Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 29-мартындагы ЧЕЧИМИ

05-04-2022
10:25

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун - энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдадануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (Мындан ары – Министрлик) 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Бул тизме Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын системасындагы функциялык, түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу жана "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан киргизилүүдө. Мыйзамдын 2-беренесинде текшерүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган юридикалык жактар, жеке ишкерлер, филиалдар жана өкүлчүлүктөр деп белгиленген.

Бул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык мамлекеттик контролдоочу органдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-февралындагы №38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө байланыштуу мамлекеттик контролдоочу органдардын контролдоо жана көзөмөл жүргүзүү функциялары аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүлүп берилген.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан мамлекеттик органдарга төмөнкү функциялар өткөрүлүп берилген:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине жер мыйзамдары, суу чарбасы чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылууну контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары (метрологиялык көзөмөл);

- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине эмгек мыйзамдары чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине транспорт чөйрөсүн контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жер казынасын пайдалануу, өнөр жай коопсуздугу жана экологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине энергетика чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине курулуш чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы        № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо жөнүндө"  токтомуна ылайык, этил спиртин, алкоголдуу жана спирт камтылган продукцияларды чыгарууну жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү лицензиялоо функцияларын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берилгендигин белгилеп коюу керек.

Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 29-январында №3 "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" Жарлыгы жана 2021-жылдын 4-мартында №61 "Ишкер субъекттерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыктары чыккан. Бул Жарлыктар менен укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкер субъекттердин ишине негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу милдети коюлган.

Ушуга байланыштуу, ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укуктуу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын колдонуудагы тизмесин жаңылоо зарылчылыгы келип чыкты.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун бул долбоорун кабыл алуу жагымсыз социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кат жүзүндө сунуш келип түштү (кир.: №6-2293/22, 17.02.2022-ж.)

Жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 12-пунктунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы белгиленген. Бирок аталган кызмат айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу, тоо жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын толук мамлекеттик контролго алууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыра албайт, анткени бул ыйгарым укуктар менен функционалдык милдеттер эң оболу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жүктөлгөн.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин жактыруу жөнүндө» маселени кароодо Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин кошууну өтүнөт.

Ошондой эле, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы бар кезде бардык ишкердиктин субъекттерине 8 функция боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүшчү. Азыркы сунушталып жаткан долбоордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жоюулгандыгына байланыштуу аталган инспекциянын ыйгарым укуктарын башка мамлекеттик органдарына бөлүнүп берилгени жатат. Бул долбоор жактырылса ишкердиктин субъекттерин текшерүүчү органдардын саны көбөйүп, бүгүнкү экономикалык оор кырдаалда ишкерлерибизге бир топ кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн экендигин Комитет мүчөлөрү белгилешет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин жактыруу жөнүндө» токтомунун  долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 310 токтому менен бекитилген «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги» сунуштарды эске алуу менен жактырылсын.

2. Бул чечимдин көчүрмөсү Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жалпылоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                    А. Турсунбаев