Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун» долбооруна карата 2016-жылдын 1-ноябрындагы чечими

02-11-2016
16:22

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин

«Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун» долбооруна карата

2016-жылдын 1-ноябрындагы

ЧЕЧИМИ

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун» долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:

Токтогул гидроэлектростанциясы (мындан ары – ТГЭС) 1975-жылдан бери колдонулат, 40 жыл колдонуунун ичинде ТГЭСтин жабдуулары иш жүзүндө жана моралдык жактан эскирди, аны толук алмаштыруу зарыл. «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун (мындан ары – «Электр станциялары» ААК) жана Азия Өнүктүрүү Банкынын (мындан ары - АӨБ) адистери менен бирдикте ТГЭСтин агрегаттарынын техникалык абалын изилдөөнүн жана аларды эксперттик баалоону жүргүзүүнүн жүрүшүндө ТГЭСти толук реабилитациялоо программасы үч фазадан турат деп аныкталды.

Долбоордун үчүнчү фазасы ар бир агрегаттын кубаттуулугун 60 МВтка көбөйтүү менен станциянын калган эки гидроагрегатын (№ 1 жана 3) алмаштырууну карайт, ал жерде алдын ала эсептөөлөр боюнча долбоордун болжолдонгон суммасы 175 млн. АКШ долларын түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июнундагы № 259-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 3" долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору жактырылган.

Каржылоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт, жөнгө салуучу таасирди талдоону жана кошумча экспертизаларды жүргүзүүнү талап кылбайт, социалдык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерди пайда кылбайт, ишкерлик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдерди Камтыбайт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбайт.

Комитет Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жана экономика министрлигинин корутундуларын (11.10.2016-ж. №16-2-2/11129, 10.10.2016-ж. №06-1/16111) эске алуу зарыл деп эсептейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. «Кыргыз Республикасынын жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза 3» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун» долбоорун бүтүндөй алганда жактырылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                                 К.Рыспаев