Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасын газ менен камсыз кылуу жана газдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы ЧЕЧИМИ

24-11-2022
09:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан арыКомитет) Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалыматын угуп, төмөнкүлөрдү белгилейт.

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Кыргыз Республикасындагы газ менен жабдуу тармагындагы иши Россия Федерациясынын ϴкмөтү менен Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн 2013-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газын ташуу, бөлүштүрүү жана сатуу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу менен жөнгө салынат.   

Аталган Макулдашуунун «Компаниянын ишин камсыз кылуу» аттуу
5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын негизги кепилдиктеринин бири болуп төмөнкүлөр саналат:

         - компаниянын («Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын) же анын укук мураскерлеринин Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрү үчүн арналган жаратылыш газын импорттоого болгон өзгөчө укугу;

         - компания тарабынан Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө сатылуучу газдын баасын компаниянын газды сатып алуу, ташуу, сактоо чыгымдарынын жана анын иши менен байланышкан башка чыгымдардын суммасынын жана 12 пайыздан кем эмес өлчөмдөгү пайда ченеминин деңгээлинде белгилөө;

         - Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө газды ташууга, ошондой эле жаратылыш газын сактоого болгон тарифтерди белгилөөгө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кийлигишпөөсү.

         Россия тарап, өз кезегинде, төмөнкүдөй негизги кепилдиктерди берүүгө милдеттенет:

         - компанияга таандык газ инфратүзүмүн модернизациялоого жана реконструкциялоого компаниянын уставдык капиталындагы 100-пайыздык үлүшкө болгон укук менчиги катталган датадан тартып 5 жылдын ичинде 20 млрд. рублден кем эмес өлчөмдө инвестиция жасоого;

         - компаниянын жабдууларын жана магистралдык газ түтүктөрүн өнүктүрүүгө жана модернизациялоого;

         - Кыргыз Республикасына жаратылыш газын жеткирүү үчүн болгон техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды эске алуу менен жаратылыш газын Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө үзгүлтүксүз берүүгө;

         - Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө жаратылыш газын түзүлгөн контракттарда каралган көлөмдөрдө берүүнү кепилдөөгө;

         - эмгек акы, ишке орношуу деңгээли жана социалдык чөйрөнүн объектилерин пайдалануу жаатындагы социалдык программаны ишке ашырууга;

         - жаратылыш газын өткөрүүнүн ички рыногун кеңейтүүгө.

2015-жылдын январында Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин газ менен камсыз кылуунун жана газдаштыруунун башкы схемасын  сунушталып, анын базасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын инвестициялык программасы иштелип чыккан.

 

Кыскача мүнөздөмө:

АТАЛЫШЫ

ЧЕН. БИРДИГИ

Магистралдык газ түтүктөрү

812 чак.

Бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү

4 миң чак.

Компрессордук станция

1 бирд.

Газ бөлүштүрүүчү станциялар

25 бирд.

Газ өлчөгүч станциялар («Чүй» өлчөө түйүнү)

1 бирд.

Керектөөчүлөрдүн саны

380 миң

Сатылуучу газдын жылдык көлөмү

374 млн. куб. м.

 

 

Жалпы маалымат

 

Компаниянын иши башталган учурдан тартып жаратылыш газын ташуунун көлөмү 70%га (4 млрд. куб. метрден 7 млрд. куб. метрге чейин) өстү, ал эми жаратылыш газын сатуунун көлөмү 80%га (209 млн. куб. метрден 374 млн. куб. метрге чейин) өстү. Ушуну менен бирге, керектөө көлөмү «Калк» категориясы боюнча эң көп өскөндүгү байкалат (55%га).

Керектөөчүлөрдүн жалпы саны 2014-жылдагы 291 миңден 2021-жылы 367 миңге чейин көбөйдү (өсүш 20%дан жогору).

Республиканы газдаштыруунун деңгээли 2014-жылдагы 22%дан 2022-жылы 38%га чейин өстү.

 

Газ берүү

 

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрүнө газ берүү үчүн «Газпром Экспорт» ЖЧКсы (Россия) менен 1000 куб метри 150 АКШ доллары турган: түндүккө 300 млн. куб.м., түштүккө 60 млн. куб.м. өлчөмүндөгү контракттар түзүлгөн.  

 

Инвестициялык ишмердик

 

Иш башталгандан бери КРнын газ инфратүзүмүн өнүктүрүүгө жана жаңылоого 28 млрд. сомдон ашык каражат инвестицияланды. Компания бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 600 млн. сомдон ашык каражат төлөп берди.

Компания иштеген мезгилдин ичинде төмөнкүдөй ири долбоорлор аяктады:

  • 112 чакырымдык «Бухара газтектүү району – Ташкент – Бишкек – Алматы» газ түтүгүнүн магистралынын курулушу жана аны реконструкциялоо;
  • 42 жаңы конуш жана калктуу пункттар боюнча 1100 чакырымдан ашык көчө боюндагы газ тармактарын куруу. Газга туташуу мүмкүнчүлүгү 45 миңден ашык үй ээликтерине же 200 миңдей жашоочуга берилди;
  • Бишкек-2 газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо;
  • Сокулук газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо;
  • Токмок газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо;
  • Кант газ бөлүштүрүүчү станциясын реконструкциялоо;
  • «Бишкек-Кант-Токмок» тармагынын 67 чакырым газ түтүгүн реконструкциялоо;
  • Чүй областынын Ленинское айылындагы  Автомобилдик газтолтуруу компрессордук станциялар (мындан-ары АГТКС) реконструкциялоо;
  • 31 400 кв. метрден ашык өндүрүштүк имараттардын курулушу;
  • Автотехника паркы 80%га жаңыртылды;
  • 100 чакырымдан ашык ишенимсиз газ түтүктөрүнө капиталдык ремонт жүргүзүлдү.

     

        

2023-жылга чейинки пландар

 

         «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын 2022-жылга карата инвестициялык программасы өзүнө төмөнкү объектилерди камтыйт:

  • Токмок АГТКСнин реконструкциялоо;
  • Чүй областынын 2 калктуу пункту боюнча бөлүштүрүүчү тармактын курулушу;

2022-жылга карата 3 объект боюнча курулуш-монтаждоо иштеринин планы - 40 чакырым,

         Комитет газ тармагы калктын жашоо-тиричилигин камсыздоодо абдан зор ролду ойной тургандыгын, өлкөнүн өндүрүштүк күчтөрүн өнүктүрүүнүн маанилүү түзүмдүк курамы болуп саналарын белгилейт. Ушуга байланыштуу 2023-2024-жылдарга планды түзүүдө республиканын учурдагы отун-энергетикалык балансын, ошондой эле энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу зарыл.

 

 

Маалыматтарга ылайык, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы өлкөнү жигерлүү газдаштырууну камсыз кылууда. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы иш жүргүзгөн мезгилде 42 жаңы конушта жана калктуу пункттарда 45 миң үй чарбасын камтыган 1 миң чакырымдан ашык бөлүштүрүүчү газ түтүктөрү тартылды.

 

Калктуу пункттарды жана жаңы конуштарды газдаштыруунун динамикасы

 

 

2016-ж.

2017-ж.

2018-ж.

2019-ж.

2020-ж.

2021-ж.

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Бишкек ш. жаңы конуштары:

Салам-Алик

Көк-Жар

Кара-Жыгач

Чалбай

Киргизия

Рухий-Мурас

Жениш

Ала-Тоо

Ак-Ордо

Маданият

Ынтымак

 

Кайынды

Көлмө

Ак-ϴргө

Учкун

Алтын-Ордо

 

Керамическая

Кара-Жыгач

Арча-Бешик

Достук

 

 

Щербакова

Ак - Ордо

 

Аска - Таш

 

 

Бурдинская

Ак - ϴргө

 

Алтын - Бешик

 

 

Керемет

Арча-Бешик

 

 

 

 

Касым

 

 

 

 

 

Балабан-Таймаш

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чүй областы:

Чүй жана Ош област- тары:

Чүй областы:

Чүй областы:

Чүй областы:

Чүй областы:

Мыкан а.

Кара-Балта ш.

Сокулук а.

Гавриловка а.

Чоң-Арык а.

Көк-Жар а.

 

Сокулук а.

Люксем- бург а.

Романовка а.

Гавриловка а.

 

 

с.Люксем бург

Токмок а.

Александровка

Александр- овка а.

 

 

Токмок ш.

Шопоков ш.

 

 

 

 

Шопоков ш.

Кант ш.

 

 

 

 

Кант ш.

 

 

 

 

 

Ленинское а.

 

 

 

 

 

Жапалак а. (Ош)

 

 

 

 

БАРДЫГЫ: 10

БАРДЫГЫ:6

БАРДЫГЫ:9

БАРДЫГЫ: 7

БАРДЫГЫ:6

БАРДЫГЫ:2

 

Жаратылыш газына болгон тариф

 

Жаратылыш газына болгон тарифтин түзүмүнө Кыргыз Республикасынын чегиндеги жаратылыш газынын сатып алуу наркы киргизилген. «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы келгенге чейин (2014-жылдын октябрына чейин) жеткирип берүүчүдөн жаратылыш газын сатып алуунун наркы төмөнкүдөй болгон:

  • өлкөнүн түндүгүндө – 224 доллар - 1000 куб. м. үчүн «Казтрансгаз» АКда;
  • өлкөнүн түштүгүндө – 290 доллар 1000 куб. м. үчүн «Узтрансгаз» АКда.

2014-жылдын октябрында чек арадагы сатып алуу баасы 1000 куб. м. үчүн 224/290 доллардан 165 долларга чейин арзандатылган.

         2016-жылдын мартында жаратылыш газынын сатып алуу баасы 1000 куб. м. үчүн 165 доллардан 150 долларга чейин кошумча арзандатылгандыгы жарыяланган.

         2022-жылдын ноябрына карата республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын тарифтери 1 м3 үчүн 18,10869 сомду, өнөр жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн, КНСти жана сатык салыгын эске алганда, 1 м3 үчүн 22,06154 сомду, сатык салыгын эске албаганда, 1 м3 үчүн 21,86631 сомду түздү.

АКШ долларынын курсу өсүп кетүүсү менен байланышкан тобокелчиликтерди азайтуу жана газ менен камсыздоо чөйрөсүндө туруктуу ишти камсыз кылуу максатында, Комитет жаратылыш газын сатып алууга болгон бааны төмөндөтүү багытында (АКШ долларынын курсунун өсүүсүнө барабар) кайра карап чыгуу, ошондой эле жаратылыш газын берүү үчүн эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

         Төмөндө газдын чыккан жерине жараша КМШ өлкөлөрү боюнча түпкү керектөөчүлөр үчүн жаратылыш газына болгон тарифтерге талдоо берилди.

                                                                                                      

  №1 таблица

                            Жаратылыш газынын 1м. кубу үчүн тарифтер

 

Жаратылыш газын өндүргөн өлкөлөр

Жаратылыш газынын 1м. кубу үчүн тарифтер

Азербайжан

$0,12 (0,2 манат)

Казакстан

$ 0,07 (29,5 тенге)

Россия

$ 0,01 (7,2 руб.)

ϴзбекстан

$ 0,03 (350 сум)

 

 

 

Жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр

Жаратылыш газынын 1м. кубу үчүн тарифтер

Армения

$0,25 (121,0 драм)

Грузия

$ 0,36 (0,95 лари)

Беларусь

$ 0,18 (0,46 рубль)

Украина

$ 0,33 (9,29 гривень)

Кыргызстан

$ 0,22 (17,3 сом)

        

                                     1000 м. куб жаратылыш газынын  баасы

 

Жаратылыш газын импорттоочу өлкөлөр

1000 м. куб жаратылыш газынын  баасы

Бир жылдык сатып алуулардын көлөмү млн. м. куб. менен

Армения

$ 165

2 000 млн. м3

Грузия

Ачык маалымат булактарында маалыматтар берилген эмес

Беларусь

$ 127

20 000 млн. м3

Украина

$ 250

32 000 млн. м3

Кыргызстан

$ 150

306 млн. м3

        

         Таблицалардан көрүнүп тургандай, башка импорттоочу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргыз Республикасы сатып алган жаратылыш газынын көлөмү (керектөөсү) чоң эмес.

Ошол эле учурда, газды импорттогон ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү газдын наркы, алардын салыштыргыс чоң көлөмдөрүнө жана сатык баасынын төмөндүгүнө карабастан, болжол менен ушундай эле деңгээлде турат (2-таблица).

                                                                                                                             №2 таблица

 ϴлкөлөр

Сатып алуу баасы

(USD менен              1 миң м3 үчүн)

Жаратылыш газын керектөө
(жылына млн. м3 менен)

Калк үчүн газдын тарифи*

(USD менен            1 миң м3 үчүн)

Ташуу жана сатуу чыгымдары (ФОТ, эксплуатациялык чыгымдар, ремонт ж.б.), (USD)

2022 год

Беларусь

127

20 000

180

53

Кыргызстан

150

374

215

65

Армения

165

2 000

279

114

Тажикстан (алюминий заводу жана Дүйшөмбү ш. ЖЭБи үчүн гана)

120

140

170

50

 

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Комитет Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын маалыматын угуп, төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

1.      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын маалыматы эске алынсын.

2.      Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына төмөнкүлөр сунушталсын:

-  калкты жаратылыш газы менен камсыз кылууну көбөйтүү боюнча максаттарды эске алуу менен газдаштыруунун жаңы долбоорлорун иштеп чыксын;

-    социалдык газдаштыруу программасын иштеп чыксын;

         - газдаштырууну мындан ары өнүктүрүү үчүн газ транспортунун инфратүзүмүн модернизацияласын;

  • керектөөчүлөрдү артыкчылык тартибинде газ менен жабдууну коопсуз жана үзгүлтүксүз камсыз кылсын;

- газдын техникалык жоготууларынын деңгээлин азайтуу боюнча иштерди күчөтсүн;

  • Кыргыз Республикасында газ транспортунун жарактан чыккан инфратүзүмүнө анын энергетикалык коопсуздугунун камсыздоо үчүн талдоо жүргүзсүн;

- ата мекендик ишканалардын геологиялык изилдөөлөр жана келечектүү газ чыккан жерлерди чалгындоо, иштеп чыгуу боюнча иштерин күчөтсүн;

- газ менен жабдуу тутумунун тармактарына кошулуу наркын азайтуу багытында тарифтерди кайра карап чыксын;

- газ тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлордун инвестициялык жагымдуулугуна баа берилсин;

- мамлекеттик жана муниципалдык жылуулук менен камсыздоочу уюмдардын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына болгон жаратылыш газы үчүн карыздарынын толук жана өз убагында төлөнүүсүн камсыз кылсын;

- “2022-2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасында газ моторлуу отундун -  кысылган жаратылыш газынын рыногун өнүктүрүү программасын” иштеп чыксын жана бекитсин.

3.      Ушул чечимдин аткарылышынын жыйынтыктары тууралуу
2023-жылдын 28-апрелине чейин Комитетке маалымат берилсин.

4.      Бул чечимдин аткарылышын  көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

 

Комитеттин төрагасынын

         орун басары                                                             М.М. Мураталиев