Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2015-жылдын октябрынан тартып 2016-жылдын сентябрына чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётунун долбоорун бекитүү жөнүндө

06-10-2016
16:40

“2015-жылдын октябрынан тартып 2016-жылдын сентябрына чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётунун долбоорун бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2016-жылдын 4-октябрындагы

 

ЧЕЧИМИ

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети 2015-жылдын октябрынан тартып 2016-жылдын сентябрына чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчётун карап, төмөндөгүдөй чечимге келди:

1. 2015-жылдын октябрынан тартып 2016-жылдын сентябрына чейинки мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отчёту жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясында аталган отчёт менен чыгып сүйлөө - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж.Рыспаевге тапшырылсын.

 

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                              К.Рыспаев

 

2015-жылдын октябрынан 2016-жылдын сентябрь айларынын мезгили ичинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык

комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

отчёту

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети жогорку көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу секторунун тармактарындагы мыйзам базаларын өркүндөтүү жана мыйзамдардын аткарылышын контролдоо боюнча айрым иштерди жүргүздү.

Аталган мезгилдин ичинде Комитет тарабынан 54 маселе, анын ичинде 29 мыйзам долбоору каралган.

 

I. Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген 2015-жылдын 27-ноябрындагы № 807 “Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты – энергетика чөйрөсүндөгү стратегиялык маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү үчүн жеке менчикке муктаж болгон коомдук керектөөлөргө жер участкаларын сатып алуунун (тартып алуунун) өркүндөтүлгөн механизмдерин киргизүү болуп саналат.

2. “Улантуучунун статусу алынгандан кийин кен казып алуучу тармактардын ачык-айкындуулук демилгеси – II фазасы” долбоорун ишке ашыруу максаттарында № ТF 017411 Грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Бүткүл дүйнөлүк банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө”.

Гранттык макулдашуунун максаты – Кыргызстанда төмөнкү жолдор менен Кен казып алуу тармактарынын ачык-айкындуулук демилгесин ишке ашыруу боюнча (мындан ары – КАТД) ар кандай иш-чараларды өткөрүү:

-Кен казып алуу компаниялары жана мамлекеттик органдар үчүн КАТД боюнча отчётторду даярдоону окутуу жана сапатын өркүндөтүү;

-көз карандысыз аудитор тарабынан КАТД боюнча маалыматтарды салыштырууларды жүргүзүү, КАТД боюнча отчётторду чыгаруу жана жарыялоо;

-КАТДны институционалдаштырууну колдоо жана кен казып алуучу компаниялардын иштеринен түшкөн кирешелер боюнча маалыматтарды ачып берүү;

-жарандардын кеңири чөйрөсүн камтуу үчүн семинарларды уюштуруу жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу үчүн коммуникациялар боюнча иш-чараларды жүргүзүү.

3. “Бузуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси мамлекеттин аткаруучу-тескөөчү органдарынын иштеринин процессинде коомчулуктун турмушунун ар кандай чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салууга багытталган, атап айтканда, мамлекеттик же муниципалдык органдар тарабынан калкты массалык тейлөөгө, ошондой эле аталган категориядагы иштерди кароонун өзгөчө процесстик режимине байланыштуу башкаруу мамилелери жаатындагы ченемдик-укуктук акт болуп саналат..

Долбоордун максаты төмөнкүлөр:

-укук тартибин коргоо;

-укук бузуулардын алдын алуу;

-социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү;

-адамдарды мыйзамдарды урматтоо духунда тарбиялоо.

4. “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.

2015-жылга бюджеттин киреше бөлүгүнүн параметрлерине түзөтүүлөрдү киргизүүнүн негизги фактору Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине үстүбүздөгү жылдын августунан тартып кирүүсү, ошондой эле өлкөнүн 2015-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүн өзгөртүү болгон.

Буга байланыштуу, республикалык бюджетке кирешелердин кошумча түшүүлөрүнө ылайык, башкача айтканда Россия Федерациясынын гранты боюнча – 2015-жылдын 9-январындагы 2070,0 млн. сом жана радиожыштык тилкесин ижаралоого – 2015-жылдын 5-6-октябрынан тартып 896,4 млн. сом жаатында 2015-жылга такталган республикалык бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

5. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомол жөнүндө”.

2016-жылга МИП грантын эске алуу менен мамлекеттик милдеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 141433,1 млн. сом суммасында (ИДПга карата 28,2%) болжолдонууда, бул 2015-жылга такталган бюджеттен 14798,3 млн. сомго көп.

2017-2018-жылдардын аралыгында МИП гранттарын эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 149741,0 млн. сомго чейин жана тиешелүүлүгүнө жараша 162038,5 млн. сомго өсөт.

2016-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 163886,9 млн. сом деңгээлинде (ИДПга карата 32,7%) каралууда, бул 2015-жылга такталган бюджеттен 11925,0 млн. сомго көп.

2016-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгы 22453,8 млн. сомду түзөт, бул ИДПга карата 4,5% болот.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-майындагы № 287 токтому менен жактырылган 2014-жылы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу.

2014-жылдын жыйынтыктары боюнча өлкөдөгү экономикалык өсүш Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалоосу боюнча 103,6%ды түзгөн, бул 2013-жылдын деңгээлинен 7,3 пайыздык пунктка төмөн. ИДПнын номиналдык көлөмү 397,3 млрд. сом болду (ИДП 388,8 млрд. сом көлөмүндө болжолдонгон).

“Кумтөр” кенин иштетүү боюна ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 4,6%ды (2013-жылга салыштырганда 6,1%га өскөн) түздү. Калктын жанбашына эсептегенде ИДПнын көлөмү 71,2 миң сомду түзүп, 2013-жылга салыштырганда 1,5%га өскөн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 798 токтому менен жактырылган “Өнөржай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

“Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна байланыштуу “Өнөржай коопсуздугу жөнүндө Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (2013-жылдын
16-ноябрындагы № 202) өнөржай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салган техникалык регламенттердин катарынан ченемдик укуктук актыларга которуу максатында “Өнөржай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгылган.

Долбоорду иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун негизги максаты кооптуу өндүрүштүк объектилерди коопсуз эксплуатациялоону камсыздоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздери болуп саналат. Долбоор кооптуу өндүрүштүк объектилердеги авариялардын алдын алууга жана көрсөтүлгөн авариялардын кесепеттерин лукализациялоого жана жоюуга карата юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоого даярдыктарын камсыздоого багытталган.

8. “2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну денонсациялоо тууралуу”.

9. “2015-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда каржылоо жөнүндө (Борбордук Азия электр энергиясын өткөрүп берүү жана сатуу долбоору) макулдашууларды ратификациялоо тууралуу”, “2015-жылдын 2-октябрында Люксембург шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Европа инвестиция банкынын ортосунда каржылоо жөнүндө (Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын өткөрүп берүү) Макулдашууну ратификациялоо тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 158 токтому менен жактырылган “2016-жылдын 4-январында Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы жана Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык макулдашууну (Борбордук Азия – Түштүк Азия (CASSA-1000) электр энергиясын өткөрүп берүүнүн жана сатуунун кыргыз бөлүгү) ратификациялоо жөнүндө”.

Долбоорго ылайык, (CASSA-1000) линиясы боюнча электр энергиясын жайкы мезгилде гана (май айынан сентябрга чейин) экспорттоону жүзөгө ашыруу пландаштырууда. Ал эми Кыргыз Республикасы жана Тажик Республикасы электр энергиясына ашыкча ээ болсо, Пакистан Ислам Республикасы жана Афганистан Ислам Республикасы электр энергиясынын таңсыктыгын башынан өткөрүп жатышат.

Жогоруда көрсөтүлгөн макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасына 29400000 өлчөмүндө АДТ насыялык жана гранттык каражат (45 млн. АКШ доллары эквалентинде) бөлөт, алардын ичинен 4400000 АДТ – грант түрүндө (6,75 млн. АКШ доллары эквалентинде) жана 25 000 000 АДТ – жеңилдетилген насыя түрүндө (38,25 млн. АКШ доллары эквалентинде) 0,75%дык ставка менен 40 жылдык мөөнөткө, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Насыянын ордун жоюу жарым жылда бир жолу, ар бир жылдын 15-февралында жана 15-августунда бирдей төлөмдөр менен жүзөгө ашырылат.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 218 токтому менен жактырылган “Токтогул ГЭСин жана Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагындагы суу сактагычтан келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”.

Суу сактагычты куруунун жыйынтыгында 22 калктуу конушту жана 33 миң гектар жерди суу басып, 23 миң гектар айыл чарбасына жарактуу жерлер, токойлор жана коргоого чектеш жерлер айыл чарба жүгүртүүсүнөн чыгарылган.

Буга байланыштуу, Комитет Токтогул ГЭСин жана Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагындагы суу сактагычтан келтирилген зыянды компенсациялоо өлчөмүн 43 млн. сомдон 70 млн.сомго чейин көбөйтүүнү зарыл деп эсептеген.

 

II. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчёттору

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-ноябрындагы “2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” № 56-VI токтому, анда төмөнкү курч көйгөйлөр белгиленген:

-бюджеттик уюмдар тарабынан керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн карыздардын төлөнүшүн өз мезгилинде толук көлөмүндө камсыздоо;

-министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын өз алдынча башкаруу органдары тарабынан отун даярдоо графиктеринин аткарылышын, электр энергиясын жана күчүн керектөөнүн белгиленген лимиттерин жана бөлүнгөн акча каражаттарынын алкактарында сакталышын, керектелген электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы үчүн карыздардын ордун өз мезгилинде жоюуну камсыздоо боюнча чараларды көрүү;

-“Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чектеринде 2015-жылы бийик тоолуу райондордун тургундарына компенсациялык каражаттарды квартал сайын өз мезгилинде бөлүүнү камсыздоо;

-2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгили аякталганга чейин Казакстан Республикасынын Кулан кенинен алынып келинген Бишкек ЖЭБнин аймагындагы 618,6 тонна көлөмүндө радиоактивдүү көмүрдү утилдештирүү жөнүндө маселени чечүү;

-2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгили аяктаганга чейин өз мезгилинде каржыланбоодон түзүлгөн керектелген электр жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн бюджеттик уюмдардын жаза пул санкцияларын жана туумдарын реструктуризациялоону жүргүзүү;

төмөндөгү мүмкүнчүлүктөрдү кароо:

-Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн импорттолуучу отун ресурстарына (көмүргө, жаратылыш газына, жагылуучу мазутка) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөө;

-Таш-Көмүр шаарынын көмүр ишканаларынан Бишкек шаарынын ЖЭБине катуу отун алып келүү;

-Ош шаарынын ЖЭБин катуу отунга өткөрүү.

2. “2016-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан “Кумтөр” долбоорунун ишине жана кошумча эмиссия катары 4,6 миллион акцияларды чыгаруунун мыйзамдуулугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5447-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акыркы үч жылдан бери 50-50 сандык катышта артыкчылыктуу биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө канадалыктар менен сүйлөшүп келе жатат. 2013-жылдын жай айында инвестор жана Өкмөт менен меморандумга кол коюлган. Ал биргелешкен ишкана түзүүдө кыргыз тарабына кен казып алуу иштерин толугу менен контролдоого мүмкүндүк берет. Биргелешкен ишкана түзүүдөн улам мамлекеттик казынага салыктардын түшүүсү көбөймөк эле. 2014-жылы алдын ала божомолдоо боюнча өлкөнүн бюджетине кошумча 65 миллион, ал эми 2015-жылы 100 миллион АКШ долларына чейин каражат түшүшү керек болгон. Бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн оптимисттик божомолу акталган жок. Азыркы учурда 2016-жылдын 23-майында соттук процесстин жыйынтыктары боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык соту 663239 сом суммасында Кумтөр кенинин уулуу заттар сакталган жайында такталбаган таштандыларды жайгаштыргандыгы үчүн келтирилген зыян боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын доо талаптарын, ал эми 2016-жылдын 25-майында аталган сот 6698878290 сом суммасында керексиз топурактарды четке чыгаруулардын жыйынтыгында айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн тартылган зыян боюнча доо-талаптарын канааттандырган.

Канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы соттун чечимине макул болбой, “Кумтөр”  долбоору боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн Гаагадагы арбитраждык сотко кайрылган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти А. Атамбаев тарабынан 2003-2004 жана 2009-жылдары “Кумтөр” долбоору боюнча макулдашуулардын мыйзамдуулугун тергөөнү кайра жандандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна тапшырма берилгендигин белгилей кетүү зарыл.

3. 2016-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2015-жылдын 30-декабрындагы № 6-29311/15 чечимине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги “Кыргызтуракжайкоммунбирлиги” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” № 340-V токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан “Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөржай министрлигине караштуу “Кыргызтуракжайкоммунбирлиги” № 340-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселе каралып, натыйжада аталган ишкананы кайра түзүү жокко чыгарылган.

4. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө отчёту.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин баалоолору боюнча 2015-жылдын жыйынтыктарына караганда өлкөнүн экономикалык өсүшү 103,5%ды түздү. Социалдык милдеттенмелер бекитилген параметрлердин алкактарында аткарылган. 2014-жылы бюджеттин таңсыктыгы ИДПга карата 1,5%ды түздү, бул өткөн 2014-жылы 0,5% болгон.

2015-жылы экономикалык өсүүнүн терс факторлоруна таасир тийгизүүдөн улам өсүү 2014-жылы 4,0%дан 3,5%га чейин кечеңдеди. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 2014-жылдагы 5,0%га салыштырганда 4,5%ды түздү.

5. 2017-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын бюджет резолюциясы боюнча сунуштар.

Комитет 2016-2018-жылдары бюджет резолюциясына сунушталган иш-чаралар аларды акыр аягына чейин улантууну талап кыла тургандыгын билдирет. Ошондуктан Комитет бюджеттик резолюцияга жана 2017-2019-жылдарга төмөндөгүдөй тоо-кен казып алуу жана энергетикалык тармактар боюнча бир катар сунуштарды киргизүүнү сунуш кылат:

тоо-кен казып алуу тармагы боюнча:

 

“Жерүй”, Иштамберди, Бозымчак, Куруу-Тегерек, Шамбетсай, Талды-Булак-Талас, Тоголок жана башка чалгынданган жана иштетүүгө даяр түстүү металлдар жаткан жерлерди өздөштүрүү жана алтын казып алуу процесстерин тездетүү;

-Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан алтын кендерин иштетүү шарттарын түзүү жана улантуу;

-энергетикалык тармак боюнча:

-инвестицияларды издөөнү тездетүү, Камбарата ГЭС-1ди, Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын (4 ГЭС) куруну улантуу;

-көмүрдөн технологиялык газ чыгарууну колдонуу жана Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече маршруту боюнча темир жолун куруу мүмкүнчүлүгү менен Кара-Кече жылуулук электр станциясынын ТЭНнин иштеп чыгуу жана куруу үчүн инвестицияларды издөөнү тездетүү;

-“Түндүк Сох” жер алдындагы газ сакталуучу жайды, “Түндүк Сох” жана “Чоң-Кара – Галча” газ-мунайзат жаткан жерлерди кайра кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү жана аларды эксплуатациялоого каражатты (инвестрлөөгө) алдын ала кароо.

III. Комитеттин көчмө жыйналыштары, иш-чаралар жана кайрылуулар, депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуулары

 

1. “2015/2016 күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө”.

2015-жылдын 17-ноябрында Комитеттин жыйналышында аталган токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отчёту угулуп, анда өзүнүн төмөндөгүдөй позициясын белгилеген:

-2015/2016-жылдардын күз-кыш мезгилинде Кыргыз Республикасынын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону жана энерго тутумунун туруктуу иштөөсүн камсыз кылууну;

-ар жылдык финансылык планга, ресурстарга, кирешелерге жана бюджеттик чыгымдарга ылайык коммуналдык кызмат төлөөлөргө карата “2015-жылга республикалык бюджет жана 2016-2017-жылдарга божомол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансылык каражаттарды бөлүүнү толук көлөмүндө жүзөгө ашырууну;

-Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан каражаттарды өз мезгилинде бербегендигинин жыйынтыгында түзүлгөн керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн бюджеттик уюмдарга чегерилген айып пул санкциялары жана туумдар боюнча маселени чечүүнү;

-Бишкек ЖЭБнин аймагындагы 620,0 тонна көлөмүндө Кулан көмүр кенинен алынып келинген радиоактивдүү көмүр боюнча маселени тезинен чечүүнү;

-2015-жылдын 1-декабрына чейин Бишкек шаарынын ЖЭБне “Кыргыз көмүр” МИсинин көмүрлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-майындагы № 319 токтому менен белгиленген көлөмдөрдө алып келүү маселелерин чечүүнү.

2. 2015-жылдын 24-ноябрында “2015-2016-жылдардын күз-кыш мезгилине карата “Электр станциялары” ААКсынын филиалдарынын, “Бишкек ЖЭБнин даярдыгы жөнүндө” Бишкек ЖЭБде көчмө жыйналыш уюштурулуп, “2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган “Бишкек шаарынын жылуулук электр борборлорун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы жеңилдетилген сатып алуу насыясынын насыялык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө” 2013-жылдын 23-декабрындагы № 224 мыйзамынын аткарылышы угулуп, 618,6 тонна көлөмдө Казакстан Республикасынын Кулан көмүр кенинин радиоактивдүү көмүрлөрүн жок кылуу боюнча маселе коюлган.

3. “Алтын казып алуунун экологиялык коопсуз технологиясы” жана “Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жолдору” темасындагы бет ачарлар. “В.И.Д. Майнинг Компани” компаниясы 2015-жылдын 23-декабрында “Хаятт Ридженси Бишкек” отелинде “Кыргызстандын коомчулугунун кеңири катышуусу менен КАТДны валидациялоого даярдоо жаатында КАТД стандарты боюнча отчёттуулук жөнүндө” улуттук конференция өткөрүп, ага депутат К. Рыспаев катышкан.

4. 2010-жылдын 5-февралындагы “Джунда” Чайна Петрол Компани” ЖЧКсы тарабынан Кара-Балта шаарында мунайзатты кайра иштетүүчү заводдун курулушу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун маалыматтары тууралуу” жана “Джунда” Чайна Петрол Компани” ЖЧКсы мунайзатты кайра иштетүүчү заводунун кызматкерлеринин кайрылуусу жөнүндө” (2016-жылдын 25-январындагы № 6-2186/16 чечими) Комитеттин чечимдерин аткаруу боюнча 2015-жылдын 28-апрелиндеги Комитеттин чечиминин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;

-2015-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын жазма буйруктары аткарылган, “Джунда” Чайна Петрол Компани” ЖЧКсынын кызматкерлеринин тизмедеги курамы 2015-жылдын 1-ноябрына карата 953 адамды, анын ичинен кыргыз жарандары – 592, кытай жарандары – 361 адамды түзөт.

Мындан тышкары, 2015-жылдын 14-декабрынан 30-декабрына чейин “Джунда” Чайна Петрол Компани” ЖЧКсынын заводунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын экологиялык жана техникалык коопсуздук иштеринин пландык текшерүүлөрү жүргүзүлгөн.

5. “Кыргызмунайгаз” ААКсынын финансылык-чарбалык иштеринин өткөрүлгөн анализинин жыйынтыктары жөнүндө маселени кароодо Комитет аталган ААКнын жана Кыргыз Петролеум Компани ЖАКсынын финансылык чарбалык иштерин комплекстүү текшерүү жаатында мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө белгилеп, анын жыйынтыктары боюнча аталган ААКнын жана ЖАКнын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчиликтерин кароо зарылдыгын көрсөткөн.

6. 2015-жылдын 27-октябрындагы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКсынын “Орок” 110/35/10 киловатт көмөкчү чордонунун жабдууларынын техникалык бузулуулары жөнүндө” жана “2015-жылдын 23, 28-декабрында Токтогул гидроэлектрстанциясында түзүлгөн кырдаал жөнүндө” маселелерди карап, Комитет жогоруда көрсөтүлгөн бузулуулардын келип чыгышына тиешелүү бардык кызмат адамдарын жоопкерчилике тартууну белгилейт.

7. “Нарынгидроэнергокурулуш” ААКсынын финансылык-экономикалык абалы жөнүндө” маселеде Комитет ГЭС объектилерин куруу жана социалдык фондго салыктар боюнча “Нарынгидроэнергокурулуш” ААКсынын түзүлгөн карыздарын реструктуризациялоо үчүн улуттук башкы подрядчы катары “НГЭК” ААКсын жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн кароону белгиледи.

Комитет өз ишин ачык-айкындуулуктун, коомчулук менен тыгыз байланыштын негизинде жүргүзөт.

Мисалы, отчёттук мезгилдин ичинде жумушчу топтор уюштурулуп, депутаттардын эл жана тоо-кен казып алуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары уюштурулган. Депутаттардын мыйзам чыгаруу ишиндеги активдүүлүгүн белгилей кетүү керек. Мисалы бул багытта “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жандануучу булактары жөнүндө”, “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Комитеттин алдында атайын жумушчу топ уюштурулган.

Комитеттин төрагасы К. Рыспаев тарабынан “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун жаңы редакциясы иштелип чыгылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген, анын максаты мыйзамдагы айрым жоболорду өркүндөтүү жана кездешкен кенемтелерди четтетүү болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет өзүнүн мыйзам чыгаруу ишин жана контролдук функцияларын мындан ары да өз ыйгарым укуктарын чектеринде жүргүзө берет.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                             К. Рыспаев