Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2022-жылдын 11-октябрындагы КОРУТУНДУСУ

21-10-2022
14:37

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (2022-жылдын 31-майындагы кир. №6-10828/22) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

         1. Мыйзам долбоорунун концепциясы: Бардык мыйзамдык базаны оптималдаштыруу жана өркүндөтүү, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра кароого негизделген, жарандын жана юридикалык жактардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган масштабдуу жана сапаттуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 8-февралындагы УП № 26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууга багытталган.

2. Мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайык келиши:

Мыйзам долбоору белгиленген тартипте иштелип чыккан жана концепцияга ылайык келет.

3. Мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүн жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы:

         - Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

         - Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;

         - Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамы;

         - Кыргыз Республикасынын “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Мыйзамы.

4. Ишкердик ишмердикти жөнгө салууга багытталган Мыйзам долбооруна жөнгө салуучу таасирди талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар:

Маалымкат-негиздемеге ылайык, долбоор ишкердикти жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучу таасирге талдоо жүргүзүүгө жатпайт.

5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын жыйынтыгы боюнча сунуштар:

         - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (13.06.22-ж., кир. № 6-12131/22);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн корутундусу тиркелет (21.06.22-ж. кир., № 6-13193/22).

6. Көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгерде алар бар болсо:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

7. Коомдук талкуулардын жыйынтыктары боюнча сунуштар, эгер алар жүргүзүлсө:

Маалымкат-негиздемеге ылайык, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, мыйзам долбоору коомдук талкуулоону талап кылбайт.

8. Мыйзам долбооруна фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары:

Сунуштар жана сын-пикирлер келип түшкөн жок.

9. Комитеттин мүчөлөрүнүн өзгөчө пикири:

Жок.

10. Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары:

Мыйзам долбоору боюнча Комитеттин сын-пикирлери жана сунуштары жок.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө”, “Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылсын.

2. Бул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жалпылоо үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасы                                                       А. Турсунбаев