Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы №4949-VI токтомунун аткарылышы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги ЧЕЧИМИ

29-04-2022
11:24

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы №4949-VI токтомунун аткарылышы тууралуу берилген маалыматтарды карап чыгып жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

2021-2022-жылдын күз-кыш мезгили «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №191 Токтомунун алкагында өттү.

2021-жылы Токтогул суу сактагычында гидроресурстардын топтолушу менен жагымсыз жагдай болду, анда 2022-жылдын 1-апрелине карата гидроресурстардын көлөмү 7,85 млрд. м3 түздү, бул болсо 2021-жылдын ушул датасына салыштырмалуу 0,87 млрд. м3 кем болду.

2022-жылдын 22-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы топтолгон суунун көлөмү 8,542 млрд. м3 түздү.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн төмөндөшү подстанциялардын иштешинин оорлошуна, жарыктардын өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн жана зарыл чаралар кабыл алынбаса, 2023-жылдын 1-апрелине карата суунун көлөмү 5,5 млрд кубометрди түзөт деген тобокелдик бар.

2021-2022-жылдын күз-кыш мезгилинин башталышына Токтогул ГЭС суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,3 млрд. м3 түзгөн, бул мурдагы жылдагы мөөнөткө салыштырмалуу 2,9 млрд. м3 төмөн.

Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын сактап калуу максатында жана 2021/2022-жылдын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБинин жүгү кыш мезгилинде жылдык иштеп чыгуусу 2,3 млрд. кВт/с. көлөмү менен 420 МВтга чейин көбөйтүлгөн жана Казахстан Республикасы менен 900 млн. кВт/с. көлөмүндөгү жана Өзбекстан Республикасы менен 750 млн. кВт/с. (2022-жылдын 1-кварталын камтыйт) өлчөмүндөгү электр энергиясын өз ара берүү каралган, алар 2021-жылдын мартынан жүзөгө ашырыла баштаган.

Марттан декабрга чейинки мөөнөттө Казахстандын энерготутумунан план боюнча 900 млн. кВт/сааттан 712,5 млн. кВт/с. ѳлчөмүндө, Өзбекстан Республикасынын энерготутумунан план боюнча 750,0 млн. кВт/сааттан 504,4 млн. кВт/с. энергия кабыл алынган.

«Электр станциялары» ААКынын жана Казахстан Республикасынын ортосунда 2022-жылдын мартынан апрелине чейин 450,0 млн. кВт/с. көлөмүндө электр энергиясын сатып алууга - сатууга келишимдер түзүлгөн жана пландалган 200,0 млн. кВт/сааттан кезектеги датага карата 163,0 млн. кВт/с. берилген.

Ошондой эле Түркмөнстандан 1500 млн. кВт/с. өлчөмүндөгү электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер бар. 2022-жылдын 1-апрелине карата Түркмөнстандан пландалган 370 млн. кВт/сааттан жалпы 346,0 млн. кВт/с. өлчөмүндөгү электр энергиясы импорттолгон.

Андан тышкары, Түркмөнстандан жаратылыш газын сатып алуу жана аны Өзбекстан Республикасында жалпы 1 300 млн. кВт/с. өлчөмүндө, анын ичинде 2022-жылдын 1-кварталында 573 млн. кВт/с. өлчөмүндөгү электр энергиясына кайра иштетүү менен байланышкан электр энергиясын берүү жүзөгө ашырыла баштады, кезектеги датага 255,5 млн. кВт/с. өлчөмүндө берилди.

 

Капиталдык жана кезектеги оӊдоп түзөөлөр

 

«Электр станциялары» ААКынын филиалдары боюнча төмөнкүлөр оӊдоп-түзөтүлдү:

 

– Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборунда (мындан ары – ЖЭБ) 3 энергетикалык от казан; (к/а № 13, №14, №22);

– Ош шаарынын ЖЭБинде 1 энергетикалык от казан (к/а № 3 БКЗ-120-100);

– ГЭСте 4 гидроагрег (ШАМ ГЭС ГА №1, ТАШ ГЭС ГА №2, Уч ГЭС ГА №4, Курпсай ГЭС №1).

 

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы (мындан ары - КУЭТ) боюнча:

 

- 2021-жылдын 10 айында узундугу 458,8 км болгон 110-220-500 кВ кубаттуулуктагы электр ѳткѳрүү линияларына капиталдык оңдоп түзѳѳлѳр, же пландан 100%;

- “Кош-Тегирмен” көмөк чордонунда (мындан ары – КЧ) 110 кВ 25 МВА кубаттуулуктагы трансформаторду оңдоп түзѳѳ (аткарылды).

Бүткүл “КУЭТ” ААКы боюнча 51 368 изоляторду алмаштыруу жүргүзүлдү, же пландан 100%.

 

№ п/п

Аткаруучу

ВЛ аталышы

Узундугу.,

км

Оңдоп түзѳѳ мѳѳнѳтү

1

ЖЖВЭИ

ВЛ 110 кВ "Төрөбаев - Таш-Булак 1, 2"

13

Аткарылды

2

ВЛ 110 кВ "Жалал-Абад - Андижан ГЭС"

10

Аткарылды

3

ВЛ 220 кВ "Төрөбаев - Лочин 1,2" 220

20

Аткарылды

4

ВЛ 110 кВ "Караван - Ала-Бука"

20

Аткарылды

5

ВЛ 110 кВ "Шекафтар - Ала-Бука"

15

Аткарылды

6

ВЛ 220 кВ "Кристалл - Кызыл-Рабат"

12

Аткарылды

7

ВЛ 110 кВ "Төрөбаев - Тепличная"

15

Аткарылды

8

ВЛ 110 кВ "Үч-Коргон ГЭС - Кызыл-Рабат 1, 2"

13

Аткарылды

 

ЖПВЭС боюнча жыйынтыгы

118

 

9

НЖВЭИ

ВЛ 110 кВ "Кара-Кужур - Арчалы"

62,64

Аткарылды

10

ВЛ 110 кВ "Ысык-Көл - Кочкор"

68,30

Аткарылды

 

НПВЭС боюнча жыйынтыгы

130,94

 

11

ОшЖВЭИ

ВЛ 110 кВ «Узловая - Беш-Мойнок»

25,5

Аткарылды

12

ВЛ 110 кВ «Жалал-Абад - Өзгөн»

38,5

Аткарылды

13

ВЛ 110 кВ «2А-Кадамжай-I»

31,13

Аткарылды

14

ВЛ 110 кВ 2А-Кадамжай-II»

31,13

Аткарылды

15

ВЛ 110 кВ «Өзгөн - Кара-Кулжа»

29,2

Аткарылды

16

ВЛ 110 кВ «Салиева» «Алай - Көк-Жар»

2,76

Аткарылды

17

ВЛ 110 кВ «Табачная» «Ош - Кара-СууЖЭБ»

4,13

Аткарылды

18

ВЛ 110 кВ «Таширов» «Кара-Суу - Андижан ГЭС»

11,60

Аткарылды

19

ВЛ 110 кВ «Кара-Суу - Төрөбаев»

35,9

Аткарылды

 

ОшЖВЭИ боюнча жыйынтыгы

209,86

 

" Кыргызстан УЭТ " ААКы боюнча бардыгы

458,8-

жылдык план

10 ай ичинде

458,8 км.

 

 

2021-жыл үчүн республиканын аймактарында бѳлүштүрүүчү электр тарамдарында план боюнча каралган 186 даананын ордуна  228 кошумча комплекттик трансформатордук подстанциялар (мындан ары – КТП) орнотулду (123%) жана план боюнча каралган 297 ордуна 370 трансформатор алмаштырылды (125%). План боюнча каралган 999,8 км ордуна 1043,1 км ЛЭП-35-0,4 кВ курулган жана реконструкцияланган (104%). Ошондой эле бѳлүштүрүүчү электр тарамдарында план боюнча 142 КЧдун ордуна 143 КЧга 35/6-10 кВ капиталдык оңдоп түзѳѳлѳр жүргүзүлгѳн (101%), план боюнча 3400 даананын ордуна 3516 КТП 6-10/0,4 кВга (103%), план боюнча 4941,4 километрдин ордуна электр ѳткѳрүүчү 5164 километр аба жана кабельдик 6-10-0,4 кВ линиялар (мындан ары – АЛ жана КЛ) (105%), план боюнча 484,1 км ордуна 486,2 км АЛ-35 кВ линиясына (100%) капиталдык оңдоп түзѳѳлѳр жүргүзүлдү.

2022-жылдын январь-февралы үчүн республиканын аймактарында бѳлүштүрүүчү электр тарамдары боюнча кошумча 13 КТП орнотулду жана 13 трансформатор алмашылды. 16,6 км ЛЭП-35-0,4 кВ курулду жана реконструкцияланды. Оңдоп түзѳтүүнүн негизги иштери кезектеги жылдын мартында башталат.

Комитет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги жана “УЭХК” ААКысы тарабынан жабдыктарды оңдоп түзѳѳгѳ жогорулатылган кѳңүл буруу керектигин белгилейт.

 

Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму (мындан ары - ЭКЭАТ)

 

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын энерготутумунда ЭКЭАТтын 249 945 эсептегичи орнотулган, анын ичинде:

- генерирлѳѳчү объектилерде 43 бирд.;

- КЧ 110-500 кВ 5 054 бирд.;

- ТП-КТП 10-6/0,4 кВ га жана КЧ-35 кВ 6 552 бирд.;

- акыркы керектѳѳчүлѳргѳ 231 296 бирд.

ЭКЭАТ тутумун мындан ары ѳнүктүрүү боюнча иш электр тарамын ѳнүктүрүүнүн маанилүү артыкчылыктарынын бири болуп саналат, Улуттук энергохолдинг тарабынан бардык абоненттерди ЭКЭАТ эсептегичтери менен жабдуу үчүн акча каражаттарын табуу боюнча сүйлѳшүүлѳр жүрүп жатат, аны менен бирге эл аралык финансылык институттардын Азия ѳнүктүрүү банкы жана Дүйнѳлүк банк менен (мындан ары - АѲБ, ДБ) долбоорунда катышуу маселеси да иштелип жатат.

Ошондой эле, бѳлүштүрүүчү компаниялар тарабынан жыл сайын коомдордун бюджеттери бекиткен каражаттардын чегинде ЭКЭАТ эсептегичтерин сатып алуу жүргүзүлүүдѳ.

Андан тышкары, ЭКЭАТ эсептегичтерин ири ѳндүрүүчүлѳр менен Кыргыз Республикасынын аймагында эсептѳѳ приборлорун чогултууну локалдаштыруу боюнча маселе иштелип жатат.

Аны менен бирге, электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун ЭКЭАТ “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКынын энергокомпанияларына киргизүүнү күчѳтүү зарылдыгын Комитет эскертет. Энергетиктердин ѳздѳрүнүн эле бир нече жолку билдиргени боюнча, бул электр энергиясын жоготууну олуттуу азайтат. Ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын энерготутумунда ЭКЭАТты киргизүү боюнча программаны иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керек.

 

Отун жеткирүү

 

Отунду жеткирүү кѳлѳмү “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2021-жылдын 30-сентябрындагы №191 токтомуна ылайык, 2022-жылдын 20-апрелине карата тѳмѳнкүнү түзѳт:

 

Аталышы

ККМ боюнча план

апрель, 2021 - апрель, 2022

План

Иш жүз.

Айырма

миң тонна

Бишкек шаарынын ЖЭБи

1.

Кѳмүр, а.и.:

1 650,0

1 650,0

1 458,8

-191,2

1.1.

Импорттук кѳмүр,   

650,0

650,0

585,8

-64,2

1.1.1.

а.и.:

ОПС үчүн импорттук кѳмүр*

7,0

7,0

6,5

-0,5

1.1.2

Импорттук кѳмүр

643,0

643,0

548,3

-94,7

1.2.

 

1000,0

1000,0

873,1

-126,9

1.2.1.

а.и.:

Кавактыкы

950,0

950,0

834,4

-115,6

1.2.2.

Таш-Кѳмүрдүкү

50,0

50,0

38,6

-11,4

2.

Жаратылыш газы (млн.м3)

68,2

68,2

67,4

-0,8

Ош шаарынын ЖЭБи

3.

Жагуучу мазут

25,0

25,5

20,7

-4,3

4.

Жаратылыш газы (млн.м3)

3,0

3,0

3,3

0,3

 

Кѳмүр

 

Бишкек шаарынын ЖЭБинин муктаждыктарына тажрыйбалык-ѳнѳр жайлык күйгүзүүнү ѳткѳрүү максатында 12.07.2021-жылы 7,0 миң тонна  КО (КО) маркасындагы кѳмүрдү жеткирүүгѳ "Hampton Resources Limited" компаниясы менен келишим түзүлгѳн, анын 6,5 миң тоннасы жеткирилген.

            23.06.2021-жылы Бишкек шаарынын ЖЭБинин ѳндүрүштүк муктаждыктары үчүн 643,0 миң тонна ѳлчѳмүндѳ Д маркасындагы кѳмүрдү жеткирүүгѳ “Каражыра” АКсы менен келишим түзүлгѳн. 01.04.2022-жылга карата иш жүзүндѳ 548,3 миң тонна жеткирилген.

30.07.2021-жылы “Кыргызкѳмүр” мамлекеттик ишканасынын Кыргыз Республикасынын кѳмүр казып алуучу ишканаларынын шериктештигинин лидери менен Бишкек шаарынын ЖЭБинин ѳндүрүштүк муктаждыктары үчүн 950,0 миң тонна кѳлѳмүндѳгү Б маркасындагы кыргыз кѳмүрүн жеткирүүгѳ келишим түзүлгѳн. Жеткирүүлѳрдүн графигине ылайык, бүгүнкү күнгѳ карата иш жүзүндѳ 749,6 миң тонна кѳмүр жеткирилген.

27.09.2021-жылы Бишкек шаарынын ЖЭБинин ѳндүрүштүк муктаждыктарына 50,0 миң тонна кѳлѳмүндѳгү ДСШ маркасындагы кыргыз кѳмүрүн жеткирүүгѳ “Тегене” ЖЧКсы менен келишим түзүлгѳн.

 

Мазут

 

20.08.2021-жылы Ош шаарынын ЖЭБинин ѳндүрүштүк муктаждыктарына 25,0 миң тонна кѳлѳмүндѳгү М-100 маркасындагы кыргыздын жагуучу мазутун  жеткирүүгѳ “Кыргызнефтегаз” ААКсы менен келишим түзүлгѳн.

 

Электр станциялардын кампаларында 20.04.2022-жылга карата отундун калдыгы:

 

Аталышы

2022-жыл

2021-жыл

1.

Кѳмүр  (миң тонна), а.и.:

155,4

80,8

1.1.

Импорттук кѳмүр

37,3

1,2

1.2.

Кыргыз кѳмүрү

118,1

79,6

1.2.1.

а.и.:

Кавактыкы

112,5

79,2

1.2.2.

Таш-кѳмүрдүкү

5,6

0,4

2.

Жагуучу мазут

4,4

4,5

 

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын 2021-жылга карата жаратылыш газын сатуунун кѳлѳмү 340,5 млн. куб. м, 2020-жылы жаратылыш газын сатуу 277,9 млн. куб. м. түздү, мында 62,4 млн. куб.м (+22%) кѳбѳйгѳндүгү байкалат.

“Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын инвестициялык программасы 2021-жылга тѳмѳнкү объектилерди куруу иштерин камтыйт (2021-жылга 3 объекти боюнча куруу-монтаждоо иштери – 73 км. түзѳт):

  • Кант ГРСин реконструкциясы ;
  • Токмок АГНКСин реконструкциясы (2022-жылы бүтѳт);
  • Бишкек шаарынын турак конушу (Рухий-Мурас) жана Чүй облусунун 1 айылы (Кѳк-Жар а.) боюнча бѳлүштүрүү тарамын куруу.

Тѳмѳнкү объектилерди куруу иштерин 2022-жылга камтыйт:

- Кырман ж/к;

- Кѳк-жар а.;

- Лебединовка а.

 

Электр энергиясынын жоготуулары

2021-жыл үчүн “УЭТ Кыргызстан” ААКынын тарамдарында электр энергиясынын техникалык жоготуулары 832,62 млн. кВт/с. түздү, же пландык 893,49 млн. кВт/с. тапшырмада  5,23%, же тарамга 15926,67 млн. кВт/с. электр энергиясы түшүүдѳн 6,61% түздү.

2021-жыл үчүн бѳлүштүрүүчү электр компанияларынын (БЭК) тарамдарында электр энергиясынын жоготулушу 11,8% же 1 532,0 млн. кВт/с. түздү, бул ченематтан 0,1% тѳмѳн (компаниялардын бюджеттерине ылайык, жоготуулардын ченематы – 11,9%), ошондой эле 2020-жылга караганда 0,65% тѳмѳн, анда жоготуулар 12,4% же 1 569,2 млн. кВт/с. түзгѳн.

БЭК тарамдарында электр энергиясынын жоготуулары 2022-жылдын январь-февралында 12,4% же 352,0 млн. кВт/с. түздү, бул ченематтан 0,8% тѳмѳн (компаниялардын бюджеттерине ылайык, жоготуулардын ченематы – 13,2%), ошондой эле 2021-жылдын ушул эле мѳѳнѳтүнѳ салыштырмалуу 1,9% тѳмѳн, анда жоготуулар 14,3% же 436,8 млн. кВт/с. түзгѳн.

БЭК алдында 01.01.2022-жылга керектѳѳчүлѳрдүн дебитордук карызы      1 297,7 млн. сомду (01.01.2021-жылга 1 577,2 млн. сом) түзѳт жана 2021-жылдын 12 айында 279,5 млн. сомго же 17,7% тѳмѳндѳгѳн.

БЭК алдында 01.03.2022-жылга керектѳѳчүлѳрдүн дебитордук карызы 1 684,9  млн. сомду (01.01.2022-жылга 1 297,7 млн. сом) түзѳт жана 2022-жылдын январь-февраль айына 387,2 млн. сомго же 29,8% ѳскѳн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин керектелген электр энергиясы үчүн бюджеттик мекемелердин дебитордук карызынын пайда болуусуна жол бербѳѳ бѳлүгүндѳ сунуштоолору аткарылбай жаткандыгын Комитет белгилейт.

Мындан сырткары, электр энергиясын колдонуучуларды авариялык ѳчүрүүгѳ жол бербѳѳ боюнча керектүү чараларды кабыл алуу бѳлүгүндѳ ишти күчѳтүү керек.

2021-жыл үчүн БЭК боюнча берилген электр энергиясына акча каражаттарын топтоо 16 256,6 млн. сомду же кошуп эсептѳѳдѳн 101,9% түздү. 2020-жылдын ошол эле мѳѳнѳтүнѳ салыштырмалуу чогултуу 1 643,5 млн. сомго же 11,2% кѳп болгон (2020-жылдын ошол эле мѳѳнѳтүндѳ чогултуу 14 613,1 млн. сомду же 98,1% түзгѳн).

2022-жылдын январь-февраль айлары үчүн БЭК боюнча берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын чогултуу 3 623,3 млн. сомду же кошуп эсептѳѳдѳн 89,1% түзѳт. 2021-жылдын ошол эле мѳѳнѳтүнѳ салыштырмалуу чогултуу 15,0 млн. сомго же 0,4% кем болгон (2021-жылдын ошол эле мѳѳнѳтүндѳ чогултуу 3 638,3 млн. сомду же 94,2% түзгѳн).

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча – 2021/2022-жылдын жылытуу мѳѳнѳтүндѳ тѳмѳнкү чаралар кабыл алынгандыгына байланыштуу кѳмүргѳ баалар турукташтырылган:

- кѳмүргѳ бааны мамлекеттик жѳнгѳ салууну киргизүү;

- кѳмүрдү жеткирүү жана аны рынок бааларынан тѳмѳн баада сатуу үчүн мамлекеттик автотранспорттук каражаттарды бѳлүп берүү менен рынокту толтуруу;

- монополияга каршы органдын жана кѳмүр жеткирүүчүлѳрдүн биринин ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында Казакстандан кѳмүр жеткирүүнү кѳбѳйтүү.

Атап айтканда, 2022-жылдын 22-февралына карата республика боюнча орточо алганда 1 тонна ата мекендик кѳмүрдүн баасы 4511 сомду түздү, бул 2021-жылдын октябрындагы баага карата 484 сомго арзан болду, импорттук кѳмүр бул белгиленген мѳѳнѳттѳ 244 сомго/т арзандаган жана 5104 сом/т түзгѳн.

Жылытуу мѳѳнѳтүнүн башталышында кѳмүргѳ болгон баа ѳтѳ жогору болгондугун, бааларды турукташтыруу боюнча чаралар ѳз учурунда кабыл алынбагандыгын жана бул кайдыгерлик калкка жагымсыз жагдайларды жараткандыгын Комитет белгилеп кетет.

Андан тышкары, жылытуу мѳѳнѳтүнѳ карата кѳмүр казып алуунун ѳтѳ аз кѳлѳмү байкалган, ошондон улам, ѳлкѳнүн айрым райондорунда кѳмүр жетишпей калган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматтары боюнча, бүгүнкү күнү күйүүчү жана майлоочу майлардын (мындан ары – КММ) кайрадан келип түшкѳн кѳлѳмүн эске алуу менен, республикада дизелдик күйүүчү майдын эки-үч айлык камдыгы жана бензиндин 20-30 күндүк камдыгы бар, ошондой эле КММ рыногу дайыма кѳзѳмѳлдѳп туруу чѳлкѳмүндѳ кала берүүдѳ.

Марттагы бааларга (129,47 доллар/тн) салыштырмалуу баанын тѳмѳндѳгѳнүнѳ карабай, Brent эталон маркасынын баасы али да болсо жогору бойдон калууда жана анын баасы 2022-жылдын 4-апрелине карата 104, 63 доллар/тн түздү, бул 2022-жылдын январына салыштырмалуу 24,47 долларга/тн кымбатыраак жана 2021-жылдын апрелинин башына караганда 40,13 долларга/тн (же 62,3%) кымбатыраак, демек, Россиянын заводдорунун сатуу баалары мындан ары ѳсүү тенденциясына ээ, бул болсо республикадагы КММдин баасынын деңгээлине да таасирин тийгизүүдѳ.

Атап айтканда, 2022-жылдын 30-мартына карата республика боюнча АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 64,2 сом/л түздү, 2021-жылдын мартындагы бааларга салыштырмалуу ѳсүү темпи 45% түздү, дизелдик күйүүчү май бир жыл ичинде 52,5% кымбаттап, баасы 63,7 сом/л түздү. Баалардын ѳсүшүнѳ Украинадагы окуяларга байланыштуу АКШ долларынын курсунун ѳсүшү да таасир этти, 2022-жылдын 25-февралына карата 84,8 2022-жылдын 13-мартына карата бир долларга 104,65 сомго чейин ѳстү.

Ушул жылдын 31-мартында ири нефтетрейдерлер менен кеңешме уюштурулган жана анда КММ рыногундагы кезектеги кырдаалга, ири нефтетрейдерлердеги күйүүчү майлардын кѳлѳмүнүн камдыгына тийиштүү бир нече маселелер, ошондой эле КММге бааны кармап туруу боюнча маселелер талкууга алынган.

Нефтетрейдерлердин маалыматтары боюнча, КММ рыногунда тѳмѳндѳгүдѳй жагдай байкалат:

  • Чет ѳлкѳлүк валютанын жогорку волатильдүүлүгү;
  • Берүүчү-заводдордун бааларынын так аныкталбагандыгы;
  • Россиянын НКЗсынан ѳндүрүүнүн жана берүүнүн кѳлѳмүнүн кыскарышы;
  • Мында, Россиянын НКЗсы жакынкы убакытта россия рубли менен ѳз ара эсептешүүгѳ ѳтүүнү пландап турат.

Кезектеги абалды талкуулоонун жана талдоонун жыйынтыгы боюнча, аларды кабыл алуу КММ рыногун келечекте турукташтырууга мүмкүндүк берүүчү чаралар иштелип чыкты, тактап айтканда:

Россиянын НКЗы жана Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин ортосунда ѳз ара эсептешүүлѳрдү рублдик валюта менен жүргүзүүгѳ ѳтүүнү эске алып, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Россиянын Центробанкынын келишимдеринин деңгээлинде керектүү кѳлѳмдѳ нефтетрейдерлерди рублдик валюта менен камсыз кылуу маселеси каралсын.

Казакстан Республикасы тарабынан нефть ѳнүмдѳрүн экспорттого тыюу киргизилген шартта, нефть ѳнүмдѳрүн, анын ичинде, кысылган кѳмүр суутектүү газды (ККГ) Кыргызстанга жеткирүүнү талкуулоону Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ортосунда Ѳкмѳттѳр аралык сүйлѳшүүлѳрдү күн тартибине киргизүү маселесин карасын.

Чийки мунай зат бар болгон учурда ата мекендик НКЗнын ѳндүрүштүк кубаттуулугу ѳлкѳнүн КММди керектѳѳсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берээрин Комитет белгилейт. Ушуга байланыштуу, ички рынокту камсыз кылуу жана мунай ѳнүмдѳрүнѳ бааны тѳмѳндѳтүү максатында мунайды жана газды казып алуу кѳлѳмүн олуттуу кѳбѳйтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарыл.

  Ошондой эле, Комитет доллардын курсу кѳтѳрүлгѳндѳ КММ баа дагы ѳсѳѳрүн, ал эми доллардын курсу тѳмѳндѳгѳндѳ, КММдин баасы тѳмѳндѳбѳгѳндүгүн белгилейт. Ушуга байланыштуу, КММ болгон бааны жѳнгѳ салуу керек. Ошондой эле, Россия Федерациясынын негизги жеткирүүчүсү менен келишим түзгѳндѳ, доллар валютасын рубльге конверттѳѳ зарыл.

Мындан сырткары, Казакстан Республикасы, Түркмѳнстан жана Иран сыяктуу башка мамлекеттер менен КММ жеткирүү боюнча сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүү керек.

Жогоруда баяндалгандарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын экономика тармактарынын жана калкынын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ѳтүүсү жѳнүндѳ берген маалыматын эске алуу менен, Комитет тѳмѳнкүдѳй Чечим кабыл алды:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен ѳтүү мѳѳнѳтүндѳ керектѳѳчүлѳрдү электр жана жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу бѳлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы № 4949-VI токтомунун аткарылышы канааттандырарлык деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:

2.1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча керектүү бардык чараларды алдын ала алсын;

2.2. Токтогул суу сактагычында суунун керектүү кѳлѳмүн толтуруу боюнча комплекстүү чараларды кабыл алсын;

2.3. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштери улантылсын:

- №4 гидроагрегатты алмаштыруу боюнча жумуштарды бүтүрсүн;

- №2 гидроагрегатты демонтаж процедураларын тездетсин.

2.4. Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун баштоого кечиктирилгис чараларды көрсүн;

2.5. мамлекеттик инвестициялар долбоорлору алкагында гранттык жана кредиттик каражаттарды ѳздѳштүрүүнү кѳзѳмѳлгѳ алсын;

2.6. чакан гидроэнергетиканы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) ѳнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин;

2.7. Кыргыз Республикасынын энергетика тутумуна Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүү боюнча ишти тездетсин жана күчѳтсүн;

2.8. энергетика тармагындагы колдонуудагы баардык ченемдик-техникалык документацияларды, ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирсин;

2.9. кыска мѳѳнѳттүн ичинде электр энергиясын үнѳмдүү колдонуу жѳнүндѳ нускаманы иштеп чыксын жана бул нускама менен калкты тааныштырсын;

2.10. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБ кѳмүр жана мазут сатып алууда контролду күчѳтсүн жана кѳз карандысыз тендердик комиссия түзүү мүмкүндүгүн карасын;

2.11. электр энергиясынын жоготуулары менен керектелген электр жана жылуулук энергиясы үчүн керектѳѳчүлѳрдүн дебитордук карызын тѳмѳндѳтүү боюнча максаттуу кѳрсѳткүчтѳрдүн аткарылышын камсыз кылсын;

2.12. аткарылган иштер жѳнүндѳгү маалыматты квартал сайын кийинки айдын 15-числосуна чейин Комитетке жиберип турсун.

3. «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 27-октябрындагы №4949-VI токтому көзөмөлдөн алынсын.

4. Тийиштүү кат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О. Сыдыгалиевдин атына жөнөтүлсүн.

5. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бѳлүмүнѳ жүктѳлсүн.

 

Комитеттин Тѳрагасы                                              А. Турсунбаев