Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө” Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 20-сентябрындагы ЧЕЧИМИ

26-09-2022
14:27

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет)
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын
2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
30-апрелиндеги №234 Токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономика тармактарын жана калкын
2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө 2022-жылдын
14-сентябрына карата төмөнкүдөй маалыматтарды берди.

 

  1. Суу-энергетикалык жагдай

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын маалыматына (чыг. №07/579 08-апрель 2022-ж.) ылайык, 2022-жылдын вегетация мөөнөтүндө (апрель айынан сентябрь айына чейин, ал айды кошо) Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши болжол менен ченемден 105%ды түзөт.

Токтогул суу сактагычындагы суу-энергетикалык баланска ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
30-апрелиндеги №234-токтому менен 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилинин башталышына Токтогул суу сактагычында 10,99 млрд. м3 көлөмүндөгү сууну топтоо тапшырмасы берилген, мында бул көрсөткүч
2021-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,34 млрд. м3га кем, ал эми 2023-жылдын апрелинин бирине карата 8,57 млрд. м3 көлөмү менен чыгуу керек.

Алдын ала суу-энергетикалык эсептөөлөргө ылайык, 2022-жылдын 8 айы үчүн суунун иш жүзүндө агып келгенин эске алуу менен, 2022-жылдын
01-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болжол менен 13,5 млрд. м3ду, ал эми Борбордук Азиянын коңшу энерго тутумунан электр энергиясын пландалган импорттоону эске алуу менен, 2023-жылдын 01-апрелине карата болжол менен 8,3 млрд. м3ду түзөт.

2022-жылдын 14-сентябрдагы абалы боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,445 млрд. м3ду түздү, бул 2021-жылдын ушундай эле мөөнөтүнө салыштырмалуу 1,281 млрд. м3га көп.

Ыкчам маалыматтар боюнча, товар алмашуунун алкагында Казакстан Республикасынын энерго тутумунан пландалган 900,0 млн. кВт/саатдан 900,0 млн. кВт/саат, ал эми Өзбекстан Республикасынан пландалган 500,0 млн. кВт/саатдан 504,4 млн. кВт/саат көлөмүндө электр энергиясы импорттолду. Азыркы учурда Өзбекстан Республикасынан мурда алынган электр энергияны Республиканын энерготутумуна пландалган 250,0 млн. кВт/саат үчүн 250,0 млн. кВт/саат, Казакстан Республикасына пландалган 300,0 млн. кВт/саат үчүн  300,0 млн. кВт/саат электр энергиясын кайтарып берүү жүзөгө ашырылды.

Ошондой эле, “Электр станциялары” ААКынын жана Казакстан Республикасынын чарбачыл субъектилеринин ортосунда 2022-жылдын мартынан декабрга чейинки мөөнөттө 450,0 млн. кВт/саат көлөмүндө электр энергиясын жеткирүүгө келишим түзүлгөн жана 2022-жылдын 14-сентябрына карата пландалган 200,0 млн. кВт/саат үчүн 203,0 млн. кВт/саат өлчөмүндө берилген.

Түркмөнстандан 1500,0 млн. кВт/саат өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо боюнча келишим бар, азыркы учурда энерго тутумга пландалган 865,3 млн. кВт/саат көлөмүнөн  630,5 млн. кВт/саат көлөмүндө электр энергиясын кабыл алуу жүзөгө ашырылып жатат.

Андан тышкары, Түркмөнстандан жаратылыш газын жалпы келишимдик 1300,0 млн. кВт/саат көлөмдө кайра жаратуу жолу менен Өзбекстан Республикасынан электр энергиясын алуу жүзөгө ашырылып жатат, анын ичинен план боюнча 717,4 млн. кВт/саат каралса, 789,2 млн. кВт/саат өлчөмдө кабыл алынды.

 

  1. Электр энергиясынын генерациясы

2022-жылдын 8 айында “Электр станциялары” ААКму электр энергиясын иштеп чыккан көлөмү 8 852,6 млн. кВт/саат түздү, бул болсо 2022-жылга каралган пландык (9 140,0 млн. кВт/саат) көрсөткүчтөн 287,8 млн. кВт/саатга кем жана 2021-жылдын көрсөткүчүнөн (10 146,4 млн. кВт/саат), 1 293,8 млн. кВт/саатга кем болду, анын ичинде:

- ГЭСте электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 7 503,4 млн. кВт/саат түздү, бул 2022-жылга пландык (7 704,7 млн. кВт/саат) көрсөткүчтөн 201,3 млн. кВт/саат га жана 2021-жылдын көрсөткүчүнөн (8 884,5 млн. кВт/саат) 1 381,1 млн. кВт/саатга кем;

- ЖЭБде электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 1 349,2 млн. кВт/саат түздү, бул 2022-жылга пландык (1435,3 млн. кВт/саат) көрсөткүчтөн 86,1 млн. кВт/саатга кем жана 2021-жылдын көрсөткүчүнөн (1 261,9 млн. кВт/саат)
1 381,1 млн. кВт/саатга көп.

“Чакан ГЭС” ААКында 2022-жылдын 8 айы үчүн электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 93,1 млн. кВт/саатты түздү, бул 2022-жылдагы пландык
(91,3 млн. кВт/саат) көрсөткүчтөн 1,8 млн. кВт/саатга көп жана 2021-жылдын көрсөткүчүнө (92,8 млн. кВт/саат) салыштырмалуу 0,3 млн. кВт/саатга көп.

 

  1. Жылуулук энергиясынын генерациясы

Жылуулук энергиясын коё берүү 1 279,8 миң Гкалды түздү, бул
2021-жылдын көрсөткүчүнөн (1 307,9 миң Гкал) 28,1 миң Гкалга аз.

 

  1. Жылуулук электр борборлорун отун менен камсыздоо

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 467 токтому менен Бишкек жана Ош ЖЭБдерине тапшырылган электр жана жылуулук жүктөрүн киргизүү үчүн отундун төмөнкү көлөмү жана маркалары аныкталган:

 

1-таблица

Аталышы

ККМ боюнча план

2022-жылдын 1-апрелинен 2023-жылдын 1-сентябрына чейин

План

Факт

Айырма

миң тонна

Бишкек ЖЭБи

1.

Көмүр, анын ичинде

1 800,0

340,0

83,1

- 256,9

1.1.

Кыргыз көмүрү

1 800,0

340,0

83,1

-256,9

1.1.1.

в.т.ч.:

Кавактыкы

1 750,0

340,0

83,1

- 256,9

1.1.2.

Таш-Көмүрдүкү

50,0

0,0

0,0

0,0

2.

Жаратылыш газы (млн.м3)

82,249

15,385

16,562

+1,177

Ош ЖЭБи

3.

Жагуучу  мазут

23,0

12,0

0,0

-12,0

4.

Жаратылыш газы (млн.м3)

3,0

0,180

0,024

-0,156

 

Комитет, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүүнүн көлөмү 2022-жылдын 01-сентябрына карата 340,0 миң тоннаны түзгөндүгүн белгилейт, мында иш жүзүндөгү жеткирүүлөр 83,1 миң тоннаны түзөт, бул болсо 256,9 миң тоннага же 75,5%га аз, демек көмүр менен камсыздоо боюнча пландык иштерден өтө эле артта калганы байкалат.

Андан сырткары, Ош ЖЭБине жагуучу мазутту жеткирүү боюнча маселе турат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык 2022-жылдын 01-сентябрына карата жеткирилген жагуучу мазуттун көлөмү 12,0 миң тоннаны түзүшү керек, мында 2022-жылдын 14-сентябрына карата нөлдүк көрсөткүчтөр белгиленген.

Жогоруда көрсөтүлгөн отун менен камсыз кылууда артта калуу электр жана жылуулук энергиясын өз убагында бербөөгө жана 2022-2023-жылдын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн.

 

  1. Отунду камдоо

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
30-апрелиндеги токтомуна ылайык, республика боюнча 3 244,29 миң тонна көмүр камдоо керек, анын ичинен:

-   бюджеттик мекемелерге – 257,686 миң тонна көмүр;

-   калк үчүн – 1 236,6 миң тонна көмүр;

-   Бишкек ЖЭБине – 1 750,0 миң тонна көмүр.

 

Республика боюнча 48,472 миң тонна жагуучу мазут камдоо пландалган, анын ичинен:

-   Ош ЖЭБине – 23,0 миң тонно жагуучу мазут;

-   “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин объектилерине - 24,897 миң тонна жагуучу мазут;

-   УКМКнын Чек ара кызматы – 0,575 миң тонна жагуучу мазут.

  1. Бюджеттик мекемелер

2022/2023-жылдагы алдыдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн, Кыргыз Республиасынын Министрлер Кабинетинин Токтомуна ылайык, бюджеттик мекемелер 257,686 миң тонна көмүр камдашы керек:

2-таблица

Керектөөчүнүн аталышы

2022/2023 ККМге план

Учурдагы план

(01.09.202 ж.)

Факт

(+;-)

%

Саламаттыкты сактоо минитсрлиги

1,566

0,488

0,963

0,475

197,3

ММКФ

16,808

3,830

7,180

3,35

187,5

Билим берүү жана илим министрлиги

112,856

22,685

36,302

13,617

160,0

Маданият мекемелери

0,946

0,235

0,648

0,413

275,7

ӨКМ

3,00

0,005

1,174

1,174

 

ИИМ

4,519

0,591

1,268

0,677

214,6

Коргоо минитсрлиги

11,310

0,000

5,617

5,617

 

КР УКМК ЧК

5,472

2,255

3,354

1,099

148,7

АНСПО

2,076

0,578

0,906

0,328

156,7

КР ЮМ караштуу Жазаларды аткаруу кызматы

4,369

0,680

0,030

-0,65

4,4

социалдык мекемелер боюнча

2,014

0,005

1,213

1,208

 

Кыргызжылуулукэнерго МИ

75,18

10,276

13,245

2,969

128,9

КИ “Бишкек жылуулук энерго”

3,600

0,000

0,000

0

0

“Ош жылуулук камсыздоо” МИ

14,000

3,500

2,440

-1,06

69,7

Бюджет боюнча бардыгы

257,686

45,123

46,230

1,107

102,5

 

Жалпысынан, бюджеттик уюмдар боюнча көмүрдү камдоо иши пландык көрсөткүчтөргө ылайык жүргүзүлүп жатканын, бирок “жылуулук менен камсыздоо” Ош муниципалдык ишкана боюнча көмүрдү камдоонун көлөмүндө графиктен бир топ артта калганы байкалат, планга ылайык 2022-жылдын 01-сентябрына карата көмүрдүн көлөмү 3,500 миң тоннаны түзүшү керек болчу, мында иш жүзүндө 2, 440 миң тонна жеткирилди, тактап айтканда, пландан 1, 06 миң тоннага же 69,7%га артта калганын Комитет белгилейт.

Бюджеттик уюмдар тарабынан отун жеткирүү процессин тездетүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык пландык көрсөткүчтөргө жетүү керек.

 

  1. Калк

“Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтому менен калк үчүн 1 236,60 миң тонна көмүр камдоо керек, анын ичинен облустар боюнча:

3-таблица

Облус

2022/2023 ККМге план

Учурдагы план
(2022-жылдын сентябрына)

Факт

(+;-)

%

Чүй

339,363

30,000

111,202

81,202

370,7

Нарын

90,400

12,000

2,704

-9,296

22,5

Бишкек ш.

132,100

22,100

43,500

21,400

196,8

Талас

59,269

4,450

8,365

3,915

188,0

Ысык-Көл

118,858

7,120

19,670

12,55

276,3

Баткен

93,000

17,500

23,699

6,199

135,4

Ош

178,414

35,000

39,663

4,663

113,3

Ош ш.

22,600

2,720

0,000

-2,720

0,0

Жалал-Абад

202,600

50,000

70,880

20,880

141,8

Бардыгы:

1 236,60

180,890

250,294

69,404

138,4

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен берилген маалыматттарга ылайык, 2022-жылдын 01-сентябрына карата Нарын облусунда жана Ош шаарында көмүрдү камдоо боюнча пландан өтө артта калганын Комитет белгилейт.

Жылытуу учурунда  кемчиликтерге жол бербөө үчүн тез аранын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун талаптарын аткаруу боюнча иш жүргүзүү керек.

Ошондой эле, дүрбөлөңгө жана суроо-талаптын жана анын негизинде көмүргө баанын тез өсүп кетүүсүнө жол бербөө үчүн көмүрдү эрте даярдоо зарылдыгы жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштайт.

 

 

 

  1. Отун базалары жөнүндө маалымат

2022-жылдын 14-сентябрына карата республика боюнча 505 отун базасы жана көмүр сатуу жайлары ачылган, анын ичинен аймактар боюнча:

4-таблица

Аймактын аталышы

Отун базасы жана көмүр сатуу жайларынын саны (01.09.2022-ж. карата)

Отун базасында 1 т. көмүрдүн баасы, сом
(01.09.2022-ж. карата.)

1

2

3

4

1

Ысык-Көл

26

3500-7000 сом

2

Нарын

68

2300-3500 сом

3

Чүй

12

4500-5000 сом

4

Бишкек

8

4000-5000 сом

5

Талас

47

4500-5500 сом

Түндүк аймагы

161

2300-7000

6

Ош облусу

93

2800-8000 сом

7

Баткен

65

3600-8000

8

Жалал-Абад

171

3500-6000

9

Ош ш.

15

4500-5500 сом

Түштүк аймагы

344

2800-8000

Бардыгы:

505

2300-8000

 

  1. Электр энергиясын пайдалануунун лимиттерин аткаруу

Электр тармактары ишканаларынын жана ири өнөр-жай ишканаларынын  электр энергиясы жана кубаттуулук боюнча керектөөлөрүнүн белгиленген лимиттерин аткаруусу боюнча ар жумалык негизде “Кыргызстан УЭС” ААКы тарабынан мониторинг жүргүзүлүп жатат. 

ПЭС үчүн апрель-август айларына 3923,4 млн. кВт/саат лимитинде, ПЭСтер иш жүзүндө 3799,9 млн. кВт/саат өлчөмүндө керектеген, үнөмдөө 123,5 млн. кВт/саатты же 3,1%ды түздү. КПП үчүн апрель-август айларына 661,6 млн. кВт/саат лимитинде, КППлар иш жүзүндө 641,5 млн. кВт/саат өлчөмүндө керектеген, үнөмдөө  20,1  млн. кВт/саатты же 3,0%ды түздү.

Электр энергиясын керектөө лимитинин аткарылышы жөнүндө маалымат.

 

5-таблица

Электр тармактар ишканасы

2022-жылдын апрель-августу

Лимит

Иш жүзүндө

ашык/кем

млн. кВт/саат

млн. кВт/саат

млн. кВт/саат

%

1.

Чүй ПЭС

1 778,1

1 721,5

-56,7

-3,2%

1.1.

Чүй облусу

886,0

857,3

-28,7

-3,2%

1.2.

Бишкек ш.

892,1

864,1

-28,0

-3,1%

2.

Талас  ПЭС

121,5

114,2

-7,3

-6,0%

3.

Ош ПЭС

654,5

638,1

-16,3

-2,5%

3.1.

Ош ш.

269,0

261,6

-7,4

-2,8%

3.2.

Ош облусу

385,4

376,5

-8,9

-2,3%

4.

Баткен ПЭС

227,8

222,6

-5,2

-2,3%

5.

Ысык-Көл ПЭС

344,0

329,8

-14,2

-4,1%

6.

Нарын ПЭС

211,2

202,5

-8,7

-4,1%

7.

Жалалабат ПЭС

586,3

571,2

-15,1

-2,6%

 

“КЫРГЫЗСТАН УЭТ” ААКынын ПЭСтери боюнча ЖЫЙЫНТЫК

3 923,4

3 799,9

-123,5

-3,1%

 

КПП боюнча ЖЫЙЫНТЫК

661,6

641,5

-20,1

-3,0%

 

  1. Оңдоп-түзөө иштери

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКынын туундуу компанияларын 2022/2023-жылдын ККМине даярдоо үчүн төмөкүдөй оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

2022-жылдын 8 айында 415,06 км АЧ 110 кВ жана андан жогору капиталдык оңдоо иштери же учурдагы пландын 100% (жылдык план – 516,74 км) аткарылган.

Бөлүштүрүүчү электр тармактарында төмөндөгү капиталдык оңдоо жүргүзүлдү:

-   план боюнча 121 даана 35/6-10 кВ көмөкчордон 143, же пландын 118%;

-   план боюнча 2536 даана 6-10/0,4 кВ КТПнын 2469, же пландын 97%ы;

-   план боюнча каралган 3991,4 километр 6-10-0,4 кВ электр берүү чубалгыларынын 3967,2, же пландын 99%ы;

-   план боюнча каралган 372,8 километр 35 кВ аба чубалгыларынын 372,8 километри, же пландын 100%ы.

Республиканын региондорунда бөлүштүрүүчү электр тармактары боюнча планда 116 даана болсо, кошумча 100 (86%) КТП орнотулду жана планда 178 болсо, 141 (79%) трансформатор алмаштырылды. План боюнча 358,7 км 10-0,4 кВ электр линияларын куруу болсо, 274,8 км (77%) курулду жана реконструкцияланды.

«Электр станциялары» ААК боюнча планга ылайык төмөнкүдөй капиталдык жана орто оңдоо иштерин жүргүзүү керек:

-   2022-жылдын 14-сентябрына карата Бишкек ЖЭБде 2 электр от казанын оңдоо иштери уланууда;

-   2022-жылдын 14-сентябрына карата Бишкек ЖЭБде 1 турбоагрегатта оңдоо иштери улантылууда;

-   ГЭСке 5 гидроагрегатты, 2022-жылдын 14-сентябрына карата
4 гидроагрегатты оңдоо иштери аяктады, 1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда.

*31.08.22-жылга карата.

6-таблица

Станциялардын аталышы  

Негизги жабдууларды оңдоп түзөө

Жабдыктын номери

Оңдоп түзөө мөөнөтү

Аткарылышы

1.

Бишкек ЖЭБ

к/а № 17

14.03.2022-14.11.2022

Аткарылып жатат

к/а № 23

04.07.2022-30.10.2022

Аткарылып жатат

Т/а №5

15.08.2022-15.09.2022

Аткарылып жатат

2.

Курпсай ГЭСи

ГА № 2

01.08.2022-19.09.2022

Аткарылып жатат

ГА № 4

23.05.2022-11.07.2022

Аткарылган

3.

Таш-Көмүр ГЭСи

ГА № 3

16.05.2022-22.06.2022

Аткарылган

4.

Шамалды-Сай ГЭСи

ГА № 3

01.07.2022-29.08.2022

Аткарылган

5.

Үч-Коргон ГЭСи

ГА № 3

10.05.2022-24.06.2022

Аткарылган

 

 

2022-жылдын 14-сентябрына карата “Электр станциялары” ААКы тарабынан пландык оңдоп-түзөө иштеринин, Бишкек ЖЭБинде №5 турбоагрегатка оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү бөлүгүндө артта калганын Комитет белгилейт, себеби  2022-жылдын 15-сентябры оңдоп түзөөнү аяктоонун акыркы мөөнөтү.

 

Жылуулук тармактарын оңдоп түзөө

01.09.2022-жылга карата “Электр станциялдары” ААКынын филиалы – “Бишкекжылуулук тармагы” боюнча оңдоп түзөө иштери план боюнча каралган 82, 665 млн. сомдон 80,395 млн. сомго (97%) аткарылды, анын ичинен жылуулук механикалык жабдык боюнча оңдоп түзөө иштери план боюнча каралган 74,319 млн. сомдон 73, 725 млн. сомго (99,2%) аткарылган.

Магистралдык жана бөлүштүрүүчү жылуулук тармактарында авариялык-калыбына келтирүүчү оңдоп түзөө (бузуктарды оңдоо) иштери: жылдык 5,0 млн. сом планда  6,03 млн. сом (120%) суммасына 258,2 метр тармак оңдолушу аткарылды.

 

  1. Электр энергиясын сатуу жана жоготуулар

2022-жылдын 8 айы үчүн “Кыргызстан УЭТ” ААКынын ПЭСинин тармактарына 8 045,3 млн. кВт/саат электр энергиясы келип түштү, бул
2021-жылдын ошол эле мөөнөтүнө (8 399,1 млн. кВт/саат) салыштырмалуу 353,8 млн. кВт/саатга кем.

Керектөөчүлөргө 7 190,2 млн. кВт/саат электроэнергиясы берилген, бул 2021-жылдын ошол эле мөөнөтүнө (7470,5 млн. кВт/саат) салыштырмалуу 280,1 млн. кВт/саатга же 4,1% га кем.

2022-жылдын 8 айында 500-110 кВ тармактарында электр энергиясын техникалык жоготуулар 490,3 млн. кВт/саатты же  4,88%ды түздү, пландык тапшырмада 565,5 млн. кВт/саат же 5,63% каралган.

0,4-35 кВ тармактарында 2022-жылдын 8 айында электр энергиясын жоготуу 10,1% ды же 814,4 млн. кВт/саатты түзгөн, бул ченематтан 0.9%га төмөн (жоготуулардын ченематы компаниялардын бюджетине ылайык – 11,0%), ошондой эле жоготуулар 10,55ды же 878,5 млн. кВт/саатты түзгөн 2021-жылдын ушул эле мөөнөтүнөн 0,4%га төмөн.

 

  1. Дебитордук карыз

ПЭС боюнча 2022-жылдын 8 айында берилген электр энергиясы үчүн каражаттарды чогултуу 10 822,8 млн. сомду же кошуп эсептөөдөн 100,9%ды түздү. 2021-жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу чогултуу 490,6 млн. сомго көбүрөөк (2021-жылдын ушул эле мөөнөтүндө чогултуу 10 332,2 млн. сомду же 105,0%ды түзгөн).

“Кыргызстан УЭТ” ААКынын алдында керектөөчүлөрдүн дебитордук жалпы карызы 2022-жылдын 8 айына 153,1 млн. сомго же 11,7%га төмөндөгөн жана 01.09.2022-жылга 1 144,6 млн. сом суммасын түзөт (01.01.2022-жылга 1 297,7 млн. сом).

Мында бюджеттик керектөөчүлөрдүн дебитордук карызы 2022-жылдын
8 айы үчүн 15,0 млн. сомго же 3,6%га өстү жана 01.09.2022-жылга карата 438,6 млн. сомду (01.01.2022-жылга – 423,6 млн. сом) түздү, анын ичинде:

- республикалык бюджет боюнча ДК 01.09.2022 ж. 85,8 млн. сомду түздү;

- жергиликтүү бюджет боюнча ДК 01.09.2022 ж. – 33,3 млн. сом;

- Ош «Жылуулук менен камсыздоо» МИ ДК 01.09.2022 ж. – 292,0 млн. сом;

- «Кыргыз жылуулук энерго» МИ боюнча ДК 01.09.2022 ж. – 26,4 млн. сом;

- «Бишкек жылуулук энерго» КП боюнча ДК 01.09.2022 ж. – 1,1 млн. сом.

 

Жогоруда баяндалгандарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети берген Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалыматты эске алып, Комитет төмөнкүдөй Чечим чыгарды:

  1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022-2022-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
  • Министрликтер менен ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан күйүүчү майларды сатып алуу графигинин аткарылышын, электр энергиясын жана кубаттуулугун керектөөгө белгиленген лимиттердин сакталышын, керектелген электр, жылуулук энергиясы, күйүүчү мазут жана жаратылыш газы үчүн карыздарды өз убагында төлөнүшүн камсыз кылсын;
  • “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган финансылык каражаттарды, ресурстардын, кирешелердин жана бюджеттик чыгашалардын айлык финансылык планына ылайык, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө толук көлөмдө бөлүп берүүнү жүзөгө ашырсын;
  • бюджеттик мекемелердин керектелген электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы үчүн дебитордук карызынын пайда болушуна жол бербесин;
  • Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр ташуу үчүн зарыл болгон санда жарым вагондорду камсыз кылсын.
  1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министри:
  • 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилинде энерго тутумдун туруктуу иштешин жана республиканын экономикасын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыздоону  камсыз кылсын;
  • Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2022/2023-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №234 токтомуна ылайык отун-энергетикалык комплекстин ишканалары тарабынан отун жеткирүүнү камсыз кылсын;
  • Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун (АСКУЭ) электр энергиясын жоготууну төмөндөтүүгө жана каражаттарды чогултууга таасири жөнүндө аналитикалык катты даярдоо менен, Электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумунун эсепке алуу тутумун ишке киргизүү боюнча аткарылган иштер тууралуу Комитетке актуалдуу маалымат берсин;
  • Электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрүн авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө боюнча керектүү чараларды кабыл алсын;
  • Токтогул ГЭСинин 4-агрегатын пайдаланууга киргизүү, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча долбоордун жүрүшү жана Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жөнүндө толук маалыматты берсин;
  • зыяндуу чыгындылардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн ЖЭБде отун жагууда заманбап атайын чыпкалагычтарды жана күл тосуучу жабдыктарды орнотуу боюнча чараларды көрсүн.
  • ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине квартал сайын маалымат берсин.
  1. Комитеттин бул чечимин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумуна киргизилсин.
  2. Комитеттин ушул чечиминин аткарылдышын контролдоо Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.
  3. Бул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда кароодо № 1-тиркемедеги кызмат адамдары чакылсын.

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                                М.М. Мураталиев