Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин экинчи окууда кабыл алынган “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна 2022-жылдын 25-октябрындагы КОРУТУНДУСУ

04-11-2022
15:55

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 19-майындагы кир. №6-9627/22) “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары – Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

         Мыйзам долбоору кооптуу өндүрүш объекттеринин тизмесинен аттракциондор колдонулган объектилерди, ошондой эле турак жайларды, өндүрүштүк эмес имараттарды жана курулмаларды газ менен камсыз кылууга арналган төмөнкү жана орточо басымдагы жаратылыш газын же суюлтулган көмүр суутек газынын төмөнкү жана орто басымдагы газ бөлүштүрүүчү тармактарын жана газ керектөө тармактарын чыгарууга багытталган.

Мыйзам долбоору экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябрындагы № 484-VII-токтому менен кабыл алынган.

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууга кароого даярдоонун жүрүшүндө Комитет Жогорку Кеңештин Аппаратынын тийиштүү структуралык бөлүгү менен бирдикте, беренелердин жана алардын структуралык элементтеринин ортосундагы туура өз ара байланышты, алардын мазмунун өзгөртпөстөн, орнотуу үчүн редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү киргизди.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет төмөнкүдөй корутундуга келди:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине сунушталсын.

2. Мыйзамдын бул долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин отурумунда кароодо төмөндөгүлөр баяндамачы болуп аныкталсын:

- Комитеттин корутундусу боюнча – Комитеттин төрагасы
А.А. Турсунбаев;

- мыйзам долбоору боюнча – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А. Кутманова.

 

 

 

Комитеттин төрагасы                                                        А. Турсунбаев