Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 1-ноябрындагы КОРУТУНДУСУ

09-11-2022
14:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары - Комитет) “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.

Өлкөнү өнүктүрүүнү баалоонун негизи катары Кыргыз Республикасын макроэкономикалык өнүктүрүүнүн үч макроэкономикалык сценарийи (базалык, пессимисттик, оптимисттик) салынган. Болжолдун бардык үч сценарийи тышкы шарттардын жана ички факторлордун таасирлеринин бирдиктүү болжолдорунун негизинде иштелип чыккан, алар учурдагы жылга жана кийинки жылдарга өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө таасир тийгизиши мүмкүн.  

ИДПнын өсүүсүнүн реалдуу арымы 2023-жылы 4,9 %, 2024-жылы 4,4% жана 2025 4,5 % деңгээлинде экономика тармактарынын өсүүсүнүн эсебинен жетишилет1 : өнөр жай (2023-ж. – 8,0 %, 2024-ж. – 5,0%, 2025-ж. – 4,6 %), кызмат көрсөтүү чөйрөсү (2023-ж. – 4,5 %, 2024-ж. – 4,4 %, 2025-ж. – 4,8 %), курулуш (2023-ж. – 5,0 %, 2024-ж. – 6,5%, 2025-ж. – 6,1%), айыл чарбасы (2023-ж. – 2,2 %, 2024-ж. – 2,3 %, 2025-ж. - 2,4 %).  

ИДПда өнөр жайдын үлүшү 2023-ж. 17,8%дан 2025-ж. 17,3%га чейин төмөндөйт (2024-ж. – 17,6%). Кумтөрдү эсепке албаганда өнөр жайдын салыштырма салмагы 2023-жылы 10,2%дан 2025-жылы 10,4%га чейин көбөйөт. ИДПда курулуштун салыштырма салмагы 2023-жылы 8,3%дан 2024-жылы 8,5%га чейин көбөйөт (2025-ж. – 8,6%). Айыл чарбасынын салыштырма салмагы 2023-жылы 13,9%, 2025-ж. 13,5% (2024-ж. – 13,6%) түзөт.

2023–2025-жылдарда өнөр жайда өсүү тийиштүү түрдө 8,1%, 4,9% жана 4,2% болжолдонууда, бул иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу ишинин, туруп калган өндүрүштү жандандыруунун, жана Талды-Булак Солжээк (Левобережный), Бозымчак, Иштамберди, Жерүй жана Чаарат кен чыккан жерлерде кендин көлөмүн өстүрүүнүн эсебинен болду.

Каралып жаткан мезгил үчүн Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо өнөр жайда (2023-ж. 5,8%, 2024-ж. – 5,0%, 2025-ж. - 7,6%) өсүү болжолдонууда, ал өнөр жайдын төмөнкү тармактарында өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду:

- тамак-аш азык-түлүгүн (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын өндүрүүдө туруктуу суроо-талап болгон нанды, унду, сүт азыктарын, эт азыктарын жана туруктуу суроо-талап байкалган башка тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча ишканалардын туруктуу иштешинин эсебинен (2023-ж. – 4,4%га, 2024-ж. – 4,2%га, 2025-ж. – 5,5%га);

- текстиль өндүрүшүндө: кийим-кечек жана бут кийим, булгаары жана башка тери буюмдарын өндүрүүдө ( 2023-ж. – 5,0%га, 2024-ж. – 5,0%га, 2025-ж. – 5,0%га). Өсүү, «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧК текстиль-тигүү өндүрүш өнөр жай паркын түзүү; Чүй облусунда «Текстиль Транс» ЖЧКсынын базасында текстиль пахта кластерин түзүү сыяктуу жеӊил өнөр жайында ири артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун эсебинен болжолдонууда;

- резина жана желим буюмдарды, металл эмес башка минералдык буюмдарды республиканын курулуш секторун андан ары активдештирүүнүн эсебинен өндүрүү (2023-ж. – 4,9%га, 2024-ж. – 2,9%га, 2025-ж. – 2,1%га).

- машиналардан жана жабдуулардан тышкары негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарды өндүрүү (2023-ж. – 11,8%, 2024-ж. – 5,9%, 2025-ж. - 4,6%) Жерүй кен чыккан жеринде өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүнүн эсебинен болду. Кумтөр кен чыккан жеринде, Бозымчак, Талды-Булак Солжээк, Иштамберди, Караказык жана Жамгыр өстүрүүнүн кен чыккан жердеги рудаларды мунай өндүрүүчү ишканаларда өндүрүүнүн эсебинен;

- пайдалуу кен казып алуу (2023-ж. – 4,1%, 2024-ж. – 5,4%, 2025-ж. - 3,4%). Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү металл рудаларын, таш жана кара көмүр кендерин көбөйтүүнүн эсебинен жетишилет;

- электр энергиясы, газ, буу жана кондиционер абалары менен камсыздоо (жабдуу) (2023-ж.-1,6%га, 2024-ж. - 1,8%га, 2025-ж. – 1,8%га). Төрт гидроагрегатты алмаштырууну, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоону кошкондо, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо боюнча бардык үч фазаны аяктоонун натыйжасында электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмүн калыбына келтирүү болжолдонууда. Камбарата ГЭС-2 экинчи агрегатын ишке киргизүү белгиленүүдө. Үч-Курган ГЭСин реабилитациялоо, чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Бюджеттин киреше бөлүгү

2023–2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн түзүү 2023–2025-жылдарга республиканы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун, өткөн жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасыннын, 2022-жылы кирешелердин түшүүсүн баалоонун базасында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча жыйынында жактырылган бюджеттин киреше бөлүгүнүн параметрлерин, ошондой эле бюджеттик ресурстарды тескөөчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен ишке ашырылган.

2023–2025-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги параметрлери Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин кирешелери 2023-жылы 322 766,0 млн. сом суммасында же ИДПнын 34,8% каралууда. 2022-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам (мындан ары-бекитилген бюджет) менен бекитилген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу республикалык бюджеттин кирешелери 14,4% га же 40 653,2 млн. сомго көбөйөт. 2024– 2025-жылдар мезгилинде республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 389 211,5 млн. сомду жана 443 829,8 млн. сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелеринин курамында салыктык кирешелер 2023-жылы 263 746,7 млн. сомду (ИДП 28,5%), 2024-жылы – 330 253,8 млн. сомду (ИДП 32,3%), 2025-жылы – 387 748,5 млн. сомду түзөт (ИДП 34,4%). Салыктык кирешелердин орточо жылдык өсүү арымы үч жылдык мезгилге 118,6%ды түзөт.

Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2023-жылы – 39 221,9 млн. сом (ИДП 4,2 %), 2024-жылы – 45 547,0 млн. сом (ИДП 4,5%) жана 2025-жылы – 46 136,6 млн. сом (ИДП 4,1 %) каралууда.

 

Жер казынасын пайдалануу үчүн салык

 

2023–2025-жылдарга бонустардын түшүүлөрү тийиштүү түрдө 361,3 млн. сом , 379,4 млн. сом жана 398,3 млн. сом өлчөмүндө пландалууда.

2023-жылы роялтиден түшүүлөр 4 674,5 млн. сом өлчөмүндө, 2024–2025-жылдарда тийиштүү түрдө 5 407,6 млн. сом жана 5 969,6 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда. Стратегиялык пайдалуу кендерди (алтын, мунай, газ) кошпогондо, роялти жыйымдары республикалык бюджетке – 50 %, жергиликтүү бюджетке - 50% чегерилет.

 

Кумтөрдүн дүӊ кирешесине салык

 

Кумтөрдүн дүң кирешесине салыктык түшүүлөрдүн эсеби Кумтөр боюнча макулдашууда аныкталган дүң кирешеден 13% коюм менен 2023–2025-жылдарга Кумтөр өндүрүшүнүн болжолдонуучу көлөмүнүн негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, Кумтөрдөн дүң кирешесине салыктын суммасы 2023-жылы 12 420,4 млн. сом, 2024–2025-жылдарда тийиштүү түрдө 13 881,7 млн. сом жана 14 622,4 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Ошондой эле, жогоруда аталган Макулдашууга ылайык 2023–2025-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүүгө ар жылы Кумтөр кенинин дүң кирешесинен 4% өлчөмүндө сумма каралган. Бул жыл сайын түшүүчү сумма 2023–2025-жылдарга тийиштүү түрдө 3 227,0 млн. сом, 3 821,0 млн. сом жана 4 271,0 млн. сом өлчөмүндө болжолдонгон.

 

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

 

2023-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске алуусуз 344 029,2 млн. сом деңгээлинде же ИДП 37,1 % түзөт, ал 2022-жылдын бекитилген бюджетинен (291 234,6 млн. сом) 52 794,0 млн. сомго көп. Финансылык активдерди эске алуу менен республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 382 165,9 млн. сом деңгээлинде түзүлгөн, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен – 314 754,6 млн. сом, ал 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата (257 441,8 млн. сом) 57 312,8 млн. сомго көп, атайын эсептин каражаттары – 19 840 млн. сом, бул 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата (14 461,6 млн. сом) 5 378,4 млн. сомго көп, мамлекеттик инвестициялардын каражаттары - 47 571,3 млн. сом. 2024–2025-жылдардагы мезгилге финансылык активдерди эске алуусуз республикалык бюджеттин чыгымдары тийиштүү түрдө 375 807,4 млн. сомду жана 420 314 млн. сомду түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

 

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин аппараты) 2023-жылга чыгымдары 43,9 млн. сом суммасында 2022 - жылдын бекитилген бюджетине карата 72,6 млн. сомго азаюу менен каралган, анын ичинде бюджеттик каражаттар - 34,1 млн. сом, 2022- жылдын бекитилген бюджетине карата 73,4 млн. сомго же 68,3%га азайган атайын эсептин каражаттары - 9,8 млн. сом, 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 0,8 млн. сомго көбөйгөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 2023- жылга мамлекеттик инвестициялардын каражаттары 9 134,8 млн. сом, 2024 жана 2025- жылдарга тиешелүү түрдө 10 947,2 млн. сом жана 5 132,0 млн. сом суммасында каралган.

“Башка категорияларга кирбеген экономикалык маселелер” бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2023-жылга 43,9 млн. сом суммасында каралган, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен 34,1 млн. сом, 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 73,4 млн. сомго азайган, атайын эсептин каражаттарынын эсебинен 9,8 млн. сом, 0,8 млн. сомго көбөйгөн.

Каражаттар энергетика жаатындагы саясатты ишке ашырууга, отун-энергетикалык комплексти жөнгө салууга, отун-энергетикалык комплекс чөйрөсүндө ишкердик ишти лицензиялоого жана тарифтик саясатка ылайык электр жана жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына тарифтерди белгилөөгө, жөнгө салынуучу тарифтер боюнча калкка берилүүчү жылуулук энергиясын субсидиялоого каралган.

Комитет бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануусуна көзөмөлдүү күчөтүү, тармактын алдына коюлган милдеттерди так жана кыйшаюсуз аткаруу зарылчылдыгын белгилейт.

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

 

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин чыгымдары 2023-жылга 934,8 млн. сом суммасында каралган, 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 138,7 млн. сомго көбөйгөн, анын ичинде бюджеттик каражаттар 590,0 млн. сом, 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 110,8 млн. сомго, же 15,8 %га азайган, атайын эсептин каражаттары 344,9 млн. сом, 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 329,8 млн. сомго көбөйгөн.

 

Мамлекеттик ишканалардын (анын ичинде энергетика секторунун) республикалык бюджеттин алдындагы карызы

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондунун мамлекеттик ишканалардын бюджетке болгон карызы жана бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо боюнча, анын ичинде трансферттер, рекредиттөө жана энергетика секторундагы карыздарды реструктуризациялоо боюнча маалыматы (2022-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча).

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, жалпы суммасы 6 393,35 млн. сомго бюджеттик кредиттер бөлүнүп берилген, алардын ичинен иш жүзүндө 2 237,44 млн. сом берилген. “Электр станциялары” ААКсына 5 913,27 млн. сом бөлүнгөн, иш жүзүндө 1 757,36 млн. сом берилген, иш жүзүндө 11,06 млн. сом кайтарылган, карыздын калдыгы 1 793,26 млн. сом.

 

Карыздарды реструктуризациялоо

 

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык “НЭС Кыргызстан” ААКсынын 7 615,97 млн. сом суммасындагы жана “Электр станциялары” ААКтын бюджеттик кредиттер боюнча 2 629,55 млн. сом суммасындагы төлөмдөрүн кийинкиге калтыруу жолу менен бюджеттик кредиттер боюнча карызы реструктуризацияланган.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык, жалпы суммасы 6 650,0 млн. сом бюджеттик кредит бөлүнгөн, анын ичинен иш жүзүндө 6 650,0 млн. сом берилген, анын ичинде:

 

Саны

 Аталышы

Келишим боюнча негизги сумма

Иш жүзүндө алынган

Иш жүзүндө кайтарылганы

Карыздын калдыгы

3

Бардыгы

6 650,0

6 650,0

16,94

6 654,31

1

“Электр станциялар” ААК

5 950,0

5 950,0

16,94

5 953,77

2

“Кыргызжылуулукэнерго” МИ

200,0

200,0

0

200,18

3

“Кыргыз темир жолу” МИ

500,0

500,0

0

500,36

 

2022-жылдын 1-сентябрына карата абал боюнча 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык “Электр станциялары” ААКсына жалпы суммасы 7 555,6 млн. сом бюджеттик кредиттер бөлүнгөн, алардын ичинен иш жүзүндө 660,0 млн. сом берилген, иш жүзүндө 0,41 млн. сом кайтарылган, карыздын калдыгы - 660,19 млн. сом.

Комитет алынган акча каражаттарын өз убагында кайтаруу боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүү жана мындан ары төлөмдөрдү мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөө зарылчылдыгын белгилейт.

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө чыгымдар

 

Мамлекеттик карыздын учурдагы абалы

2022-жылдын 31-июлуна карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү (ички + тышкы) 5 213,04 млн АКШ доллар (433 589,72 млн. сом) түздү, анын ичинен:

- 80,8 % мамлекеттик тышкы карыз түзөт: 4 212,13 млн. АКШ доллар (350 339,95 млн. сом);  

- 19,2 % мамлекеттик ички карыз түзөт: 1 000,91 млн. АКШ доллар (83 249,77 млн. сом).

Мамлекеттик тышкы карыз 250дөн ашык кредиттен турат, алардын көпчүлүгү (98%дан ашыгы) 0,10-2,0% пайыздык коюм жана 40 жылга чейинки тындыруу мөөнөтү менен жеңилдетилген шарттарда берилген. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ), Инфратүзүмдүк Инвестициялар Азия банкынан (ИИАБ) жана Даниядан тартылган кредиттерди кошпогондо, бардык тышкы зайымдар белгиленген пайыздык коюмда берилген.

Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨК) жана Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) мамлекеттик тышкы карыздын бардык портфелинин 73%ын көрсөтүүчү ири кредиторлор болуп саналат. Мындан кийин Эл аралык валюталык фонд жана Япония тиешелүү түрдө 8 жана 4 пайыз көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2023-жылы – 48 625,4 млн сом, 2024-жылы – 64 670,6 млн сом, 2025-жылы-75 063,3 млн сом багыттоо пландалууда.

Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөө боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарына 2023-жылы – 34 215,7 млн. сом, в 2024-жылы – 43 908,7 млн. сом, 2025-жылы – 51 181,9 млн. сом багыттоо пландалууда.

Жалпы мамлекеттик чыгымдар

(2022-2024-жылдарга мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр)

 

“Электр станциялары” ААКсынын жана “НЭСК” ААКсы энергетикалык компанияларынын уставдык капиталын көбөйтүүгө тийиштүү түрдө 10 800,3 млн.. сом 2023-жылга жана 2024–2025-жылдарга 55 847,3 млн.. сом жана 57 065,8 млн.. сом бөлүнгөн.

Камбар-Ата ГЭСин курууга 816,7 млн.. сом 2023-жылга жана 621,4 млн.. сом 2024-жылга каралган.

 

Мамлекеттик инвестициялар (МИ)

2023-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде мамлекеттик инвестицияларды бардык булактардан бюджеттик каржылоонун жалпы суммасы 139 377,9 млн. сомду түзөт. Муну менен катар зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоо үлүшү 132 531,2 млн. сомду (каржылоонун жалпы суммасынын 95,1 %) түзөт, МИ долбоорлорун кош каржылоого 5 6 846,7 млн. сом (4,9 %) багытталат.

Олуттуу чыгымдар энергетикалык секторго туура келет – 25 214,0 млн. сом. Энергетикалык сектордо “Токтогул ГЭСин реаблитациялоо II Фаза” (АӨБ, ЕАБР), “Токтогул ГЭСин реаблитациялоо III Фаза” (АӨБ) “Жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу” (ДБ), “CASA-1000” долбоору (ДБ, ЕИБ11, ИӨБ), “Камбар Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргирзүү” (ЕАӨБ), “Үч–Курган ГЭС реабилитациялоо” (АѲБ) жана башкалар. Көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасында энергетикалык тармакты маанилүү жакшыртууга мүмкүндүк берет жана коңшу мамлекеттер ортосунда электр энергиясын алмашуунун, ошондой эле транзиттик ток өткөрүүнү көбөйтүүнүн жагымдуу негизин түзөт. Мындан тышкары, “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуулугу” долбоорун ишке ашыруунун башталышы күтүлүүдө (ДБ, SECO). Бул долбоордун негизги максаты электр энергетика секторунун финансылык көрсөткүчтөрүн, операциялык ишенимдүүлүгүн жана социалдык туруктуулугун жакшыртуу болуп саналат.

 

Секторлор боюнча тышкы каржылоону бѳлүштүрүү 

                                                                                                                             млн.сом

Сектор

2018 факт

2019 факт

2020 факт

2021 факт

2022 бекит.

2023 проект

2024 прогноз

2025 прогноз

Энергетика

3356,21

4 979,56

3 625,55

8 224,07

8 423,08

9 105,41

10 933,32

5 098,75

Башкалар(ѲК,IT,Курч ап турган чѳйрѳ)

250,61

894,59

910,72

2 514,42

4 055,99

7 522,84

7 925,31

4 631,82

 

Комитет тышкы кредиттерди алууга өтө жоопкерчиликтүү жана этият болуу, долбоорлорду тыкан изилдеп, алардын арасынан өзүн өзү кыска мөөнөттүн ичинде актай алган, Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүүсүнө көбүрөөк салым кошо тургандарын гана тандап алуу зарылчылдыгын белгилейт.

 

Бюджеттин тартыштыгы

Республикалык бюджеттин тартыштыгы 2022-жылдын бекитилген бюджетине карата 12 141,5 млн. сомго көбөйүү менен 2023-жылга карата 21 263,2 млн. сомду, же ИДПга карата 2,3 %ды түзөт. 2023-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга каржылоо булактары 21 263,2 млн. сом суммасында каралган.

Бюджеттин тартыштыгын ички булактар боюнча каржылоого 283,5 млн. сом суммасында оң сальдо каралган, анын ичинен:

Ички булактардан түшүүлөр 48 072,3 млн. сомду түзөт, анын ичинен:

- мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшүүлөр 16 000 млн. сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебиндеги калдыктар 1 857 млн. сом;

 - мамлекетик менчикти менчиктештирүүдѳн 17 800 млн. сом;

- бюджеттик ссудаларды кайтаруу 12 415,3 млн. сом.

Ички булактардан тындыруу – 45 788,8 млн. сомду түзөт, анын ичинен:

- ички карыздын негизги суммасын тындыруу – 7 227,1 млн. сом;

- МЖӨнүн шарттуу милдеттенмелери– 425 млн. сом;

- бюджеттик кредит – 2 172,5 млн. сом;

- акциялар жана капиталга катышуунун башка формалары – 23 732,5 млн. сом;

- кредиттерди жана гранттарды мамлекеттик инвестицияга рекредиттөө – 12 231,7 млн. сом.

Тышкы булактар боюнча 18 979,7 млн. сом суммасында оң сальдо каралган, анын ичинен:

 Тышкы булактардан түшүүлөр 46 212,5 млн. сом, анын ичинен:

- мамлекеттик инвестициялар боюнча кредиттер 29 459,2 млн. сом;

- программалык зайымдар – 16 753,4 млн. сом.

Тышкы карыздын негизги суммасын тындырууга – 27 232,8 млн. сом.

2024-жылга республикалык бюджеттин профицити 13 404,0 млн. сомду, же ИДПга карата 1,3 %ды түзөт. 2025-жылга республикалык бюджеттин профицити 23 515,8 млн. сомду, же ИДПга карата 2,1 %ды түзөт.

 

Комитет «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 71-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Эсептөө палатасынын корутундулары жок экендигин белгилейт.

 

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди:

1. “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун концепсиясы жактырылсын.

2. Бул корутундунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жөнөтүлсүн.   

 

Комитеттин төрагасы                                              А.А. Турсунбаев