Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жана “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022 жылдын 21-июнундагы ЧЕЧИМИ

20-06-2022
09:50

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2021-жылдын 26-ноябрындагы № 5 Чечимине ылайык, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын жана энергетикалык компаниялардын алдына Кыргыз Республикасынын энергетикалык тармагын комплекстүү реформалоону жүргүзүү боюнча бир катар милдеттер коюлган.

Жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 51-т тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясы кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2022-жылдын 18-февралында №01-13-23 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасын” бекиткен.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, Реформалоонун жол картасын ишке ашыруунун алкагында 2022-жылдын 23-мартынан тартып 26-мартына чейин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКда (мындан ары- Кыргызстан УЭТ), “Түндүк электр” ААКда, “Чыгыш электр” ААКда, “Ош электр” ААКда, “Жалал-Абад электр” ААКда, ошондой эле “Электр станциялары” ААКда жана “Бишкек жылуулук тармагы” ААКда акционерлердин кезексиз жалпы чогулуштары өткөрүлгөн, аларда “Кыргызстан УЭТ” ААКга бөлүштүрүүчү энергия компанияларын (“Түндүк электр” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ош электр” ААК жана “Жалал-Абад электр” ААК) кошуу формасында аны кайра уюштуруу жөнүндө, ошондой эле “Электр станциялары” ААКга “Бишкек жылуулук тармагы” ААКны кошуу формасында аны кайра уюштуруу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги көрсөтүлгөн энергетика компанияларын кайра уюштуруу процессинде “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жана “Электр станциялары” ААКнын кошумча акцияларын чыгаруу жана аларды “Түндүк электр” ААКнын, “Чыгыш электр” ААКнын, “Ош электр” ААКнын, “Жалал-Абад электр” ААКнын жана “Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын акционерлеринин арасында белгилегендей жабык жайгаштыруу маселеси келип чыгат. Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн компанияларды кошуу жөнүндө Келишимдерге ылайык, атайын коэффициентти колдонуунун эсебине ар бир акциянын номиналдык наркы көбөйөт деп белгилейт.

            “Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-статьяларына ылайык, акциялардын мамлекетке таандык болгон 93,72 пайыз өлчөмүндөгү үлүшү сатылышы, күрөөгө коюлушу, Кыргыз Республикасынын тышкы карыздарын тындыруунун эсебине алмаштырылышы, кимге гана болбосун ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилиши, ошондой эле жаңы акцияларды чыгаруу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

           Комитет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2022-жылдын 18-февралында №01-13-23 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын башкаруу системасын реструктуризациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча жол картасын” аткаруунун   жүрүшү жөнүндө    маалымат толук көлөмдө берилбегендигин белгилейт.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечими (16.06.22-ж. кир.№ 6-12680/22, тиркелет).

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечимге келди:

  1. “Токтогул гидроэлектр станцияларынын каскадынын жана улуттук жогорку вольттуу электр берүү линияларынын өзгөчө статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык алардын базасында түзүлгөн, жогоруда аталган акционердик коомдордун акцияларынын кеминде 93,72 пайыздан кем эмес мамлекеттик менчикти сактоо менен “Электр станциялары” ААКнын жана “Кыргызстан УЭТ” ААКнын жаңы акцияларын чыгарууга макулдук берилсин.
  2. Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана бул маселени кароо учурунда Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Т.А.Айталиев баяндамачы болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги  2022-жылдын
1-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине бул Чечимдин аткарылышы жөнүндө маалымат берилсин.

4. Бул Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн

 

Комитеттин төрагасы                                                             А. Турсунбаев