Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун 50 млн. АКШ доллары суммасында каржылоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда макулдашуунун долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 20-сентябрындагы ЧЕЧИМИ

26-09-2022
14:34

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун 50 млн. АКШ доллары суммасында каржылоо жөнүндө» Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда макулдашуунун долбоорун (мындан ары – Макулдашуунун долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

 

1.     Макулдашуу долбоорунун концепциясы:

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 50,0 млн. АКШ доллары суммасында каржыланган «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган. Ошондой эле, финансылык көрсөткүчтөр чыгымдарды кайтаруу багытындагы тарифтик жолун кармануу менен жакшырат деп күтүлүүдө. Социалдык туруктуулук тарифтердин көтөрүлүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон аярлуу калкты коргоо үчүн социалдык коопсуздук тармактары аркылуу күчөтүлөт. Долбоор Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагын камтыйт.

Долбоордун алкагында тарифтерди чыгымдардын ордун толтуруу жагына карай кароо жүргүзүлөт, бул энергетика секторунун финансылык ажырымын кыскартууга жардам берет. Бул чаралардын баары энергетика секторундагы мамлекеттик компаниялардын карыз жүгүн жеңилдетүү үчүн зарыл. Жалпысынан бул энергетика тармагынын финансылык абалын бекемдейт жана энергетика секторун туруктуу өнүгүү жолуна салат, бул сектордогу компаниялардын финансылык абалын жана кредиттик жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.

Каржылоонун алдын-ала шарттары:

  • кредит берүү мөөнөтү - 38 жыл;
  • жеңилдетилген мөөнөт - 6 жыл;
  • кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык 0,75%;
  • максималдуу резервдѳѳ комиссиясы - жылдык 0,5%. Резервдөө үчүн комиссиянын өлчөмү жыл сайын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын Аткаруучу директорлор кеңеши тарабынан аныкталат. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы үчүн бул комиссия нөлгө барабар болду;
  • долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү – 5 жыл.

Комитет Макулдашуунун долбоорун карап чыгып, каралып жаткан Макулдашуунун долбоорунун оң жана терс таасирлери жөнүндө салыштырма талдоо жүргүзгөндөн кийин төмөнкүлөрдү билдирет.

Макулдашуунун долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, долбоор төмөнкүдѳй 4 компоненттен турат.

1-Компонент. Бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана модернизациялоонун жалпы суммасы 10 млн. АКШ доллары. Бул компоненттин алкагында конкреттүү иш-чараларга 0,4-10 кВ электр тармактарын реконструкциялоо, ошондой эле 6-10/0,4 кВ трансформатордук подстанцияларды куруу жана реконструкциялоо кирет.

2-Компонент. Бөлүштүрүү тутумун санариптештирүүнүн жалпы суммасы 35 млн. АКШ доллары. Бул компонент санариптик чечимдерди колдонууга жана коммерциялык жоготууларды кыскартууга багытталат.

Бул компоненттин алкагында конкреттүү иш-чаралар электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасын (ЭКЭАТ) жана SCADA системасын (диспетчердик башкаруу жана маалыматтарды чогултуу) киргизүүнү камтыйт.

3-Компонент. Социалдык коргоо системаларын чыңдоонун жалпы суммасы 3 млн. АКШ доллары. Социалдык коргоо компонентинин алкагында негизги иш-чараларга консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, окутуулар, ИТ менен байланышкан программалык жана техникалык камсыздоо, эксплуатациялык чыгымдар кирет.

4-Компонент. Инстуционалдык өнүктүрүү жана долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнүн жалпы суммасы 2 млн. АКШ доллары. Бул компонент энергетика секторунун артыкчылыктуу реформаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, энергетика секторун башкарууну чыңдоого, энергетикалык кызыктар тараптардын өкүлдөрүнүн зарыл инстуционалдык потенциалын өнүктүрүүгө, ошондой эле долбоордун бенефициарлары үчүн долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү кеңейтүүгө көмөктөшөт.

Бул компонент алкагында конкреттүү иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде тармактык пландаштыруу бөлүмүн түзүү;
  • бөлүштүрүүчү компаниялардын бизнес-процесстерин модернизациялоо;
  • тармактарды долборлоо, жабдууларды туура орнотуу, энергетика тутумундагы жоготууларды азайтуу жана негизги каржылык башкарууну окутуу;   
  • тарифтик реформаларды коштоочу коммуникациялык ѳнѳктүктѳрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • гендердик иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана кардарлардын канааттануусун изилдөө, келчектеги артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу, аткаруучу агентикке долбоорду ишке ашырууну колдоо.

Мамлекеттин үлүшү бар энергетикалык компаниялардын балансында турган энергетикалык жабдуулардын потенциалын жогорулатуунун маанилүүлүгүн эске алып, бул өлкөнүн калкын электр энергиясы менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатат, ошондой эле энергетика тармагынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн энергетикалык компаниялардын бөлүштүрүүчү тармактарын эсепке алуу тутумун автоматташтырууну, ошондой эле тармакты санариптештирүүнүн натыйжасында отчеттуулукту жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашырууну эске алып, Комитет Макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин сунушун колдоону максатка ылайыктуу деп эсептейт.

 

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Комитет төмөнкүдѳй чечимге келди:

1. «Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорун 50 млн. АКШ доллары суммасында каржылоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда макулдашуунун долбоору жактырылсын.

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                      М.М. Мураталиев