Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 20-сентябрындагы КОРУТУНДУСУ

26-09-2022
14:31

2017-жылдын 28-февралындагы “Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (Мындан ары–Мыйзам долбоору) карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-Энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

  1. Мыйзам долбоорунун концепциясы:

2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосунда 2017-жылдын 28-февралында түзүлгөн Макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан инвестициялык кредит берүү жана Кубаттуулугу 120 МВт болгон Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын курууну жана ишке киргизүүнү, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2ден өндүрүлгөн электр энергиясын бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгү менен 500 кВ ОРУ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүшүн курууну каржылоону “Датка-Кемин” электр линиясы аркылуу өткөрүү, жеңилдетилген мөөнөт
5 жылды түзгөн (2024-жылга чейин), анын ичинде негизги карызды төлөө жүргүзүлбөйт.

2017-жылы Макулдашууга кол коюу учурунда Негизги карызды төлөө графиги түзүлүп, анда биринчи негизги карызды төлөө күнү 2021-жылдын 30-сентябрына белгиленген.

Ошону менен бирге, бардык мамлекеттик жол-жоболор аяктагандан кийин Макулдашуу расмий түрдө 2019-жылдын 17-апрелинде гана күчүнө киргендигин жана кредиттик каражаттарды иш жүзүндө өздөштүрүү Төлөм графигинде каралган мөөнөттөн кеч башталгандыгын эске алуу менен Келишимге кол коюу, демек, негизги карызды төлөө графигин өзгөртүү жана негизги карызды төлөө мөөнөтүн белгилөө зарылчылыгы келип чыкты.

Каралып жаткан Мыйзам долбоору аркылуу жагдайларды эске алуу менен Негизги карызды төлөө графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Макулдашууга № 2 кошумча Макулдашууну ратификациялоо жана
2024-жылдан баштап ар бир жылдын 30-мартына жана 30-сентябрына жаңы мөөнөттөрдү белгилеп, 2039-жылы аяктоо сунушталат.

  1. Мыйзам долбоорунун мазмунунун жарыяланган концепцияга ылайык келиши:

2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2017-жылдын
28-февралындагы “Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан инвестициялык кредит берүү жөнүндө Макулдашууга № 2 кошумча Макулдашууга ылайык келет жана жактыруу каралган.

  1. Мыйзам долбоору менен каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуунун ченемдик базасынын абалы:

-      Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

-      “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.

  1. Ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

Маалымкат-негиздемеге ылайык Мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар:

-      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу (кир. № 6-16903/22, 28. 08.22-ж.) тиркелет;

-      Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын котормо, редакция жана лингвистикалык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн корутундусу (кир. № 6-17298/22, 06.09.2022-ж.) тиркелет;

  1. Эгер андай бар болсо, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар:

Сунуштар жана сын пикирлер түшкөн жок.

  1. Алар жүргүзүлгөн учурда, жүргүзүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар:

Бул мыйзам долбоору жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын козгобогондугуна байланыштуу, ошондой эле ишкердик ишке таасир этпегендиктен, каралып жаткан мыйзам долбоору коомдук талкууга алынбайт.

  1. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Сунуштар жана сын пикирлер түшкөн жок.

  1. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

Өзгөчө пикирлер жок.

  1. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

Комитет Мыйзам долбоорун карап чыгып, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу максаттарына жетишүүдө өлкөнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири катары Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын курууга жана ишке киргизүүгө каржылоону тартуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк кубаттуулуктарынын потенциалын жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча Мыйзам долбоорунун концепциясын бекитүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1.     2017-жылдын 28-февралындагы “Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын
15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылсын.

2.     Ушул корутундунун көчүрмөсү Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетине жиберилсин.

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                      М.М. Мураталиев