Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого кѳрсѳтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 2022-жылдын 22-ноябрындагы ЧЕЧИМИ

24-11-2022
09:51

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети (мындан ары – Комитет) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.Д. Мамасадыковдун 2022-жылдын 25-октябрындагы кир. № 6-21375/22, Кыргыз Республикасынын энергетика министри
Т.О. Ибраевдин 2022-жылдын 15-ноябрындагы кир. № 6-22751/22,
№ 6-22752/22 жана “Токтогул ГЭСтеринин каскады” АККнын директору
А.О. Тайчабаровдун 2022-жылдын 26-августундагы кир. № 6-16915/22 сандуу сунуштамаларын карап чыгып, төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

1. 2022-жылдын 22-декабры – энергетиктердин кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
З.Д. Мамасадыковдун, Кыргыз Республикасынын Энергетика министри
Т.О. Ибраевдин жана “Токтогул ГЭСтеринин каскады” АККнын директору А.О. Тайчабаровдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөндө көрсөтүлгөн кызматкерлерди сыйлоо жөнүндөгү сунуштамалары жактырылсын:

1) Керимкулов Омурказы Жакшибекович – “Электр станциялары” ААКнын Таш-Көмүр ГЭСтердин каскадынын филиалында оңдоп-түзөө, куруу бөлүмүнүн башчысы;

2) Камчыбеков Азизбек Медетович - “Электр станциялары” ААКнын филиалы Таш-Көмүр ГЭСтер каскадынын Үч-Коргон ГЭСнин директорунун жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча орун басары;

3) Абдыжапаров Адилет Жолоочуевич – Ат-Башы ГЭСнин ыкчам диспетчерлер кызматынын 4-разряддагы гидроагрегат машинисти;

4) Алимбеков Бектурсун Усанбаевич – “Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын” Үч-Коргон ГЭСнин электр участкасынын ГЭС жабдууларын оңдоо боюнча 4-разряддагы электрослесары;

5) Дуйшенов Сулайман Кочорбаевич – “Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын” Таш-Көмүр ГЭСнин гидротехникалык участогунун
5-разряддагы жыгач устасы;

6) Кульманбетов Анарбек Абдужаббарович – “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” жылуулук менен жабдуу цехинин жылуулук түйүндөрү участогунун 6-разряддагы электргазширеткичи;

7) Майнаев Дуйшалы Калыбекович – “Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскадынын” Шамалды-Сай ГЭСнин машиналык участкасынын суу турбина жабдыктарын оңдоо боюнча слесардын ишин аткаруучу 5-разряддагы токары;

8) Токтобеков Самат Билалович – Ат-Башы ГЭСнин гидротехникалык участогунун 4-разряддагы электрослесары;

9) Турдиев Нургазы Жаныбекович – Камбар-Ата ГЭСнин турбиналык цехинин мастери;

10) Турусбеков Бейшеналы Курманбекович – “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” Токтогул ГЭСинин турбиналык цехинин гидротурбиналык жабдууларды ондоо боюнча 6-разряддагы слесары;

11) Муратбек уулу Камил – Камбар-Ата ГЭСинин ыкчам тобунун нѳѳмѳт цехинин улук башчысы;

12) Ашыков Бакытбек Нышанбаевич – “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” Коммуналдык ишканалар комбинатынын канализация участогунун 4-разряддагы электргазширетүүчүсү;

13) Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл кызматынын директору;

14) Акматова Айнура Алмазбековна – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинин адам ресурстарын башкаруу жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

15) Ачикеев Жолдошбек Ишенбаевич – “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын улуттук тармактар башкармалыгынын башчысы;

16) Джусупбеков Болот Джаныбекович – Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

17) Ташмаматов Калыйбек Турдубекович – “Чакан ГЭС” ААКнын Аламүдүн ГЭС каскадынын турбиналык участогунун улук мастери;

18) Сулайманов Арапбай Апекович – “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын Жалал-Абад филиалы электр тармактар ишканасынын көмөкчордонунун нөөмөтчү электриги;

19) Кайыпов Таштанбек Байгазиевич – “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын Нарын филиалы электр тармактар ишканасынын көмөкчордондор кызматынын башчысынын орун басары;

20) Толбашиев Эрлан Анданкулович – “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын Талас филиалы электр тармактар ишканасынын көмөкчордондор кызматынын 5-разряддагы аккумуляторчусу;

21) Манапбаев Уланбек Курманбаевич – “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын Талас филиалы электр тармактар ишканасынын тармактарды бөлүштүрүү кызматынын башчысы;

22) Жаныбеков Бапа Раевич – “Кыргыз Энергетикалык Эсеп Борбору” ААКнын башкы директору;

23) Ниязбеков Медетбек Көкумбаевич – “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” Токтогул ГЭСи каскадынын Күрпсай ГЭС электр цехинин мастери;

24) Токсоналиев Азизбек Мыктыбекович – “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” юридикалык бөлүмүнүн башчысы.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссиясына Комитеттин ушул чечимин колдоо сунушталсын.

3. Комитеттин ушул чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссиясына жиберилсин.

 

 

Комитеттин төрагасынын

орун басары                                                              М.М. Мураталиев