Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 4490-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022 жылдын 15-февралындагы ЧЕЧИМИ

18-02-2022
11:15

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары - Комитет) «Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы 

№ 4490-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт. 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 4490-VI токтомунун 3-пунктунда Министрлер Кабинетине жана Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарында жана Чүй областында сапаты төмөн көмүрдү жана күйүүчү-майлоочу майларды сатууга контролду күчөтүү жана сапаттуу көмүрдүн жана күйүүчү-майлоочу майлардын сатылышын камсыз кылуу тапшырылган.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл  министрлигинин маалыматына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардан тышкары, 2022-жылга чейин ишкердик субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө укуктуу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан 2019-жылдын  1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 “Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө” токтому күчүнө кирген. Мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдардын дарегине Бишкек шаарында экологиялык коопсуздуктун эрежелерин, талаптарын бузууга жол бербөө жана сактоо боюнча өз компетенцияларынын алкагында иш жүргүзүү жөнүндө каттар жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге, Бишкек шаарынын аймагында санитардык-экологиялык кырдаалды жакшыртуу үчүн 2021-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы менен Бишкек шаарынын атмосфералык абасын коргоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы бекитилген.

Рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана санкцияланбаган таштанды таштоо эрежелерин бузуу жөнүндө 6 протокол түзүлгөн. Райондук администрациянын маалыматы боюнча 18 мыйзамсыз көмүр сатуу аныкталган.

Комитет жыл сайын сапаттуу көмүрдү жана күйүүчү-майлоочу майларды сатууну камсыздоо маселеси көтөрүлүп, конкреттүү иш-аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилейт.

 

3.2) Бишкек шаарында көп кабаттуу имараттарды куруу, аларды куруу долбоорлорун иштеп чыгууда, ошондой эле шаардын айланасындагы курулуш жүргүзүүгө арналган жер участокторунда курулуш объекттерин долбоорлоодо шамалдын багытын (шамалдын согушун) эске алуу, экологиялык жана санитардык ченемдерди сактоо керек.

Бишкек шаарынын учурдагы Генералдык планы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы  № 806 токтому менен бекитилген. Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 

15-июлундагы № 152-р буйругу менен 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Генералдык планын долбоорлоого имараттарды даярдоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. 

Жумушчу топ, «Европа Бирлиги – Борбордук Азия: суу ресурстары, айлана-чөйрө жана климаттын өзгөрүшү» долбоорунун эл аралык консультанттары жана эксперттерин тартуу менен биргеликте 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Генералдык планын долбоорлоого техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу маселелери боюнча иш жүргүзүлөт. 

Бул техникалык тапшырма Бишкек ш. экологиясын жакшыртуу боюнча иш-чаралар да каралат.

Генералдык пландын шарттарынын бири иштеп чыгуу болуп саналат (шамалдын согушун эске алуу менен):

- кабаттуулугу жана катуулугу боюнча турак жай курууну баалоо схемасы;

- жаратылышты коргоо жана шаар чөйрөсүнүн экологиялык абалын жакшыртууну комплекстүү баалоо схемасы;

- айлана-чөйрөнүн болжолдуу абалынын схемасы.

Көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык республиканын аймагында калктуу пункттардын бардык генералдык пландары иштелип  чыгышы керек.

Комитет 2022-жылдын 14-февралына карата IQ Air абасынын булганышы боюнча дүйнөлүк шаарлардын эл аралык рейтингине ылайык, Бишкек 7-орунда, ушуга байланыштуу 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу жана шаар курууну пландаштырууда шаар куруу жаатында жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу боюнча иштерди тездетүү зарыл.

3.3) Бишкек шаарына башка калктуу пункттардан коомдук каттам таксилеринин жана салмагы 5 тоннадан ашык жүк ташуучу унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизүү, ошондой эле алар үчүн шаардын чегинен тышкары унаа токтоочу жайларды аныктоо жөнүндө маселени карап чыгуу.

Бүгүнкү күндө республиканын калктуу конуштарынан Бишкек шаарына 121 облус аралык, шаар аралык жана шаар четиндеги үзгүлтүксүз автобустук каттамдар кирип иштеп жатат, алар күн сайын 2250 каттамды жүзөгө  ашырышат жана күнүнө 35 миңге жакын жүргүнчү ташылат. КР Өкмөтүнүн  2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерине ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн автобустук каттамдар, автобустардын кыймылынын графигин жана расписаниесин көрсөтүү менен автобекеттерге бекитилген.

Бишкек шаарына башка калктуу пункттардан коомдук каттам таксилеринин кирүүсүн чектөө маселесин чечүү үчүн шаардын батыш жана чыгыш чек арасында бардык зарыл инфратүзүмү бар, шаардык автобустук жана троллейбустук каттамдарды кошуу менен автобекеттерди куруу зарыл. Учурдагы чыгыш автобекети (эски автобекет) 1962-жылы курулган, ал эми Батыш автобекети 1981-жылы, башкача айтканда, ошол мезгилдерде аталган автобекеттер шаардын чыгыш жана батыш чек арасында жайгашкан болсо, азыркы учурда шаардын калкынын көбөйүшү, чек аралардын кеңейиши менен аталган автобекеттер шаардын борборунда болуп калышты.

Жогоруда айтылгандай, республикадагы жүктөрдүн 95% га жакыны автомобиль транспорту менен ташылат жана салмагы 5 тоннадан ашык жүк ташуучу автотранспорттун Бишкек шаарына кирүүсүнө чектөө киргизүү үчүн шаардын чегинен тышкары ашыкча жүктөлүүчү пункттарды, логистикалык борборлорду жана кайра жүктөө базаларын уюштуруу зарыл, бул чоң финансылык чыгымдарды, ошондой эле көрсөтүлгөн инфратүзүмдү куруу үчүн ири жер участокторун бөлүп берүүнү талап кылат.

Ушуга байланыштуу шаардын чегинен тышкары жаңы автобекеттерди жана логистикалык борборлорду куруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү жана автобекеттерди куруу үчүн каржылоо булагын табуу зарыл.

Комитет автобекеттерди курууга каржылоо булактарын издөөдөн мурда кылдат талдоо жүргүзүү керектигин белгилейт, натыйжалары боюнча кадамдык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу.

 

3.4) Кышкы жылытуу мезгилинде Бишкек шаарында катталбаган автотранспорттун кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө маселени кароо

Тиешелүү министрликтерден жана ведомстволордон маалымат берилген эмес

 

3.5) Бишкек шаарынын таштанды полигонунда катуу тиричилик калдыктарын өрттөө жолу менен жок кылууга тыюу салууну киргизүү, ошондой эле 2021-жылы Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча иштерди баштоо

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы жеке жана юридикалык жактарга өндүрүштүн калдыктарын жок кылуу жана керектөө боюнча кызматтарды көрсөтөт жана санкцияланган таштандыларды өрттөө жолу менен катуу тиричилик калдыктарын жок кылууну жүргүзбөйт.

Азыркы убакта «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасы  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жол-жоболору боюнча таштанды сорттоочу заводду курууга тендерди коюу үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгууда.

Ошону менен бирге, инспекторлор менен бирге жерине барып, таштанды полигонун ар түрдүү калдыктардын күйүшүн визуалдуу кароо жүргүзүлгөн. Таштанды полигону бардык экологиялык ченемдерди бузуу менен иштейт, атап айтканда газ чыгуу системасы жок, бардык калдыктар бир жерде сакталат, периметр боюнча тосулган эмес, эркин кирүүгө болот. Атмосфералык абаны булгоо менен ичинен да, тышынан да күйөт. Рейддин жыйынтыгында «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасына калдыктарды күйүшүнө жол бербөө, калдыктарды башкаруу системасын комплекстүү өркүндөтүү жана  Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы  менен макулдашуунун алкагында жаңы таштанды сорттоочу заводду курууну тездетүү боюнча ыкчам чараларды көрүү боюнча кат жөнөтүлдү.

Комитет таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу курчап турган чөйрөнүн булганышы жана жаратылыш ресурстарынын түгөнүшү проблемасын чечүүгө багытталганына көңүл бурат. Ошондой эле таштандыларды кайра иштетүү - бул чоң келечеги бар кирешелүү бизнес, анткени таштандыдан ар кандай экинчи чийки заттарды алууга болот. Калдыктардан кошумча электр энергиясы алынат, бул жергиликтүү экологиялык жагдайды жакшыртат.

 

3.6) 2021-жылдан баштап мамлекеттик мекемелер, жеке жактар тарабынан газ жана электр автотранспортун сатып алуу маселесин чечүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында көрсөтүлгөн транспорт түрлөрүн өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө маселени кароо

Шаарды жүргүнчүлөр транспорту менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча газ кыймылдаткыч же электр кыймылдаткыч менен иштеген чоң сыйымдуулуктагы 800-1000 автобус бирдиги керек.

Азыркы учурда бюджеттик каражаттардын чектелгендигине байланыштуу маршруттук линиялардын долбоорлору иштелип чыкты, алар мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк программасы боюнча да аутсорсингге берилет. Бул Бишкек шаарынын муниципалдык транспорту жок бөлүктөрүн муниципалдык транспорт менен камсыз кылуу менен убактылуу токтотулган каттамдарды калыбына келтирүүгө, ошондой эле жаңыларын ачууга жана борбордун микроавтобустардан бошотууга мүмкүндүк берет.

Бишкек шаарынын мэриясы “Самарканд автомобиль заводу” ЖЧКнын өкүлдөрү менен «ISUZU» маркасындагы экологиялык автобустарды жеткирүү маселесин иштеп чыкты.

2021-жылдын 4-июнунда "СамАвто" ЖЧКсы чыгарган жапон маркасындагы “ISUZU» автобустарын жеткирүү жана муниципалдык каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашыруу укугу жөнүндө эки тараптуу келишимге кол коюлган.

Азыркы учурда борбордун аймагына 210 бирдик автобус жеткирилди.

Мындан тышкары, эл аралык финансы институттарынын кредиттик жана гранттык каражаттарынын эсебинен газ моторлуу отун же электр энергиясы менен иштеген автобустарды сатып алуу маселеси иштелип чыгууда.

Комитет Министрлер Кабинети биринчилерден болуп электромобилдерди пайдаланууга жана абанын булганышына каршы күрөшүүдө жана мамлекеттин акчасын үнөмдөөдө үлгү болуууга тийиш экендигин белгилейт.

 

3.7) Бишкек шаарын жана Чүй облусун жашылдандыруу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү, ошондой эле мурда отургузулган бак-дарактарды өз убагында кам көрүү

«Бишкек жашылдандыруу чарбасы» жана «Шаардык парктар» 2021-жыл үчүн дарактарды отургузуу боюнча өткөрүлгөн: ийне жалбырактуу – 2375 даана, жалбырактуу дарактар – 5498 даана, бадал – 2511 даана, жандуу тосмолор – 120 932 даана.

 “Бишкек жашылчарба” муниципалдык ишканасынын жана “Шаардык парктар” уюмунун өндүрүштүк программаларына ылайык Бишкек шаарында бак-дарактарды өз убагында кам көрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Комитет Фрунзе шаары Советтер Союзунун жашыл шаарларынын бири болгонун белгилейт. Фрунзе сейил бактардын жана гүлбагынын шаары болгон. Жашыл Бишкек шаарынын мурдагы даңкын калыбына келтирип, жарандардын жашоосун коопсуз жана ыңгайлуу кылуу зарыл.

 

3.8) Бишкек шаарында жана шаардын айланасындагы турак жай конуштарында сугат системасын (каналдарды, лотокторду) калыбына келтирүү

Бишкек шаарынын аймагындагы жашыл бак-дарактарга өз убагында кам көрүү максатында "Бишкек жашылчарба" муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк программасында 2021-жылга узундугу 10 км сугат тармактарын куруу жана 4 бирдик скважинаны бургулоо пландаштырылган.

Материалдарды сатып алуу боюнча мурда жарыяланган 5 сынак талапкерлердин жоктугунан өткөн жок.

 

3.9) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги дем алуу жолдорунун ооруларына, онкологиялык оорулардын санынын көбөйүшүнө, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда атмосфералык абанын булганышынан улам пайда болгон артериялык гипертонияга каршы күрөшүү боюнча план иштеп чыксын жана мындай оорулардын санынын көбөйүшүн алдын алуу максатында туруктуу контроль жүргүзсүн

Бронхо, өпкө, жүрөк-кан тамыр, рак ооруларынын алдын алуу максатында 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо боюнча программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоору иштелип чыккан. Иш-чаралар планынын долбоору ички ведомстволук макулдашуу жол-жобосунан өттү жана сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен андан ары бекитүү үчүн кызыкдар министрликтерге жана ведомстволорго кароого жөнөтүлдү.

Иш-чаралар планынын долбооруна бүткүл республиканын калкынын арасында, ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары үчүн жүрөк-кан тамыр, рак, бронхо-өпкө жана башка оорулардын алдын алуу боюнча чараларды жүргүзүү кирет. Иш-чаралар планы бир нече тобокелдик факторлорунун, анын ичинде атмосфералык абанын булганышынын таасирин эске алуу менен иштелип чыккан.

Комитет COVID-19 коронавирус инфекциясы баарынан мурда жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынан жапа чеккен жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизгенине көңүл бурат. Натыйжада, пандемия көптөгөн жарандарыбыздын мезгилсиз каза болушуна алып келди.

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, бронхо-өпкө жана башка оорулардын алдын алуу иштерин гана жүргүзбөстөн, сергек жашоо образын жана үзгүлтүксүз дене тарбия жана массалык спорт менен үзгүлтүксүз машыгуунун пайдасын жайылтуу жүргүзсүн.

Дене тарбия, массалык спорт менен үзгүлтүксүз машыгуу жана сергек жашоо көндүмдөрүн калыптандыруу, жаман адаттардан баш тартуу, туура тамактануу принциптерин сактоо аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын ооруларга каршы туруктуу иммундук система менен камсыз кылуу зарыл.

 

3.10) Жеке үйлөрдү жылытуу үчүн колдонулган жаратылыш газы, ошондой эле транспорт каражаттары үчүн газ мотор майларын, баасын төмөндөтүү маселесин чечүү

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын Кыргыз Республикасындагы газ менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү иши Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2013-жылдын 26- июлундагы жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө түзүлгөн макулдашуу менен жөнгө салынат.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын Кыргыз Республикасынын ички акыркы керектөөчүлөрү үчүн жаратылыш газын жеткирүү иши республиканын чек арасынан жаратылыш газын сатып алууну, өзүнүн газ транспорттук тармактары боюнча ташууну, жаратылыш газын акыркы керектөөчүгө чейин бөлүштүрүүнү жана сатууну камтыйт.

Газды импорттоо чет өлкө валютасында (жеткирүүчү “Газпром экспорт” ЖЧКсы) жүзөгө ашырылат, ал эми жаратылыш газына тарифтер Кыргыз Республикасында ички рынокто акыркы керектөөчүлөр үчүн улуттук валютада белгиленет.

АКШ долларынын курсунун өсүшүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу жана жаратылыш газынын баасын ар кандай деңгээлде тегиздөө максатында Россия тарап менен төмөнкү маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат:

- жаратылыш газын сатып алуу баасын төмөндөтүү жагын кайра карап чыгуу (АКШ долларынын курсунун өсүшүнө барабар);

- жаратылыш газын жеткирүү үчүн эсептөөлөрдү Россия рубли  аркылуу жүргүзүү.

Маалымдама: 

Кыргыз Республикасынын аймагына жаратылыш газынын импортунун көлөмү төмөнкүлөрдү түздү: 2018-жылы – 311,5 млн.м3; 2019 – жылы - 306,5 млн. м3; 2020-жылы  - 330,7 млн. м3, 2021-жылы- 382 млн. м 3.

Комитет жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жаратылыш газын колдонуу абанын булганышынын зыянын азайтат, бирок жеке үйлөрдү экологиялык отунга - жаратылыш газына кошууга кеткен чыгым кымбат деп белгилейт. Жаратылыш газын жеке үйлөргө кошуунун баасын төмөндөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.

3.11) Автотранспорттун катализаторлорун демонтаждоого, сатууга, кайра сатууга тыюу салуу бөлүгүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августунда № 141 “Кыргыз Республикасынын аймагынан катализаторлордо камтылган шлактарды, күлдү жана баалуу металлдардын калдыктарын ташып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” токтому кабыл алынган.

 

3.12) Кыймылдаткычтарынын көлөмү чоң автомобилдерге салыкты жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу (көлөмү 3,5-4,7-5,7)

2022-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Салык кодекси бекитилген, анда кыймылдаткычы чоң көлөмдө жеңил автоунаалар үчүн мүлккө салыктын жогорулатылган коэффициентин белгилөө каралган. 

Токтом 6 ай бою күчүндө болот (2022-жылдын 13-мартына чейин күчүндө). Комитет аталган жобонун мөөнөтүн узартуу маселесин кароо керектигин белгилейт.

3.13) Жаратылышка зыян келтирүүчү резина, каучук жана синтетикалык калдыктарды өрттөөгө тыюу салуунун сакталышын көзөмөлдөөнү күчөтүү

Бишкек ш. мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 2022-ж. 30-январына карата абал боюнча 28 объект текшерилген, айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү каучукту, резинаны жана синтетикалык калдыктарды өрттөөгө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Рейддин жыйынтыгы менен көрсөтүлгөн мезгилде 7,5 миң сом суммасында 1 протокол түзүлгөн.

Комитет каучук, резина жана синтетикалык калдыктарды өрттөө ден соолукка өтө зыяндуу, абаны булгаган жана айлана-чөйрөгө зыян келтирген мол  көмүр кычкыл газдын булагы болуп саналат деп белгилейт.

Тажрыйба көрсөткөндөй, дөңгөлөктөрдү чогултуунун жана кайра иштетүүнүн натыйжалуу системасын түзүү үчүн субсидиялар керек, же болбосо чөйрө кирешелүү боло турган шарттарды түзүү керек. Мисалы, Японияда дөңгөлөктөрдү чогултуу жана жок кылуу жоопкерчилигин жаңы дөңгөлөктөрдү өндүрүүчүлөрдүн өздөрүнө жүктөй турган мыйзам бар.

Бишкек шаарынын мэриясы бул багытта натыйжалуу иш алып баруу үчүн чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнүшү керек.

 

3.14) Кыргыз Республикасына алынып келинүүчү электр жана гибрид мотору бар автотранспорт каражаттары үчүн бажы жана салык жеңилдиктерин узартуу жөнүндө маселени кароо

Кыргыз Республикасы инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана экологияга зыяндуу калдыктарды кыскартуу максатында ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн   аз көмүртектүү өнүктүрүү чаралары катары 2025-жылга чейин ташып келүү бажы алымдарынын ставкаларын жок кылуу мөөнөтүн узартуу боюнча сунушту кароого киргизди.

Алдын ала, бардык ЕАЭБ мүчө өлкөлөрү Россия Федерациясын кошпогондо, көрсөтүлгөн чаранын таасиринин мөөнөтүн узартууну макулдашты.

Консенсуска жетпегенине байланыштуу, көрсөтүлгөн маселе Евразия өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна киргизилген.

2021-жылдын 18-ноябрында Евразия өкмөт аралык кеңештин жыйналышында тараптар консенсуска келе алышкан жок, ушуга байланыштуу жогоруда көрсөтүлгөн чараларды узартуу Евразия экономикалык комиссия жөнүндө Жобого ылайык мүмкүн эмес болуп саналат, анткени Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Чечимдери, тескемелери жана сунуштамалары консенсус болуп кабыл алынат.

Мында, алдыдагы 2022-жылдын 24-25-февралында пландалган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйналышында жогоруда көрсөтүлгөн маселени кошумча кароо сунушталат.

2022-жылдын 18-январындагы №3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкү товарлар КНС төлөөдөн бошотулат:

- электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн, алып келинген транспорт каражаттары;

- электр кыймылдаткычы менен гана жүргөн, алып келинген транспорт каражаттарынын заряддоо үчүн жабдуулар.

Комитет жарандарды субсидиялардын жардамы менен электромобилдерди сатып алууга түрткү берүү, заряддоо чордондорун куруу, салык жеңилдиктерин, бекер унаа токтотуучу жайларды, башкача айтканда электромобилдерди сатып алуу үчүн жакшы шарттарды түзүү зарылдыгын белгилейт.

 

3.15) Балыкчы шаарында же Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдүн сапатын изилдөө боюнча көз карандысыз лаборатория ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо

Азыркы учурда «Кыргызкөмүр» МИ жогоруда көрсөтүлгөн тапшырманы илгерилетүү жана ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттарды жана гранттык каражаттарды издөөдө. Бирок Бишкек ш. ЖЭБнин жана өлкөнүн калкын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу зарылдыгынан улам, лабораторияны куруу жана каржылоо үчүн жеке каражаттарды алуу мүмкүн эмес болууда. 

Комитет Балыкчы шаарында же Кара-Кече көмүр кенинде көмүрдүн сапатын изилдөө боюнча лаборатория ачуу маселеси ишке ашырыла электигин, буга байланыштуу бул маселени чечүүнү тездетүү зарылдыгын белгилейт.

 

3.16) Бишкек шаарынын ЖЭБинде белгиленген техникалык параметрлерге ылайык келбеген көмүрдү түшүрүүгө жол бербөө

2021-2022-жылдары ККМ мезгилде катуу отунду кабыл алууну контролдоо боюнча ишти күчөтүү максатында «Электр станциялары» ААК 21.10.2021ж. №130 көрсөтмөсү чыккан, анда «Электр станциялары» ААК өздүк курамын отунду кабыл алуу боюнча комиссияга киргизүү боюнча чаралары анкыталган, ошондой эле колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык катуу отунду кабыл алууну ылайык келтирүү жана киришин талдоо боюнча милдеттенмелер көрсөтүлгөн.

«Бишкек ш. ЖЭБинде үчүн катуу отунду тандоонун тартиби жана шарттары» отунду даярдоого жана өткөрүү боюнча методикалык көрсөтмөнүн негизинде “Керектөөчү вагондорго жана автоунаага жүктөгөнгө чейин сапаттуу көмүрдүн мүнөздөмөсүн  ар бир партияда аныктайт: Qнр, Vr, As, Wp, Ap, түздөн-түз ар бир вагондун жана ар бир автоунаанын кузову”. Бул талап Бишкек ш.  ЖЭБи киришин талдоо жүргүзүүдө  толугу менен аткарылат, ар бир вагондон проба алуу менен түзүлгөн сапаттуу мүнөздөмөлөр бириктирилген пробасы алынат, 

«Электр станциялары» ААК филиалы Бишкек ш.  ЖЭБидин химиялык лабораториясы Кыргыз аккредитациясы борбору тарабынан аккредитацияланган, анда KG 417/KЦА ИЛ.041 аккредитация аттестатынын каттоо номери жана № 0117 бланк номери ыйгарылган. Аккредитация улуттук реестрде жүргүзүлгөн жана киргизилген. 

Комитет Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр берилген фактылар катталганын, буга байланыштуу Бишкек ЖЭБинин кампасына сапатсыз көмүр түшүргөндүгү үчүн жоопкерчиликти күчөтүү зарылдыгын белгилейт.

 

3.17) Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Бишкек шаарынын жашоочуларынын тиешелүү категорияларына бөлүнгөн көмүрдүн ордуна акча каражаттарын берүү мүмкүнчүлүгү каралсын

2021-жылдын 31-декабрына карата Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын жарандарынын жеңилдетилген категориялары үчүн 3672 үй-бүлөнүн тизмелери боюнча 18,5 млн сом акчалай компенсация төлөндү, бул 100%ды түздү.

 

3.18) Мамлекеттин менчигинде турган социалдык объекттер (окуу жайлар, интернат ооруканалары жана башкалар) жана электр энергиясын кошпогондо башка жылытуу системалары жок көп кабаттуу үйлөр үчүн айына 700 кВтс белгиленген лимитин алып салуу жана бул объекттерге 1 кВтс үчүн 77 тыйын тарифин бекитүү

Менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелерин, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн, социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелерди колдоо максатында, турмуштук оор кырдаалда турган балдарга, социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аккредитациялоо жөнүндө күбөлүгү бар майыптарга жана/же улгайган жарандарга, бул аккредиттелген мекеме белгиленген талаптарга ылайык келгендиги күбөлөндүрүлүп, аларды электр транспорту үчүн белгиленген тарифтердин деңгээлинде 1 кВтс үчүн 1,68 сом өлчөмүндө өзүнчө категорияга бөлүүнү карайт.

Ошону менен, электр энергиясын керектөөнүн ченеми ай сайын 700 кВтс өлчөмүндө жогоруда көрсөтүлгөн керектөөлөргө жайылтылбайт.

Ошону менен бирге, калк үчүн электр энергиясына кВтс/0,77 сом өлчөмүндө белгиленген тарифтер социалдык багыттагы болуп саналат жана өздүк нарктан төмөн белгиленген, ал 2020-жылы 1,48 сом/кВтс түзгөн. Ушуга байланыштуу керектелген электр энергиясынын бардык көлөмүнө 0,77 сом/кВтс тарифин белгилөө мүмкүн эмес.

 

3.19) Бишкек шаарынын ЖЭБинин жылытуучу буу казандарын газга өткөрүү боюнча маселени чечүүнү тездетүү

Бишкек ш. ЖЭБинин модернизацияланган блокторун газ менен иштөө режимине өткөрүү мүмкүн эмес, анткени блоктор катуу отунду (Кара-Кече кенинин) пайдаланууга долбоорлонгон, бирок Бишкек ш. ЖЭБинин эски бөлүгү буу казандардын жаратылыш газында иштөө режими каралган, муну менен чыгымдар 3 эсеге көбөйгөн, бул электр жана жылуулук энергиясынын өздүк наркынын көбөйүшүнө алып келет.

Комитет Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берген маалыматына карабастан, Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлинин төмөндөшү байкалбаганын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтомун ишке ашыруу жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнүн белгилейт.

Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 4490-VI “Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча маалыматты угуп, төмөнкүдөй чечим кабыл алды: 

1. Тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 31-мартындагы № 4490-VI «Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын иши жетишсиз деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:

- жеке үйлөрдү жылытуу үчүн жаратылыш газын кошуу жана баасын төмөндөтүү маселесин тездетсин;

- жаратылышка зыяндуу каучук, резина жана синтетикалык калдыктарды өрттөөгө тыюу салуу боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын үйрөнсүн жана Кыргыз Республикасында колдонулсун;

- электр жана гибриддик кыймылдаткычтары менен автотранспорт каражаттары үчүн заряддоочу чордондорду куруу, салык жеңилдиктерин берүү, акысыз токтотуучу жайларды куруу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизсин;

- Бишкек ЖЭБинин кампасына сапатсыз көмүрдү түшүрүү боюнча чараларды күчөтсүн;

- көмүрдүн сапатын изилдөө боюнча мамлекеттик лаборатория ачуу маселесин кароо;

 

- колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдөрдү жана катализаторлордун курамындагы баалуу металлдардын калдыктарын Кыргыз Республикасынын аймагынан туруктуу негизде, жоопкерчиликти күчөтүү менен алып чыгууга тыюу салуу маселесин каро;

- коомдук транспорттун экологиялык жактан таза түрү катары троллейбустарды артыкчылыктуу багыт катары алуу мүмкүнчүлүгүн кароо;

- эски автоунааларды утилдештирүү боюнча Программаны иштеп чыгуу;

- Бишкек шаарынын ишканаларына, анын ичинде Бишкек жылуулук электр борборунан тазалоо системаларын орнотуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн экологиялык көзөмөлдү күчөтүү.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирдикте жүрөк-кан тамыр, онкологиялык, бронх-өпкө жана башка оорулардын профилактикасын гана жүргүзбөстөн, сергек жашоо образын пропагандалоосу зарыл. ошондой эле физкультура менен массалык спорттун тынымсыз жургузулушу-нун артыкчылыктары.

5. Бишкек шаарынын мэриясына:

- Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу жана конкреттүү мөөнөттөрү менен жана кадамдык планы боюнча иштерди ыкчамдатуу;

- Бишкек шаарынын жашыл зонасын өз убагында кароо боюнча иштерди күчөтүү.

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Генералдык планын долбоорлоого техникалык тапшырмаларды даярдоодо Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкү стратегиялык милдеттерди эске алышы зарыл:

- эл аралык, финансылык, илимий, билим берүү, маданият жана спорт борбору катары Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана бекитүү;

- шаардын борборунун тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактоо, Бишкек шаарынын аймагын комплекстүү жайгаштыруу жана өнүктүрүү;

- шаар куруу жаатындагы жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын эске алуу менен шаар курууну өнүктүрүүнү пландаштыруу;

- Бишкек шаарындагы инвестициялык иш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- шаар куруу ишине жана курулуш өндүрүшүнө алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү, курулуштун сапатын жогорулатуу;

- аймактарды өнүктүрүү үчүн шаар куруу процессине коомчулуктун натыйжалуу катышуусун камсыз кылуу.

6. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети жөнөтүлсүн.

 

 

 

7. Комитеттин ушул Чечиминин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы    А.А.Турсунбаев