Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2019-жылдын 24-декабрындагы корутундусу

27-12-2019
15:48

 

 

"2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

 2019-жылдын 24-декабрындагы

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-жылдын 12-декабрындагы № 677-токтому менен демилгеленген "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

2019-жылдын 8-октябрында Комитеттин пикирлерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын (“Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору) ортосунда Кредиттик макулдашуу долбоору  жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын (“Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо” долбоору) ортосунда Гранттык макулдашуу долбоору жактырылган.

"2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору жогоруда белгиленген макулдашууларды күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында иштелип чыкты.

 Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары – АӨБ) тарабынан, долбоорго толугу менен колдоо көрсөтүлгөн, өз кезегинде Үч-Коргон ГЭСин модернизациядан өткөрүү максатында техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН) гранттык негизинде даярдалган.

ТЭНге ылайык, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоонун суммасы 160 млн. АКШ долларын түзөт, алардын көбүнчөсү электр механикалык жабдууларды жана гидроагрегаттарды алмаштырууга, гидротехникалык курулмаларды реконструкциялоого, ГЭСтин суу сактагычын чөгүндүлөрдөн тазалоого, ошондой эле Үч-Коргон ГЭСинин тосмосун бекемдөөгө багытталат.

Көңүл буруучу жагдай, бул 100 млн. АКШ доллары (долбоордун жалпы суммасынын 62,5%), Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоорлордун алкагында сатып алууларды ийгиликтүү жүргүзүүнүн эсебинен пайда болуп, үнөмдөлгөн каражаттардан каржыланат.

Ушул үнөмдөлгөн каражаттар төмөнкү шарттарда жаңы карыз түрүндө берилип жатат:

 

Долбоордун жалпы пландалган наркы,

160 млн. АКШ доллары

Донорлор

- АӨБ

- ЕТӨФ (Евразиялык турукташтыруу  жана өнүктүрүү фонду)

АӨБ салымынын суммасы

100 млн. АКШ доллары, алардын ичинен:

40 млн. АКШ доллары– грант

60 млн. АКШ доллары – кредит

Кредиттин мөөнөтү

32 жыл, жеңилдетилген мезгил – 8 лет

Пайыздык ставкасы

1% жеңилдетилген мезгилдин ичинде,
1,5% жеңилдетилген мезгил аяктаган соң

Төлөө мезгилдүүлүгү

Бир жылда 2 жолу тең төлөмдөр менен

ЕТӨФ кредити  (маалымат үчүн)

45 млн. АКШ доллары (100% кредит)

Кредиттин мөөнөтү

20 жыл, жеңилдетилген мезгил – 8 лет

Пайыздык ставкасы

1% бардык мөөнөттүн ичинде

КР Өкмөтүнүн кошо каржылоосу  (салыктардан жана жыйымдардан бошотуу түрүндө)

15 млн. АКШ доллары

Ишке ашыруу мөөнөтү

2019-2024 (5 жыл)

 

АӨБ директорлор Кеңеши тарабынан “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун каржылоо 2018-жылдын 15-октябрында жактырылган. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясатынын Кеңеши тарабынан “Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууга каражаттарды тартуу маселеси жактырылган (2018-жылдын 10-декабрындагы Кеңештин отурумунун № 16-133 Протоколу).

Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда (Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо долбоору) Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды, ошондой эле башка долбоордук иш-кагаздарды талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 7-декабрындагы № 432-т тескемеси менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы жана Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн делегациясы 2018-жылдын 13-14-декабрь күндөрү расмий сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча макулдашуу долбоорлорунун тексти макулдашылган жана тиешелүү протоколго кол коюлган.

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, көрсөтүлгөн Кредиттик жана Гранттык макулдашуулардын долбоорлоруна кол коюлганга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери тарабынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-октябрындагы № 408-т буйругу менен жактырылган.

2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик жана Гранттык макулдашууларга (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) кол коюлган.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. "2019-жылдын 1-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Кредиттик макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) жана Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Гранттык макулдашууну (“Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо” долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

 

2. Ушул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

               

             Комитеттин төрагасы                                                                       К. Рыспаев