Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 2020-жылдын 25-февралындагы КОРУТУНДУСУ

28-02-2020
15:56

 

 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

 

Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

2020-жылдын 25-февралындагы

 

КОРУТУНДУСУ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 24 токтому) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүнү белгилейт.

 

Бул мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери болуп алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды сатуу учурда кен казып алуучу жана кенди кайра иштетүү ишканаларынын киреше салыгынын ставкаларын
3 %га жогорулатуу, ошондой эле металл камтыган рудаларын жана концентраттарын сатууда роялти салык базасын кайра карап чыгуу болуп саналат.

Маалым кат-негиздемеде көрсөтүлгөндөй мыйзам долбоору кен казып алуу тармагындагы ишканаларынын кирешелеринин салыгын администрациялоону тартипке келтирүүгө жардам берет, баалуу металлдарды камтыган рудалардын жана концентраттардын кайра иштетүү азыктарын кайтарымдуулугун камсыз кылат, бардык түрдөгү рудаларды жана концентраттарды кайра иштетүүгө жөндөмдүү кайра иштетүүчү кубаттуулуктарды курууга түрткү берет жана ошол эле мезгилде экспорттук алымды киргизүүнүн ордуна альтернативдүү механизм болуп эсептелет деп белгиленет.

Комитет, өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин (мындан ары - ӨЭЖМК) мурда берилген материалдары боюнча 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча 8 тоо-кен казып алуучу компания курамында 5 518,38 кг алтын жана 14 272,95 кг күмүш камтыган 73 401,87 тонна концентрат (кургак салмак), ал эми 1 компания курамында 764,35 кг алтын жана 964,072 кг күмүш камтыган 130 900 тонна руда чыгарып кеткендигин маалымдайт. 

Ушуга байланыштуу, аффинаждалган баалуу металлдардын кайтарымдуулугун камсыздоо жана ошол эле убакта тармактын инвестициялык климатын сактоо үчүн, мыйзам долбоордун маалым
кат-негиздемесинде, аффинаждалган баалуу металлдарды жана эритмелерди сатууда ставкаларды өзүнчө бөлүп, өзгөрүүсүз калтыруу менен, кен казып алуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканаларынын киреше салыгынын ставкасын 3 %га көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө белгиленет.

Башкача айтканда, алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгуу жана сатуу учурунда көрсөтүлгөн салыктын ставкасы жогорулайт. Кайра иштетилген аффинаждалган металлды кайта алып келүүнүн шарты менен алтын камтыган рудаларды жана концентраттарды алып чыгууда жогорулатылган салыктын ставкалары жер казынасын пайдалануучуга таасирин тийгизбейт, ошол өлчөмдө ошондой бойдон калат.

Ошондой эле маалым кат-негиздемеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан берилген эсептерге ылайык салыктык ставканы 3 %га жогорулатууда кирешеге кошумча келип түшүүлөр болжолдоп алганда 292,2 млн.сомду түзөрү, мында тоо-кен казуучу жана/же кайра иштетүүчү ишканалар алтын камтыган рудаларды жана алтын камтыган концентратты сатуу шартында, ал эми ӨЭЖМК мурда берген маалыматтар боюнча бюджетке кошумча келип түшүүлөр болжолдоп 266,0 млн сомду түзө тургандыгын, бул эсептер көрсөткөндөй, болжолдоп келип түшүүлөр орточо эсеп менен 280,0 млн сомду түзөрү белгиленет.

Киреше салыгынын колдонуудагы ставкасында ушул салыктын ири салык төлөөчүлөрү үчүн салыктык жүктөм орточо эсеп менен пайдага карата 7,5-11,2 % түзөт. Ставка 3 %га жогорулаганда ишканалардын салыктык жүгү орточо эсеп менен пайдага карата 10,9-13,8 % түзөт же 2,6-3,4 %га өсөт.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан биржалык металлдын наркына жараша эсептелүүчү химиялык таза металл жана биржалык металл камтыган рудадагы же концентраттагы метталдын көлөмүн аныктоо Тартиби иштелип чыгышы зарыл экени камтылган.

Ошондой эле бул мыйзам долбоору менен роялти салыгынын чегерүүлөрүнүн өлчөмүн турукташтыруу үчүн, ошондой эле ак ниетсиздик менен салыктарды жашыруунун фактыларын жою максатында, Лондондук металлдар биржасында белгиленген бааларга ылайык, баалуу металлдарды камтыган рудасынын жана концентраттарынын наркын колдонуу менен роялти салык базасын аныктоо менен роялти салыгынын механизмдерин администрациялоо маселеси иштелип чыккан. Бул ченем ата мекендик жер казынасын пайдалануучулардын баалуу металлдарды камтыган рудалардын жана концентраттардын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууда түшкөн каражаттары чет өлкөлүк ишканалар акча каражаттарын чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөрүнө байланыштуу киргизилип жатат. Өз кезегинде, чет өлкөлүк ишкананын өзүнүн жеке лабораториялардын рудаларда жана концентраттарда баалуу металлдардын камтылган өлчөмүнүн маалыматтарына жараша каражаттарды которушат. Ата мекендик лабораториялардын рудадагы же концентраттагы металлдардын маалыматтар жыйынтыгы боюнча кээ бир учурларда курамы жогору болгондугуна карабастан, чет өлкөлүк сатып алуучу компания роялти салыгын алардын “төмөндөтүлгөн” маалыматтарына ылайык төлөйт.

Ушуга байланыштуу, Комитет мамлекеттик лабораториянын маалыматтар жыйынтыгы боюнча рудадагы жана концентраттагы баалуу металлдардын курамы жөнүндө маалыматтардын негизинде жер казынасын пайдалануучулардын пайдасын эсептөө боюнча ченемдерди киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык мыйзам долбооруна төмөнкүлөрдүн корутундулары бар:

 - Жогорку Кеңештин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн (2020-жылдын 11-февралындагы кир.№ 6-2734/20);

- Жогорку Кеңештин Аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн (2020-жылдын 7-февралындагы кир.№ 6-2452/20);

- Жогорку Кеңештин Аппаратынын лингвистикалык экспертиза бөлүмүнүн (2020-жылдын 18-февралындагы кир.№ 6-3365/20).

Мында, КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмү (мындан ары - Бөлүм) өз  корутундусунда Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясында расмий тилдеги “золотосодержащую руду” деген бир түшүнүк мамлекеттик тилде: “алтын камтыган казынды” жана “алтын камтыган казылма” деп ар түрдүү сөздөр колдонулат, ал эми мыйзам долбоордо “алтын камтыган кен” деп колдонулат деп белгилейт.

Ошондой эле, бул Бөлүм Кыргыз  Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясында расмий тилинде “полезные ископаемые” деген сөздөр мамлекеттик тилде “пайдалуу кендер” деп берилген, бирок 309-берененин 1-пунктунда “пайдалуу казындылар” деп алынгандыгын маалымат катары билдирет.

Кошумча катары, Бөлүм мыйзам долбоордо колдонулуучу терминологияны “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин
3-бөлүгүнө ылайык келтирүүнү, ошондой эле мыйзам долбоордун
1-беренесинин 2-пунктунун 4-абзацындагы “, же” деген сөздөгү үтүрдү алып салууну сунуштайт, себеби бул сөз каралып жаткан редакцияда өзүнчө мааниге ээ бербейт жана редакцияга туура келбейт. 

 Бөлүм мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда каралып жаткан 309-берененин 1-пунктунун редакциясын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 34-пунктуна ылайык келтирүүнү да сунуштайт.

Бул Бөлүм, КР ЖКнын Аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмү сыяктуу эле “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 115-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен, жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу тууралуу, бюджет, салык жана башка алымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү экендигин белгилейт.

Өз кезегинде, лингвистикалык экспертиза бөлүмү Мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттери бири-бирине дал келтирилгенин белгилейт. Грамматикалык өӊүттөн алганда Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги редакциясындагы стилистикалык жана орфографиялык каталар оңдолду. Мыйзам долбоорунун мамлекеттик тилдеги текстинде колдонулган түшүнүктөр колдонуудагы мыйзамга ылайык бирдейлештирилди.

 

Маалым кат-негиздемеде бул мыйзам долбоорду кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге жана республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт деп белгиленет. Коомдук талкууну камсыздоо жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн, бул мыйзам долбоор 2019-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган, сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн эмес. Сунушталган мыйзам долбоорго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлгөн.

 

Жогоруда баяндалгандын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы төмөнкү сунуштарды эске алуу менен жактырылсын:

Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун б)-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“2. Химиялык таза металлдын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкталуучу биржалык металлдын наркына жана Кыргыз Республикасынын аймагында эсепке алууну контролдоо жобосунан өткөн учурда аныкталган металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет.

Биржалык металлдын наркы салыктык мезгилдин ичинде Лондондогу металл биржасында баалардын котировкасы жарыяланган күндөрдөгү металлдарга күнүмдүк орточо баалар котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.

3. Ушул главада биржалык металл деп наркы Лондондогу металл биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.”;

- “химиялык таза металл” деген сөздөргө түшүндүрмө берилсин;

- кен казып алуучу жана кенди кайра иштетүү ишканаларынын киреше салыгынын ставкаларын 7 %га жогорулатуу.

2. Ушул корутунду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                          К.Ж.Рыспаев