Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасындагы өнөр-жай секторунун абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 25-октябрындагы ЧЕЧИМИ

04-11-2022
15:52

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматын угуп, тѳмѳнкүлѳрдү белгилейт.

Кыргыз Республикасынын өнөр жайы ички дүң продуктунун 20,0%га жакынын, республикалык бюджетке салыктык түшүүлөрдүн 18,0%га жакынын жана экспорттук берүүлѳрдүн 80,0%дан ашыгын камсыз кылуучу экономиканын негизги секторлорунун бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, ѳнөр жай тармагында бүгүнкү күндө аларда 150 миңге жакын адам эмгектенген 2000ге жакын ишкана (жеке ишкерлерди эсепке албаганда) бар.

Өнөр жай өндүрүшүнүн эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 41,7%, Ысык-Көл облусуна – 20,2% – (Кумтөрдүн эсебинен), Бишкек шаарына – 14,1%, Жалал-Абад облусуна – 11,0% – (электр энергиясын өндүрүүнүн эсебинен) жана Талас облусуна – 6,2% туура келет.

Калган облустардын  үлүшү анча деле чоң эмес: Ош облусу – 3,3%, Баткен облусу – 1,0%, Ош шаары – 1,5%.

Алтын, жеңил өнөр жай продукциясы, айыл чарба продукциясы, ошондой эле курулуш материалдары (жалпак айнек жана андан жасалган буюмдар, портландцемент) жана башкалар Кыргызстандын өнөр жайынын негизги экспорттук товарлары болуп саналат.

Экономикалык жана салык түзүүчү тармактары болуп металлургия жана тамак-ашты кайра иштетүү тармагы, текстиль жана тигүү өндүрүшү, металл эмес минералдык башка продуктыларды өндүрүү, нефтини кайра иштетүү жана энергетика жааты саналат:

  - машиналарды жана жабдууларды кошпогондо, өнөр жайдагы үлүштүн 50,0%га жакыны негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүү;

-  тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки буюмдарын өндүрүү - (үлүшү 12,0%га жакын);

- коксту жана тазаланган мунай продуктыларын өндүрүү
(үлүш 6,0%га жетет);

- резина жана пластмасса буюмдарын, металл эмес башка минералдык продуктыларды (курулуш материалдарын) өндүрүү – (үлүшү 8,0% чегинде);
        - 4%дын чегиндеги текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана  салыштырма салмагы менен башка булгаары буюмдарын өндүрүү;

- электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылуу (жабдуу) – салыштырма салмагы 15,0%га жакын.

 Жалпысынан, бул белгиленген тармактар ѳнѳр жай продукциясынын 90 пайыздан ашыгын чыгарышат.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматтарына ылайык, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукт (ИДП) 106,3% темп менен 335,3 млрд сомду түздү, мында өнөр жайдын салыштырма салмагы ИДПга жалпы кѳлѳмдѳ 21,3%ды, ал эми
2021-жылдын тийиштүү мезгилине 20,7%ды түздү.

2022-жылдын январь-июнь айларында өнөр жай субъекттери тарабынан 114,1 % физикалык көлөмдүн индекси менен 190,8 млрд.сом суммасына, анын ичинде “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларсыз - 103,1% физикалык көлөмдүн индекси менен 115,6 млрд.сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн.

Кайра иштетүү өнөр жайында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын ушул мезгилине карата 120,8% физикалык көлөмдүн индекси менен 142 млрд. 905,6 млн. сом суммасына продукция өндүрүлдү. Ѳнөр жай ѳндүрүшүнүн көлөмүндө кайра иштетүү өнөр жайынын салыштырма салмагы 74,9%ды түздү.

2022-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча продукциянын төмөнкү түрлөрүндѳ ѳндүрүш оң темпке жетишкен: пахта жиби - 102,0 тонна (4,0 эсе), даарат кагазы - 922,4 тонна (146,0%), пахта буласы - 4,4 миң тонна (167,2%), бензин - 12,5 миң тонна (125,7%), дизель күйүүчү майы - 53,1 миң тонна (117,7%), мазут - 79,8  миң тонна (113,0%), кирпич - 37,5 млн даана (113,9%), шифер - 2,1 млн. даана (150,9%) ж. б.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кайра иштетүү өнөр жайынын ишмердигинин түрлөрү төмөнкүдөй:

Текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана башка булгаары буюмдарынын өндүрүшү” (салыштырма салмагы - 2,0 %) 97,6 % физикалык көлөмдүн индекси менен 3 866,7 млн. сом суммасында продукция иштелип чыккан.

 “Жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү; полиграфиялык иш” 0,7% салыштырма салмагы менен 132,5% физикалык көлөмдүн индексинде            
1 299,1 млн. сом суммасында продукция өндүрүлдү.

Коксту жана тазаланган мунайзаттарды өндүрүүтармагында 2022-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча 115,8% физикалык көлөмдүн индексинде 2 722,7 млн.сом суммасында продукция өндүрүлдү. Ѳнөр жайдын жалпы көлөмүндөгү тармактын салыштырма салмагы 1,4 %.

Отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча негизги номенклатура боюнча чыгаруу тѳмѳнкүнү түздү:

  • бензин –12548,9 тонна (125,7 %);
  • дизелдик күйүүчү май – 53089,9 тонна (117,7 %);
  • мазут – 79818,3 тонна (113,0 %).

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө 0,2% салыштырма салмагы менен “Химиялык продукцияны өндүрүүтармагында отчеттук мезгилде 65,3% физикалык көлөмдүн индекси менен 318,0 млн.сом суммасында продукция иштелип чыккан.

Фармацевтик продукцияны өндүрүүтармагында 2022-жылдын январь-июнь айларында 97,6% физикалык көлөмдүн индекси менен 432,8 млн.сом суммасында продукция иштелип чыккан. Ѳнөр жайдын жалпы кѳлѳмүндѳ тармактын салыштырмалуу салмагы анча чоң эмес жана ал 0,2%ды түзөт.

Ѳнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө салыштырмалуу 7,7% салмагы менен “Резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүүдө, металл эмес минералдык башка продуктуларды өндүрүүдѳ” 84,0% физикалык көлөмдүн индекси менен продукцияны чыгаруу 14 718,0 млн. сомду түздү.

 “Машиналардан жана жабдыктардан башка, негизги металлдарды жана металлдан даяр буюмдарды ѳндүрүү” тармагында отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча 135,1% физикалык көлөмдүн индекси менен продукцияны чыгаруу 92 399,1 млн. сом суммасын түздү.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги берген маалыматка ылайык, кайра иштетүү өнөр жайында узак мөөнөттѳн бери токтоп турган 12 ишкана бар (ишканалардын тизмеси тиркелет). Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өкмөттөр аралык комиссиялардын, расмий жолугушуулардын, тегерек столдордун ж.б. алкагында биргелешкен ишканаларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу менен токтоп турган ишканалардын базасында, уюштуруу боюнча сунуштарды киргизилүүдө.

Ѳлкѳдѳгү ѳнѳр жай ишканаларынын кѳйгѳйү болуп чийки заттарды даярдоого ѳздүк финансы каражаттардын жетишсиздиги же жокутугу, техникалык жактан артта калуу, ишкананы ѳнүктүрүүгѳ жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги саналарын жана бул продукциянын атаандаштыкка туруктуулугунун тѳмѳн болушуна алып келгендигин Комитет баса белгилейт.

Бүгүнкү күнү, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча, “Кыргызиндустрия” ААКында Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган 100дөн ашык долбоор бар. Мында 32 долбоор  жигердүү иштеп чыгуу баскычында,
14 долбоор ишке ашыруу баскычында турат.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ѳнѳр жай ѳндүрүшүн ишке киргизүү менен 1500гѳ жакын жумушчу орун түзүү каралып жатат.

«Кыргызиндустрия» ААК бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттарына жооп бериши керектигин, инвестициялык долбоорлор ѳз ара пайдалуу процесс боюнча болушу керектигин Комитет белгилейт.

“Негизги металлдарды ѳндүрүү” тармагында (ѳнѳр жайдагы салыштырма салмак – 45,6%) 2021-жылдын кѳлѳмүнѳ 121,5% темпи менен, 2022-жылдын январь-июнь айлары үчүн 87124,01 млн.сом суммасына 9690,3 кг алтын, 41,5 тн. сымап ѳндүрүлдү. Бул тармакта ѳндүрүштүн кѳлѳмүнүн ѳсүүсү “Кумтѳр Голд Компани” ЖАКынын, “Альянс Алтын” ЖЧКсынын ишинин эсебинен кѳрсѳтүлгѳн.

ЗАО «Кумтѳр Голд Компани» ЖАКы 2022-жылдын январь-июнь айлары үчүн 2021-жылга кѳлѳмү 121% темпи менен, 7122,9кг алтын ѳндүргѳн. Кѳлѳмдѳрдүн ѳсүүсү биринчи кезекте фабрикага жеткирилүүчү кенде алтындын кѳп болушу жана кенден металлды бѳлүп алуу коэффициентинин кѳбѳйүшү менен байланышкан.

“Альянс Алтын” ЖЧКсы 2022-жылдын январь-июнь айлары үчүн доре эритмесинде 2311,3 кг алтын, ал эми отчеттук ай үчүн 400,7 кг алтын ѳндүргѳн. Ишкана ѳндүрүштүн чыгаруу кѳлѳмүн аларды долбоордук – 165т/суткасына жеткирүү менен ѳстүрүүнү пландап жатат.

2021-жылдын мартында бул ишкананын Алтын ылгоо фабрикасы ишке киргизилген. “Жерүйдү” иштетүүгѳ лицензия алган мѳѳнѳттѳн баштап “Альянс Алтын” ЖЧКсынын алтын ылгоо фабрикасын пайдаланууга киргизгенге чейин $400 миллиондон ашык сарпталган.

2016-жылдын 1-январына карата Жерүй кенинин камдыктары Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин камдыктары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй көлөмдө бекитилген: Алтын - С1+С2 ― 88 категориялары боюнча баланстык 231 кг, баланстан тышкаркы - 17 322 кг; күмүш- С2 категориясы боюнча баланстык - 24 349 кг, баланстан
тышкаркы - 6 004 кг.

“Кыргызалтын” ААКы 2022-жылдын январь-июнь айларында “Солтон-Сары кенинин” алтын ылгоочу филиалынын товардык продукциясын өндүрүүнүн жана аффинаждык өндүрүш кызмат кѳрсѳтүүнүн (чийки заттын наркын эске алуу менен) көлөмү акчалай туюнтууда 25,8 млн.сомду түздү, болжолдуу көрсөткүчтѳ 53,4 млн. сом жана 2021-жылдын ушул мезгилинде 40,0 млн. сом болду.

“Аффинаж заводу” филиалы тарабынан 2022-жылдын январь-июнь айларында аффинаждык кызмат көрсөтүүнүн товардык продукциясынын көлөмү (чийки заттын наркын эсепке албаганда) акчалай туюнтууда 364,2 млн. сомду, болжолдуу көрсөткүчтө 273,2 млн. сомду түздү.

 “КСК” ААКы 2022-жылдын январь-июнь айларында продукция чыгарган эмес.

Ишкананын негизги өндүрүшү 2013-жылдан бери токтоп турат. Баткен облусунун Райондор аралык сотунун 2020-жылдын 25-февралындагы чечими менен ЭД-112/2020-Мба иши боюнча “Кадамжай сымап комбинаты” ААКы банкрот деп табылган. Азыркы учурда банкроттоо процессинин алкагында атайын администратор тарабынан жаңы ЖЧК түзүү жолу менен ишкананын өндүрүштүк ишин жандандыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Алтынкен” ЖЧКсы 2022-жылдын январь-июнь айларында
2021-жылдын көлөмүнө карата 88,8% темпи менен 250,6 кг алтын өндүргөн. Ишканада өндүрүш көлөмүн төмөндөшү рудада алтындын аз болушу менен байланышкан.

Комитет республикада ѳнѳр-жайды ѳнүктүрүүгѳ ѳзгѳчѳ маани бѳлүнүшү керек деп эсептейт. Себеби, ѳнѳр-жай сектору Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын экономикалык ѳсүүсүнѳ олуттуу таасир эткен маанилүү тармактардын бири болуп саналат.

Азыркы ѳнѳр жай кадрлардын квалификациясынын мындан жогору деңгээлин жана аларды даярдоодо башкача мамилени талап кылат. Бул кѳйгѳй текстиль, ювелир, фармацфевт, ѳнѳр-жай, курулуш материалдарын ѳндүрүү, айыл чарба ѳнүмдѳрүн кайра иштетүү сыяктуу тармактарда өзгөчө курч кѳрүнүп турат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет Кыргыз Ресубликасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматын угуп, тѳмѳнкүдѳй чечим кабыл алды:

1.      Кыргыз Ресубликасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы эске алынсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:

-  Кыргыз Республикасындагы ѳнѳр жай жана ѳнѳр жай саясаты жѳнүндѳ мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын;

- жаңы рынокторго жана ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө жана тышкы рынокторду өздөштүрүүдө стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө талдоо жүргүзсүн;

- биргелешкен ишканаларды түзүү жана башкалар аркылуу Кыргызстанга чет ѳлкѳлүк өнөр жай компанияларын тартуу үчүн шарттарды түзсүн;

-  массалык маалымат каражаттары жана интернет ресурстар аркылуу чет өлкөлөрдө кыргыз продукцияларынын маркетингин күчөтсүн;

- токтоп турган өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү механизмин иштеп чыксын;

- өнөр жай секторуна лизингдик кызматтарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыксын;

- жергиликтүү калк менен инвестициялык бизнес-долбоорлорду ишке ашыруунун оң факторлору жөнүндө түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзсүн;

- окутуунун заманбап программаларын киргизсин, ошондой эле студенттердин практикалык көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн ЖОЖдор ишканалар менен кызматташсын;

- өнөр жай чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо механизмдерин түзсүн;

- өнөр жайды өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын башкаруунун эл аралык тажрыйбасын изилдеп чыксын жана бул тажрыйбаны Кыргызстанда адаптациялоо жана киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талдап чыксын.

Кен казып алуу чѳйрѳсүндѳ:

- чет өлкөгө чийки заттарды жана материалдарды экспорттоону азайтуу үчүн шарттарды түзсүн жана мыйзамдык базаны өркүндөтсүн.

Тамак-аш ѳнѳр жайы чѳйрѳсүндѳ:

- айыл чарба кооперативдерин кеңейтүү, заманбап технологияларды айыл чарба ѳндүрүшүнѳ киргизүү аркылуу тамак-аш ѳнѳр жайы үчүн айыл чарба чийки заттарын жана материалдарды жеткирүү тутумун жакшыртсын.

Жеңил ѳнѳр жайы чѳйрѳсүндѳ:

- ата мекендик айыл чарба чийки заттарын жана материалдарын кайра иштетүүчү жана пайдалануучу текстиль ишканаларын түзүүгө дем берсин;

- продукцияны, маркалоону жана электрондук коммерцияны илгерилетүү үчүн шарттарды түзсүн.

3. Кабыл алынган чечимдердин жыйынтыктары жөнүндө Комитетке 2023 - жылдын 1-мартына чейин маалымат берсин.

4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык  комплекс, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктѳлсүн.

 

 

 

Комитеттин тѳрагасы                                                         А. Турсунбаев