“2016/2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин
2016-жылдын 25-октябрындагы
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “2016/2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215-токтомунун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан берилген маалыматты карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык төмөндөгүлөрдү даярдоо зарыл:
- 2468,4 миң тонна көмүр, анын ичинде бюджеттик мекемелерге 260,17 миң тонна, калкка 1058,264 миң тонна, Бишкек шаарынын ТЭЦ 150,0 миң тонна, анын ичинде 450,0 миң тонна кыргыз көмүрү, 700,0 миң тонна импорттолгон көмүр;
- күйүүчү мазут 43,374 миң тонна, анын ичинде Ош шаарынын ТЭЦ 7 миң тонна, “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИ объектилерине – 34,974 миң тонна, Оштогу “Жылуулук берүүчү” МИ 1 миң тонна, Кыргыз Республикасынын Мамчекара кызматына 0,4 миң тонна.
2016-жылдын 1-январынан 1-августуна чейин жаратылыш газын берүү 147,2 млн.куб.м. түздү, анын ичинде “Газпром Кыргызстан” ЖЧК “GazpromSchweizAG” компаниясынан 144,8 млн.куб.м. “Кыргызнефтегаз” ААК 2,4 млн.куб.м.
12.10.2016-жылга абал боюнча бюджеттик мекемелер тарабынан 87,9 миң тонна көмүр (күнүмдүк пландан 92,8%), калк үчүн 400,6 миң тонна (күнүмдүк пландан 112,85%) даярдалган.
Бишкек шаарындагы ТЭЦ 11.10.2016-жылдагы абал боюнча жагыла элек көмүр 284,6 миң тоннаны (2015-ж.-289,3 миң тонна), күйүүчү мазуттун запасы 4,982 миң тоннаны (2015-ж.-5,2 миң тонна) түзөт.
Ош шаарынын ТЭЦ 11.10.2016-жылга абал боюнча күйүүчү мазуттун запасы 7,512 миң тоннаны түздү (2015-ж.-16,45 миң тонна). 2016-жылдын октябрында “Кыргызнефтегаз” ААК менен келишим түзүү пландаштырылып жатат.
“Бишкек жылуулук тармагы” ААК боюнча 01.10.2016-жылдагы абалга карата ремонттук иштер 102,06 млн. сом суммасына (102%) аткарылган. Үйлөрдүн ички жылуулук системасын жана ысык суу берүү системасын техникалык тейлөөгө чыгымдар 63,7 млн. сомду (110%) түзгөн.
“Бишкекжылуулукэнерго” КП боюнча 2016/2017-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде 12,4 миң тонна көмүр даярдоо милдети турат. 01.10.2016-жылдагы абал боюнча 6,1 миң тонна көмүр даярдалган. Жарактан чыккан жылуулук түйүндөрүнүн 2293,0 м. жаңыланды, жылуулук берүүчү мезгилге бардык 60 буу казандары даярдалды.
“Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИ боюнча 2016/2017-жылдардагы күз-кыш мезгилинде 70,51 миң тонна көмүр жана 34,97 миң тонна күйүүчү мазут даярдоо зарыл. 12.10.2016-жылга абал боюнча 25,32 миң тонна (күнүмдүк пландан 110%) жана 11,1 миң тонна (күнүмдӊк пландан 97,3%) күйүүчү мазут даярдалды. Ведомстволорго баш ийген буу казандарды отундун альтернативдүү түрлөрүнө (көмүргө, жаратылыш газына) өткөрүү боюнча 2015-2018-жылдардын мезгилине перспективалык план иштелип чыкты.
“Кыргызкөмүр” МИ боюнча 2016-жылдын январь-сентябрь айларында өндүрүш продукцияларынын көлөмү 1 083,5 млн. сомду түздү, көмүрдү казып алуу 943,6 миң тоннага чыкты, анын ичинде түндүк регион боюнча 385,2 миң тоннаны, түштүк региону боюнча 558,4 миң тоннаны түздү Жалпысынан республика боюнча көмүрдү казып алуу 2015-жылга салыштырганда 239,8 миң тоннага төмөндөгөн.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 504 отун базалары жана пункттары көмүрдү сатуу иштерин жүргүзүп жатат.
Комитет көмүрдү берүү маданият мекемелери боюнча (60,3%га), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги боюнча (43,4%га), Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча (57,4%га), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы боюнча (21,6%га), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы боюнча (85,1%га), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч, орто жана кесиптик билим берүү агенттиги боюнча (24%га) ОШ шаарынын “Жылуулук менен тейлөө”МИ боюнча (26,9%га) графиктен артта калуусу бар экендигин белгилейт.
Баткен (77,3%), Ош (56,3%) областтарынын жана Бишкек шаарынын (82,4%) калкы үчүн көмүрдү даярдоо боюнча күнүмдүк пландан артта калууга көңүл буруу зарыл.
“Электрстанциялары” ААК боюнча 2016-жылда электрдик энергияны (мындан ары электрэнергия) өндүрүүнүн планы 12902,1 млн. кВтч, жылуулук энергиясы 2,0 млн. Гкал түзөт.
2016-жылдын 9 айы үчүн электрэнергияны иштеп чыгуунун көлөмү 8,65 млрд. кВтч түзгөн, (ТЭЦке – 1140,7 млн. кВтч, ГЭС – 7514,7 млн. кВтч) (2015-ж. – 8,73 млрд. кВтч).
01.04.2016-жылдагы абал боюнча Токтогул суу сактагычынын гидроресурстарынын көлөмү 8,9 млрд.куб.м. (2015-ж.–6,4 млрд.куб.м.) 11.10.2016-жылга 17,245 млрд.куб.м. (2015-ж.–12,785 млрд.куб.м.) түзгөн.
2016-жылдын апрель-июнь мезгилинде Казахстан Республикасынан 133,163 млн.кВтч көлөмүндөгү электр энергиясын импорттоо ишке ашырылган. Өз ара алмашуу алкагында Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин алкагында 2016-жылдын 4-августуна 28-августуна чейин Казахстан Республикасына 197,5 млн. көлөмүндө электрэнергиясын берүү жүзөгө ашырылган, ага ылайык Үч-Коргон ГЭСинен 350 куб.м/сек. көлөмүндө суу Казахстан Республикасынын айыл чарба керектөөчүлөрү үчүн берилип турган. 2016-жылдын 15-сентябрынан 10-ноябры мезгилинде өз ара алмашуу алкагында Кыргызстандын энергосистемасынан 200 млн.кВтч көлөмүндө электр энергиясын экспорттоо ишке ашырылат.
2016-жылга “Чакан ГЭС” ААК боюнча электрэнергиясын өндүрүү 154,0 млн. кВтч. көлөмүндө пландаштырылган. 2016-жылдын 8 айы үчүн иштеп чыгуунун оперативдүү көлөмү 123,77 млн. кВтч түзгөн, бул 2015-жылдын көрсөткүчүнөн 25,4% көп – 98,72 млн. кВтч.
“Кыргызстандын НЭС” ААК Борбордук Азиянын ОЭС, Казахстандын ЕЭС жана Россиянын ЕЭС менен үзөңгүлөш иштеп жатат. “Кыргызстандын НЭС” ААК менен “KEGOC” ААК (Казакстан энерго тармагынын системалуу оператору) ортосунда кол коюлган макулдашууга ылайык. 2016-жылдын 8 айында “КыргызстанУЭТ” ААК тармагында электрэнергиясын техникалык жоготуу пландагы 493,7 млн. кВтч (6,02%) ордуна 449,9 млн. кВтч (5,73%) түзгөн.
2016-жылдын январь-сентябры үчүн бөлүштүрүүчү электр компанияларынын (мындан ары – БЭК) тармагынан 7 175,7 млн. кВтч электр энергиясы келип түшкөн. Берилген электр энергиясынын акысы 8 5899,8 млн. сомду (104,1%) түзгөн.
2016-жылдын январь-сентябры үчүн 6/10 кВ тармактарындагы авариялык өчүрүүлөрдүн саны 5093 болгон жана 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 14,3% азайган.
БЭК тармагында электр энергиясын жоготуу 2016-жылдын январь-сентябры үчүн 12,3% түзгөн, (2015-ж. – 14,0%).
Белгиленген нормативден ашыкча жоготуулар “Чыгыш электро” ААК (1,1%) жана “Түндүк электро” ААК (0,5%) боюнча байкалгандыгын белгилөө зарыл.
01.10.2016-жылга керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 1407,4 млн. сомду, анын ичинде калктыкы – 620,7 млн. сом, бюджеттик уюмдардыкы – 303,1 млн. сомду түздү.
Комитет бир нече ирет талап кылынгандыгына карабастан коммуналдык кызмат көрсөтүү беренеси боюнча бюджеттик керектөөчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан өз учурунда каржылоодо көйгөйүлөр бар экендигин өзгөчө белгилейт, ушуга байланыштуу электр жана жылуулук энергиясы үчүн өз учурунда акы төлөбөгөндүгүнөн улам бюджеттик керектөөчүлөргө туум салынып жатат, ошол эле учурда энергия менен жабдуу уюмдары социалдык фонддун алдында карыздары бар, ал 2016-жылдын 1-октябрына карата тийиштүүлүгүнө жараша 338541,3 миң сомду жана 331056,7 миң сом туумду, 1463470,1 миң сомду (туум 10300,0 миң сомду, анын ичинде “Чыгыш электро” ААК боюнча 10000,0 миң сомду, “Жалал-Абад электр” ААК боюнча 300,0 миң сомду) түзөт.
“Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2016/2017-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215 токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган маалыматты эске алуу менен Комитет төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
1.2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине Кыргыз Республикасынын экономика тармагынын, отун-энергетика комплексинин жана калкынын даярдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунуш кылынган маалымат эске алынсын.
2. 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилине отунду даярдоо боюнча министрликтер менен ведомстволорду каржылоо жана коммуналдык кызмат көрсөтүү беренеси бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:
- отунду даярдоо графигин аткарууну, электр энергиясын жана кубаттуулуктарды пайдалануунун белгиленген лимиттерин сактоону, электр жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын пайдалануу боюнча карыздарды өз учурунда жоюуну Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун, областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусун камсыз кылсын;
- ар бир айдагы ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгашалардын финансылык планына ылайык коммуналдык кызмат көрсөтүүгө акы төлөөгө “2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжол жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансылык каражаттарды бөлүүнү толук көлөмдө жүзөгө ашырсын;
- 2016-жылга бийик тоолуу катаал жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган абоненттер үчүн компенсацияларды бөлүү маселесин чечсин;
- энергия берүүчү ишканалар тарабынан туумдарды чегерүүгө жол бербөө максатында коммуналдык кызмат көрсөтүү беренеси боюнча бюджеттик мекемелерди өз учурунда каржылоону камсыз кылсын;
- 2016/2017-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн кредиттик төлөмдөр, салыктар, социалдык фонд боюнча энергетикалык компаниялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгүн карасын.
4. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине:
- 2016/2017-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергосистемасынын туруктуу иштешин жана керектөөчүлөргө электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылсын;
- “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИ электр буу казандарын отундун альтернативдүү түрүнө (катуу отунга, жаратылыш газына) өткөрүү боюнча ишти туруктуу жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215-токтомуна ылайык Нарын регионуна көмүр жеткирүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алсын;
- ата мекендик көмүр чыккан жерлерден көмүрлөрдү Бишкек ТЭЦине ташып жеткирүүнү көбөйтүү боюнча максаттуу багытталган иштерди жүргүзсүн.
5. “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК:
- Борбордук Азия бириккен энергетика системасынын курамында республиканын энергосистемасынын туруктуу үзөңгүлөш ишин камсыз кылсын;
- керектөөчүлөргө электр жана жылуулук энергиясын авариялык өчүрүүгө жол бербөө боюнча зарыл чараларды кабыл алсын;
- бюджеттик уюмдардын жана калктын электр жана жылуулук энергиясын керектөөсү боюнча толук өлчөмдө төлөөнү камсыз кылсын;
- электр энергиясын жоготууну азайтуу боюнча максаттуу багытталган ишти туруктуу жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 215-токтомуна ылайык “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын, “Кыргыз нефтегаз” ААК алдында берилген продукциясы үчүн “Электр станциялары” ААК карыздарын жоюу боюнча чараларды кабыл алсын.
6. Ушул чечим Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетине жөнөтүлсүн.
7. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына чыгарылсын.
Комитеттин ушул чечиминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы К. Рыспаев