчтөрүн алуудан тышкары, кошумча кызматтарды, мисалы реалдуу убакытта техникалык жоготуулардын көлөмүн эсептөө боюнча кызматтарды көрсөтүүнү иштеп чыгуусу зарыл.

“КЭЭБ”ААК менен жогоруда көрсөтүлгөн контрагенттердин ортосунда кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерди түзүү боюнча аракеттерди координациялоо жагын отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы көрсөтүшү керектигин белгилей кетүү зарыл.

  Азыркы күнү, “КЭЭБ” ААК боюнча компаниянын акционерлеринин кезексиз чогулуштары өткөрүлдү, уюштуруу түзүмү, штаттык саны жана компаниянын бюджети 2019-жылдын аягына чейин иштелип чыккан жана бекитилген. Компаниянын борбордук аппаратынын бөлүмдөрү жана секторлору түзүлгөн, бөлүмдөр жана секторлор жөнүндө жоболор, кызматкерлер үчүн кызматтык инструкциялары иштелип чыккан жана бекитилген. Бүгүнкү күнү 6 бөлүм жана сектор жалпы саны 25 штаттык бирдиги менен иштеп жатат, анын ичинде 2 штаттык бирдиги республиканын түштүк бөлүмүндө (Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында). Борбордун иштеши үчүн алгачкы техникалык база түзүлгөн, “КУЭТ” ААКнын имаратында компаниянын борбордук аппаратынын иши үчүн бир аз эмерек, уюштуруу техникасы жана кызматкерлер үчүн телефон байланышы менен камсыздалган кабинеттер ижарага алынган. Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен конкурстар өткөрүлгөн, жаңы эмеректердин жана компьютердик техникалардын жеткирүүсү күтүлүп жатат, байланыш менен камсыздоо үчүн өздүк мини АТС, ошондой эле Кыргыз Республикасынын электр энергиясынын дүң рыногунун чарба жүргүзүүчү субъекттеринин бөлүү чегинде системанын туура иштешин контролдоо үчүн эталондук эсептегичтерди жана инструменттерди сатып алуу күтүлүүдө.

Капсула ыкмасы менен изоляцияланган күйбөөчү жайдан турган МДМ-сервер жабдыгын орнотуу жүргүзүлүп жатат.

Бул долбоордун техникалык тапшырмасына ылайык жабдууну кабыл алуу жүзөгө ашырылган жана «WF98++» программалык камсыздоосу бар сервердик жабдыкты орнотуу жүргүзүлүп жатат.

 Кызматтарды көрсөтүүгө келишимдер түзүлгөн энергетикалык компаниялар боюнча 2019-жылдын июлунан тартып генерациялоо, берүү жана бөлүштүрүү боюнча электр энергиясынын балансы жүргүзүлүп жатат.

 Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун катышуусу менен “КЭЭБ” ААКнын ачылышы болуп өттү, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү практикалык түрүндө иши башталды деп эсептейт.

 Комитет “КЭЭБ” ААКнын МДМ системасынын башкы сервери ишке киргизиле элек деп белгилейт, демек, башка энергетикалык компанияларынын ЭКЭАТ серверлерине адаптациялоо жүргүзүлгөн жок. МДМ системасынын башкы серверин орнотууга жооптуу подрядчы иштердин графигинен кечигип жатат.

Бөлүштүрүүчү электр компаниялары боюнча электр энергиясынын баланстарын жүргүзүү БЭК тарабынан эсептешүү мезгили үчүн иштелип чыккан таблицалык формалар боюнча электр энергиясынын өзүнүн иш жүзүндөгү баланстарынын өткөрүп берүүсүнө негизделет, алар рыноктун катышуучуларынын ортосунда өз ара эсептешүү үчүн негиз болуп саналат деп эсептелинет. Демек, бүгүнкү күнү  “КЭЭБ” ААК электр компаниялары тарабынан берилген маалыматтарды мыйзамдаштырып жатат, МДМ системасынын башкы сервери өз алдынча иштебегендиктен, адам фактору бар болгондуктан аларды толугу менен ишенимдүү маалыматтар деп  кабыл алууга дагы деле мүмкүн эмес. 

Ошентип, Комитет “КЭЭБ” ААКнын практикалык түрүндө иши башталганы  формалдуу болуп жатканын  жана толугу менен башталды деп эсептөөгө болбогонун билдирет.

  Комитеттин 2019-жылдын 2-апрелиндеги чечиминин 2-пунктунун “КЭЭБ” ААКнын өз алдынча уюм катары иштешин камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүү тууралуу үчүнчү абзацы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Джунусовдун колу коюлган 2019-жылдын 18-ноябрындагы кириш № 6-24176/19 менен жооп кат жөнөткөн.  Катта “эсептөө борборунун өз алдынча уюм катары иштешин камсыз кылуу маселеси эсептөө борборунун бардык энергия компаниялар менен толук кандуу иштеши камсыз кылынгандан кийин жана кыргыз энергетика системасынын дүң электр энергия рыногунун иштеши үчүн аянт түзүлгөндөн кийин 2020-жылы кароо пландаштырылып жаткандыгы” айтылат.

  “Электр энергетикасы жөнүндө” Мыйзамдын 2-статьясында эсеп борбору - электр энергиясынын ашыкча агымы жана коромжусу боюнча маалыматтарды жыйноо, иштетүү, аныктыгын текшерүү, талдоо, электр энергиясынын балансын түзүү, электр энергетика базарынын бардык катышуучулары үчүн эсеп жүргүзүү, ошондой эле электр энергия рыногунун катышуучуларынын өз ара эсептешүүлөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча борборлоштурулган маалыматтык аналитикалык тутумду пайдалануу менен кызмат көрсөтүүчү өз алдынча уюм” деген түшүнүк берилет.

Азыркы учурда, “КЭЭБ” ААК “УЭХК” ААКнын туунду коому болуу менен, өз алдынча уюм катары саналбайт. Эсептөө борборунун иши жеке менчик формасындагы коом тарабынан эмес, мамлекет тарабынан жөнгө салынышы керек.

Эсептөө борборун түзүүнүн негизги максаты – бул электр энергиясынын рыногунда бардык катышуучулардын ортосунда иштин ачык-айкындыгын жана алардын ортосунда электр энергиясын реалдуу өткөрүүлөргө негизделген каржы каражаттарын акыйкат бөлүштүрүүнү камсыз кылуу болуп саналат, муну чынында мамлекеттик орган катарында гана камсыз кылууга болот.

 Ошентип, Комитет өзүнүн 2019-жылдын 2-апрелиндеги чечимин аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамынын Эсептөө борборунун өз алдынча уюм катары иштеши бөлүгүндө ченем аткарылбай жатат деп эсептейт.

 Жалпысынан, “КЭЭБ” ААКнын ишинде  электр энергиясы рыногунун бардык катышуучуларына кызматтарды көрсөтүү, толук кандуу практикалык ишке киргизүү жана анын өз алдынча уюм катары иштешин камсыз кылуу бөлүгүндө кечигүүлөр болуп жатат.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” ААКнын иши жөнүндө маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

- системалык оператордун чегинде электр энергиясы рыногунун бардык катышуучуларынын,  тагыраак алганда, керектөөчүлөр-кайра сатуучулар, дүн сатып алуучулар-сатуучулар жана электр энергиясынын ири өнөр жай керектөөчүлөрүнүн ортосунда “КЭЭБ” ААК менен кызматтарды көрсөтүүгө келишимдерге кол коюу боюнча таасирдүү чараларды көрсүн;

- “КЭЭБ” ААКтын практикалык ишинин толук кандуу иштей баштоосу үчүн, ошондой эле өз кызматтарын көрсөтүү үчүн эсептөө борбору тарабынан төлөмдөрдү алуунун негиздүүлүгү үчүн МДМ системасынын башкы серверин ишке киргизүүнү тездетсин;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде “КЭЭБ” ААКсы өз алдынча уюм катары иштешин камсыз кылсын.

3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү ушул чечимдин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Комитетке 2020-жылдын 1-апрелине чейин маалымат берсин.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча  комитетине жүктөлсүн.

 

 

                   Комитеттин төрагасы                                                         К. Рыспаев