Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары
Т.О. Ибраевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) төмөнкүнү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы – коммуналдык-энергетикалык тармактын ишканасы, жылытуу мезгилине даярдануу учурунда аймактардын керектөөчүлөрүн жылуулук энергиясы менен сапаттуу, ишенимдүү жабдууда Кыргыз Республикасынын калкын тиричиликти камсыздоочу кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат, ал керектөөчүлөрдүн саны 44 867, анын ичинде:
- бюджеттик уюмдар – 281, анын ичинен:
- билим берүү жайлары – 79;
- бала бакчалар – 44;
- башка бюджеттик уюмдар – 158;
- коммерциялык уюмдар – 701.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын уюштуруу түзүмүнө 23 филиал кирет. 23 филиалдын он тогузу жылуулук менен камсыздайт. Кызматкерлердин саны – 2807. Орточо эмгек акысы – 17405,4 сом.
Администрациялык-аймактык округдар боюнча отканалардын бөлүштүрүлүшү:
Отканалар, бардыгы |
Анын ичинде иштегени |
||||
газ |
мазут |
көмүр |
э/энер. |
||
Талас |
5 |
|
1 |
4 |
|
Чүй |
41 |
13 |
15 |
10 |
3 |
Жалал-Абад |
29 |
5 |
9 |
14 |
1 |
Нарын |
21 |
|
|
6 |
15 |
Ысык-Көл |
32 |
|
3 |
21 |
8 |
Ош |
6 |
|
|
6 |
|
Баары: |
134 |
18 |
28 |
61 |
27 |
Жыл сайын «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын филиалдары үчүн Отканаларды жана жылуулук тармактарын оңдоонун планы иштелип чыгат жана бекитилет.
Көп өлкөлөрдө Иш графиктери жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн асфальт-бетон төшөлмөсүн алмаштыруунун алдында жолдун астындагы коммуникацияларды оңдоо иштери жүргүзүлө тургандай түзүлөрү Комитет белгилейт. Буга байланыштуу Жылуулук тармактарын оңдоо планын иштеп чыгууда жана бекитүүдө бардык ченемдик-техникалык документтерди эске алуу зарыл.
Отканаларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштери
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча 2021-жылдын 6-декабрына карата 134 отканада капиталдык оңдоо аяктаган. Иш жүзүндө, оңдоо иштерине 123 000,0 миң сом бөлүнгөн. Ошентип, 2021-жылдын 10-мартына карата 134 откананы эксплуатацияга даярдоо боюнча пландык тапшырмалар белгиленген мөөнөттө аткарылды. Ошондой эле, эски от казандарды жаңы буу казандарга (44 даана) алмаштыруу менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, учурдагы оңдоо иштери 377 от казанды камтыды. Жылуулук тармактарын оңдоо боюнча
5,1 км түтүкчөлөр алмаштырылып, учурдагы оңдоо менен 339,2 км камтылды.
Инвестициялык каржылоонун көлөмүнүн жетишсиздигинен улам, жылуулук тармактарын толук алмаштыруунун ордуна жыл сайын учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жылуулук тармактары 1960-1970-жылдары курулуп, андан бери 50 жылдан ашык убакыт өткөндүктөн, эксплуатациясынын мөөнөтүн өтөп бүттү.
Комитет от казандык жабдуулардын жана инженердик тармактардын 70%ы 60-жылдары ишке киргизилгендигин, от казандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын модернизациялоону жана реконструкциялоону жүргүзүү боюнча иштердин жана заманбап технологияларды киргизүүнүн зарылдыгын белгилейт.
2021-жылдын 30-декабрына карата кредитордук карыз 684 685,78 миң сомду түздү, анын ичинен:
- «Газпром Кыргызстан» ЖЧК – 225448,4 миң сом;
- «Кыргызнефтегаз» ААК – 190769,3 миң сом;
- көмүр 21650,8 миң сом;
- ташуу жана атайын кийим 5077,3 миң сом;
- энергетикалык компанияларга 169589,0 миң сом;
- сатып алынган жылуулук үчүн 21454,8 миң сом;
- транспорт үчүн 2267,5 миң сом.
2022-жылдын 1-январына карата дебитордук карыз, учурдагы чегерүүлөрдү эске алуу менен жалпысынан «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы боюнча – 210 425,9 миң сом, анын ичинен:
- калк – 156 785,5 миң сом;
- республикалык бюджет – 15 846,2 миң сом;
- жергиликтүү бюджет – 28 032,9 миң сом;
- башка керектөөчүлөр – 761,0 миң сом.
Комитет дебитордук жана кредитордук карыздарды талдоо мамлекеттик ишкананын финансылык абалы туруктуубу жана ага кандай факторлор терс таасирин тийгизип жатканын түшүнүүгө жардам берерин белгилейт. Карызды деталдуу талдоо алсыз жактарды аныктайт, аларды четтетүү компаниянын кирешелүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатууга жардам берет.
Дүйнөлүк банктын кредити
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча 2011-жылы «Шашылыш жардам көрсөтүү» долбоорунун алкагында «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 2,8 млн АКШ доллары өлчөмүндө валюталык кредит алган. Ошол эле учурда «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы
2031-жылга чейин кредитти тындыруу милдетин мойнуна алган. Тындыруу графигине ылайык кайтаруу мөөнөтү 20 жыл, жылдык 1,5%, анын ичинде
7 жыл – жеңилдетилген мезгил.
Тындырылууга тийиш болгон кредиттин суммасын өз убагында төлөбөгөн учурда жылдык 8% өлчөмүндө айып санкциясы эсептелүүгө тийиш. 2011-жылдын 7-октябрына карата кредит алууда доллардын курсу 45,38 сом/АКШ доллары болсо, учурда доллардын курсу – 82,80 сом/АКШ доллары. Буга байланыштуу, АКШ долларындагы негизги карыздын жана пайыздардын ордун толтурууда курстук айырмачылыктар жана алар боюнча операциялар боюнча чыгымдарды кайра эсептөө жүргүзүлөт, бул ишкананын финансылык абалы үчүн кыйын.
2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасы боюнча курстук айырма боюнча чыгашалар
51,2 миллион сомду түздү, бул бюджеттик программага олуттуу оңдоолорду киргизип, ишкананын чыгашалуулугуна алып келди.
Комитет АКШ долларынын курсунун кескин өзгөрүшүнө байланыштуу тындыруу мөөнөтүн узартуу жана чет элдик валютадагы кредитти улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо зарылдыгын белгилейт.
«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Т.О. Ибраевдин жана "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Б.Дж. Джусупбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- 2022-жылга пландалган техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
- 2022-2023-жылдардагы жылытуу мезгили башталганга чейин от казандык жабдууларды жана жылуулук тармактарын оңдоо иштерин бүтүрүүнү камсыз кылсын;
- керектөөчүлөрдү жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын;
- авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында зарыл болгон алдын алуу чараларды көрсүн;
- алынган кредиттерди өз убагында өздөштүрүү жана кайтаруу боюнча ишти күчөтсүн;
- «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча контролду күчөтсүн;
- алсыз жана күчтүү жактарды аныктоо үчүн дебитордук карызга, кредитордук жана дебитордук карыздын катышын контролдоо мүмкүнчүлүгүнө деталдуу талдоо жүргүзсүн, анткени дебитордук карыздын олуттуу өсүп кетүүсү ишкананын финансылык туруксуздугуна коркунуч жаратат, тындыруу үчүн каржылоонун кошумча булактарын тартууну зарыл кылат;
- мөөнөтү өтүп кеткен кредитордук карызды өз убагында аныктасын жана тындырсын;
- өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын иштеп чыксын жана бекитсин;
- электр энергиясы менен иштеген отканаларды отундун башка түрлөрүнө өткөрүү боюнча иш жүргүзсүн;
- инновациялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү маселесин иштеп чыксын;
- жаңы абоненттерди кошуу жана тейлөө боюнча иш жүргүзсүн;
- отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин, квартал сайын Комитетке ушул чечимдин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
Комитеттин төрагасы А.Турсунбаев