Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү” концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 17-майындагы ЧЕЧИМИ

19-05-2022
09:58

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI-чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети чечим кабыл алды:   

 

1. Токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 

“3. Коомдук кеңеш төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

- Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин  төрагасынын орун басары, коомдук кеңештин төрагасы;

- А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;

- А.Б.Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Б.З.Түлөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- А.Т.Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Г.О.Култаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- М.К.Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- М.О.Темирбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү;

- Э.Э.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук кеңештин мүчөсү.

2. Токтомдун 6-пунктундагы “жана жер казынасын пайдалануу” деген сөздөр “, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты” деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна токтомдун долбоору киргизилсин, бул маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты  Д.Д.Бекешев баяндамачы болуп аныкталсын.  

4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                              А.Турсунбаев