Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Токторбаевдин протоколдук тапшырмаларынын аткарылуусу тууралуу жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ЧЕЧИМИ

14-09-2022
11:01

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары - Комитет), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Токторбаевдин протоколдук тапшырмаларынын аткарылуусу тууралуу жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө маалыматты угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
30-мартындагы жыйынында депутат Ж.Токторбаев Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү компаниялар менен түзүлгөн лицензиялык келишимдерди кайрадан карап чыгууну жана мындан ары түзүлгөн келишимдерге мамлекеттин үлүшүн аныктап, так көрсөтүүнү сунуштаган. Ошондой эле депутат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
6-апрелиндеги жыйынында көмүр өнөр жайындагы ири компаниялардын ишмердүүлүгү жөнүндө маселени көтөрүп, аталган тармакта иштеп жаткан ири компаниялардын лицензиялык келишимдерин кайрадан карап чыгып, мамлекеттин үлүшүн 40 пайыздан кем эмес кылуу керектигин белгилеген.

Жогоруда аталган протоколдук тапшырмалар “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 112-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жөнөтүлгөн.

Комитет Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жогоруда аталган протоколдук тапшырмада көрсөтүлгөн маселелер боюнча толук кандуу маалыматтар берилбегендигин белгилейт.

Ошондой эле, Комитет аталган министрлик тарабынан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш чараларды солгун жүргүзүлүп жаткандыгын өзгөчө белгилейт. 

 

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө

 

 2021-жылы пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссияга 139 отчёт жана долбоорлор келип түшкөн. Комиссиянын 12 отуруму өткөрүлүп, анда 139 иш каралып, 110 объекттер боюнча протоколдор түзүлгөн, 29 отчёттор жана долбоорлор кайрадан иштеп чыгууга жиберилген.

Геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жөнгө салуунун алкагында 202 техникалык долбоорлорго эксперттик корутундулар берилген. Анын ичинен рудалык кен байлыктар боюнча – 45, көмүр боюнча – 42, металл эмес сырьё боюнча – 38, жер астындагы суулар боюнча – 77.

 

Тоо-кен тармагындагы ишканалардын республикалык жана жергиликтүү бюджетти толтурууга кошкон салымы боюнча

 

2021-жылы 55 объект боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна аукцион жана конкурстар өткөрүлүп, старттык наркы – 262,4 миң АКШ долларын түзгөн жана алар 1033,8 миң АКШ долларына бааланган. Ошондой эле, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 2022-жылга жер казынасын пайдалануу укугуна 180 объект боюнча аукцион өткөрүүнү болжолдоодо.

План боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдар 271 млн. сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча 2021-жылга карата мамлекетке келип түшкөн каражат 244,043 млн. сомду түзгөн.

Комитет 2021-жылы лицензияларды кармоо үчүн жыйымдарды топтоо планы 27,0 млн. сомго аткарылбай калгандыгын жана планды аткарбоо себептери так көрсөтүлбөгөнүн баса белгилейт. 

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча тоо-кен тармагындагы ишканалар тарабынан 22,942 млрд. сом салыктар төлөнүп, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4,7 млрд. сомго көп. 

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 1-январына карата кенди пайдалануу укугун колдонуудагы лицензиялардын жалпы саны-2397. Мында лицензиялар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн: 

 

 

                                                                                                                           1-таблица

Аталышы

Издөө

Чалгындоо

Иштетүү

Жалпы саны

1

Алтын

63

232

130

425

2

Металл

19

66

23

108

3

Көмүр

11

164

219

394

4

Металл эмес пайдалуу кендер

3

291

618

912

5

Мунай жана газ

16

5

21

42

6

Суу

0

7

509

516

 

Жалпы:

112

765

1520

2397

Пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү

     2-таблица

 

1

Алтын

25 177 (кг.)

2

Металл

65 534 (тонна)

3

Көмүр

3 282 390 (тонна)

4

Нефть

279 280 (тонна)

5

Газ

0 (м3)

6

Металл эмес пайдалуу кендер (рудалык эмес)

7 093 880 (м3)

7

Суу

136 7607,99 (м3/жылына)

 

2021-жылда баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды ташып чыгаруунун көлөмү 173 966,5 тоннаны түзгөн.

                                                                                                                           3-таблица

№ 

Компаниялардын аталышы

Концентраттын же руданын көлөмү, тн. (кургак салмак)

Көлөмү Au, кг.

Көлөмү Ag, кг.

Көлөмү Cu, тн.

Экспорттоочу өлкөлөр

1

«ТК Гео Ресурс» ЖАК

-

-

-

-

РК

2

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК

1059,196

50,0979408

43,616899

1,3004883

Турция

3

“ГИК Кайди” ЖЧК

1775,21933

176,444

241,59182

64,81806

КЭР

4

“Фул Голд Майнинг” ЖЧК

3150,271

200,908234

41,121477

-

КНР

5

“Алтынкен” ЖЧК

27048,776

3063,818

2663,266

931,799

РК

6

“Казминералз Бозымчак” ЖЧК

28556,041

1355,89273

9846,0085

6801,471

РК

7

“Кичи-Чаарат” ЖЧК

6278,661

86,07965

521,658

1143,2244

КЭР

8

“Централ Азия Поли Мэт” ЖЧК

15,665

3,093

0,438

-

КЭР

9

“Вертекс Голд Компани” ЖЧК

106082,7

371,277

133,846

-

РК

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Токторбаевдин протоколдук тапшырмаларынын аткарылуусу тууралуу жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө маалыматы угуп жана талкуулап, Комитет төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:

- Кыргыз Республикасынын Тоо кодексинин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан концентраттарды жана рудаларды ташып чыгарган компанияларга карата мамлекеттик көзөмөлдү күчөтсүн;

- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды берүүдө мамлекеттин үлүшүн киргизүү тартибин иштеп чыксын.

2. Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:

- жер казынасын пайдалануу укугуна берилген лицензияларга тез арада инвентаризация жүргүзсүн;

- жер казынасын пайдаланууга укуктарды берүү жана лицензияны чакыртып алуу тартиби кайрадан каралып чыксын;

- жер тилкелерин рекультивациялоо, өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатында көзөмөлдү күчөтсүн;

- жергиликтүү бийлик органдарына жана тоо-кен ишканаларынын башчыларына компаниялардын ишинин айланасында чыр-чатактардын келип чыгышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерди жүргүзсүн жана алардын калктын, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турсун;

- бул чечимдин аткарылышы боюнча Комитетке 2022-жылдын
1-декабрына чейин толук маалыматтар берилсин.

3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жанаөнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Комитеттин төрагасы                                                А.А.Турсунбаев